Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29
Жо Байден
Жо Байден

АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү.

Добуш берүүнүн картасын бул жерден көрсөңүз болот.

Лос-Анжелесте добуш берүүгө келген шайлоочулардын көңүлүн көтөргөн музыканттар

Президент Трамп америкалыктарды добуш берүүгө чакырды:

АКШда шайлоо күнү биржаларда акциялардын баасы көтөрүлдү

3-ноябрда АКШнын бир катар фондулук биржалары бир нече пайыздык жогорулоо менен жабылды. “France-Presse” жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, президенттик шайлоо күнү “Dow Jones” индекси 2,1 пайызга көтөрүлүп, өткөн аптадагы жоготуулардын бир бөлүгүн калыбына келтирди.

“S&P 500” биржасы 1,8 пайызга, технология компаниялары көпчүлүктү түзгөн “NASDAQ” индекси 1,9 пайызга жогорулады.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо жүрүп жатат. Анда Республикалык партиядан президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

Кайсы бир талапкер шайлоону жеңип чыгышы үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болушу керек. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу 100 миллиондой шайлоочу алдын ала добуш берди. Мындан улам адистер айрым штаттарда шайлоонун толук жыйынтыгы дароо чыгарылбай турганын, себеби добуш саноого көбүрөөк убакыт кетерин билдирип жатышат.

Алгачкы добушканалар жабыла баштады

Кошмо Штаттардын чыгыш тарабындагы Индиана жана Кентукки штаттарында айрым добушканалар жабыла баштады. Бир сааттан кийин кайсы талапкерге добуш берери акырына чейин белгисиз болуп турган Флорида штатында да шайлоо жыйынтыкталат.

Бирок бир топ штаттарда добуш берүү дале уланууда. Маселен Аляскада шайлоо Бишкек убактысы боюнча чак түшкө чейин токтобойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG