Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07
Жо Байден
Жо Байден

АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү.

Добуш берүүнүн картасын бул жерден көрсөңүз болот.

Көп штаттарда Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден алдыга озуп баратат. Азыркы президент Дональд Трамптын штабы негизги деп эсептелген эки штатта добуштардын кайра саналышын талап кыларын билдирди.

Америкалык маалымат каражаттары 4-ноябрдын кечинде Жо Байден маанилүү деп эсептелген Мичиган менен Висконсинде алдыга чыкканын жазып чыгышты.

Ошону менен азырынча демократтардын талапкери, 77 жаштагы Байден шайлоо коллегиясынын 253 добушу менен алдыда баратат. Трампта 214 добуш бар. Ал эми жеңиш үчүн 270 добуш зарыл.

Трамптын шайлоо штабы айрым штаттарда добуштардын кайра саналышын талап кыларын билдирди. Байден Висконсинде добуштардын 49,6% алса, Трамптыкы 48,9% болгон.

АКШнын мыйзамы боюнча талапкер эгер атаандашы экөөнүн ортосундагы айырма бир пайыздан төмөн болсо добуштардын кайра саналышын талап кыла алат.

Азырынча Аризона жана Невадада Байден бир аз алдыда. Эгер ал ушул штаттарда жеңсе, жетиштүү добуш жыйнап, президент боло алат.

Ал эми Трамп Жоржия, Түндүк Каролина жана Пенсильвания штаттарында алдыга озуп баратат.

Бул штаттарда миллиондогон бюлеттендер саналып жаткандыктан, шайлоонун жыйынтыгы өзгөрүп кетиши да мүмкүн.

Демократтардын атынан президенттикке ат салышып жаткан Жо Байден 4-ноябрдын кечинде маалымат жыйын өткөрдү.

"Ар бир добуш саналышы керек. Эч ким биздин демократиябызды тартып ала албайт. Азыр дагы, келечекте дагы. Америка бул үчүн узак жылдар бою күрөшкөн. Мындайды болтурбаш үчүн көп азап-тозоктон өткөн. Биздин оозубузду эч ким тыя албайт. Биз коркпойбуз, багынбайбыз. Мен жеңип чыгарыбызга ишенем. Бирок ал менин же биздин эмес, америкалыктардын, Америка демократиясынын жеңиши болот. Биз утканда көк жана кызыл штаттар болбойт", - деди Жо Байден.

Шайлоонун алдында Трамп коронавирус пандемиясынан улам почта аркылуу добуш бергендердин көп болушу жыйынтыктын бурмаланышына жол ачарын бир нече ирет айткан, бирок ага далил келтирген эмес.

Ошондой эле Трамптын штабы Мичиган сотуна добуштардын кайра саналышын талап кылып арыз жазды. Алардын жүйөсү боюнча, республикачылардын байкоочулары айрым добуш бекеттеринде бюлеттендерди саноого көз сала алышкан эмес.

4-ноябрда Трамп «Твиттердеги» баракчасына «кечээ демократтар башкарган же көзөмөлдөгөн маанилүү көп штаттарда алдыда баратканын, көп өтпөй биринин артынан бири сыйкырдуу жол менен жоголо баштады» деп жазып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган болушу мүмкүн экенин кыйытты.

Дүйнөнүн 57 мамлекетинде, анын ичинде мурдагы Советтер Союзуна кирген республикаларда шайлоонун жүрүшүнө көз салып келген Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Трамптын билдирүүсүн сынга алып, добуш берүүнүн жыйынтыгынын бурмаланышы тууралуу далилдер болбогонун маалымдады. Уюм ошондой эле АКШдагы президенттик шайлоо "атаандаштыкта жакшы өткөнүн" белгиледи.

Шайлоо комиссиясынын кызматкерлери жүз миллиондогон почта аркылуу алдын ала добуш бергендердин бюлеттендерин санап жатышат.

Мыйзамга ылайык, көп штаттарда, анын ичинде Пенсильвания менен Мичиганда, алдын ала берилген добуштар шайлоо күнүнө чейин саналбайт. Ошол себептен аларды эсептөө иштери создугуп жатат.

Бишкек-Вашингтон алакасы кандай болот?

Кошмо Штаттардын кийинки президентинин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга саясаты кайсы багытта өнүгөт? Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Вашингтон менен Бишкектин ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү баштала элек. Ушул тапта Бишкектеги жаңы бийлик башка өлкөлөрдөн колдоо издеп жатканы белгилүү.

"Азаттык" саясат тануучу Эмил Жороевду кепке тартты:

Бишкек - Вашингтон алакасы кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:16 0:00
Түз линк


Невада штатында добуштарды саноо 5-ноябрга чейин токтотулду

Невада штатынын бийлиги президенттик шайлоодо бюллетендерди саноону 5-ноябрга чейин токтотконун жарыялады. Мындай чечим жөнүндө түшүндүрмө берилген жок.

Дональд Трамп менен Жо Байдендин ортосундагы атаандаштык курч өткөн бул штаттын шайлоо комиссиясы 3-ноябрда почта аркылуу берилген добуштарды жана протоколдорду саноо, айрым жарандардын добуш берүүсүнө байланыштуу талаштуу маселелерди чечүү зарыл экенин билдирди.

Невада - добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялана элек алты штаттын бири. Андан сырткары Жоржия, Мичиган, Түндүк Каролина, Пенсильвания жана Висконсин штаттарында да добуштар саналып бүтө элек.

Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден шайлоодон утушу үчүн ушул штаттардын жок дегенде үчөөнөн жеңишке жетиши керек. Акыркы маалыматтар боюнча, президент Трамп шайлоочулар коллегиясынын 213, анын атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден 224 добушуна ээ болууда. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ин алган талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Азырынча республикачылардын талапкери Дональд Трамп да, демократтардын атынан шайлоого катышкан Жо Байден да шайлоочулар коллегиясынын жетиштүү добушун топтой элек. Бишкек убактысы боюнча кечки саат төрткө карата 50 штаттын 40тан ашыгынын алгачкы жыйынтыктары жарыяланды.

Ага ылайык, президент Трамп шайлоочулар коллегиясынын 213, анын атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден 224 добушуна ээ болууда. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ин алган талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Шайлоонун тагдырын чечери кабарланып жаткан Пенсильвания, Мичиган, Висконсин сыяктуу бир нече штатта миллиондогон добуш саналып бүтө элек.

Бирок президент Трамп 4-ноябрга оогон түнү Вашингтондо тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, эрте эле “шайлоону жеңгенин” айтты. Ал Флорида, Огайо сыяктуу чечүүчү штаттарда атаандашын чоң айырма менен артта калтырганын, Пенсильванияда да алдыга чыкканын белгиледи. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу Жогорку сотко кайрыларын да ишарат кылды.

“Америка элине укмуштуудай колдоо көрсөткөнү үчүн рахмат айтам. Бүгүн бизге миллиондогон, миллиондогон адам добуш берди. Абдан капаланган бир топ ал адамдардын укугуна шек келтиргенге аракет кылды. Биз ага чыдабайбыз. Биз чоң майрамга камданып жатканбыз. Биз баарын жеңип жатканбыз жана кокустан эле токтоп калды. Бүгүн биз укмуштуудай жыйынтык көрсөттүк”, - деп билдирди Дональд Трамп.

Мунун алдында Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Уилмингтон шаарында тарапкерлерине кайрылып, бюллетендерди саноо созулуп кетиши мүмкүндүгүн айткан. Ошондой эле Аризона, Миннесота штаттарында алдыга чыкканын белгилеп, чечүүчү штаттардын бири деп саналган Пенсильванияда да жеңерине ишенип турганын кошумчалаган.

“Биз жыйынтыктарды эң эрте дегенде таң менен билишибиз мүмкүн. Бирок мен айтып келаткандай, андан да узагыраак созулушу мүмкүн. Мен да, Дональд Трамп да шайлоону ким утканын жарыялай турган жерде эмес. Бул Америка элинин чечими. Бирок мен жыйынтыкка оптимисттик көз караштамын”, - деди демократтардын талапкери.

Шайлоонун алдындагы сурамжылоолор Байден Трамптан өлкө боюнча сегиз пайыз алдыда келе жатканын көрсөтүп жаткан эле.

Кошмо Штаттардагы бул шайлоо коронавирус пандемиясы күчүндө турган шартта өттү. Мындан улам буга чейин болуп көрбөгөндөй көп шайлоочу же 100 миллиондой адам 3-ноябрга чейин эле алдын ала добуш беришти. Буга чейин Трамп почта аркылуу добуш берүү бурмалоолорго жол ачарын бир нече жолу айткан. Бирок ага далилдерди келтирген эмес.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү. Эки жылдан бери Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөп келген демократтар Сенатта көпчүлүккө ээ болууну максат кылып жатат. Ал үчүн партия дагы төрт кошумча мандатка ээ болушу кажет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG