Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18
Жо Байден
Жо Байден

АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү.

Добуш берүүнүн картасын бул жерден көрсөңүз болот.

Ири шаарларда коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатат

Айрым штаттардын губернаторлору Улуттук Гвардияга жана өлкөдөгү соода тармактарынын кожоюндарына президенттик шайлоодон кийинки ыктымал башаламандыкка даяр турууну эскертишти.

Вашингтондун борборунда бир нече ишкана жана мамлекеттик мекемелер имараттарынын терезе-эшиктерин бекемдеп жапты.

Нью-Йоркто болсо көптөгөн дүкөн, ресторан жана мейманканалар да коопсуздук чараларды көрүштү. Дал ушундай эле көрүнүш Дэнвер, Миннеаполис жана Лос-Анжелесте бар. АКШда чоң соода түйүндөрү быйылкы коронавирус пандемиясы жана жайындагы протесттерден улам ири зыянга учураган.

Афроамерикалык Жорж Флойду полиция кызматкерлери кармоо учурунда өлтүрүп алган соң Кошмо Штаттарда бир нече айга созулган демонстрациялар болгон.

3-ноябрда өтүп жаткан президенттик шайлоонун жыйынтыгына карабай өлкө боюнча митинг жана демонстрациялар өтөөрү күтүлүп жатат.

Массачусетс, Иллинойс, Орегон штаттарынын губернаторлору Улуттук гвардиянын аскерлерин башаламандыкка даяр болууга чакырды.

АКШда бул жолу президенттик шайлоонун жыйынтыгы адаттагыдан көпкө созулчудай болуп турат. Буга пандемиядан улам көптөгөн жарандардын почта аркылуу добуш бергени себеп болушу мүмкүн.

Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп өзү күткөндөй жыйынтык болбосо сотко кайрыларын эскерткен. Бул өз кезегинде шайлоонун расмий жыйынтыгын кечигип жарыялоого жол ачышы мүмкүн.

Добуш берүү жүрүп жатат

АКШда бул жолу президенттик шайлоонун жыйынтыгы адаттагыдан көпкө созулчудай болуп турат. Буга пандемиядан улам көптөгөн жарандардын почта аркылуу добуш бергени себеп болушу мүмкүн.

АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG