Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47
Жо Байден
Жо Байден

АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү.

Добуш берүүнүн картасын бул жерден көрсөңүз болот.

АКШнын президенти Дональд Трамп тарапкерлерине кайрылды

АКШнын президенти Дональд Трамп 4-ноябрда Вашингтондо тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөдү. Ал добуштар дале саналып жатканына карабай шайлоону жеңгенин айтып, Флорида, Огайо сыяктуу чечүүчү штаттарда атаандашын чоң айырма менен артта калтырганын, Пенсилванияда да алдыга чыкканын белгиледи. Мындан тышкары бул шайлоодо өзүнүн тарапкерлеринин добуш берүү укугуна шек келтирүү аракети болгонун билдирип, бирок анын чоо-жайын так түшүндүргөн жок. Трамп шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу Жогорку сотко кайрыларын да ишарат кылды.

«Бул биздин өлкө үчүн оңтойсуз жагдай. Биз бул шайлоону жеңип чыгууга даярданып жатканбыз. Чынында биз бул шайлоону жеңдик», - деди Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп. 4-ноябрь, 2020-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп. 4-ноябрь, 2020-жыл.

Анын алдында Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден быйыл алдын ала добуш бергендер көп болгондуктан бюллетендерди саноо көп убакыт аларын айткан. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын добуш берүүчүлөр гана чечерин, бир катар штаттардагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына оптимисттик көз карашта турганын билдирген. Ал Аризона, Миннесота штаттарында алдыда келатканын белгилеп, чечүүчү штаттардын бири болуп саналган Пенсилванияда да жеңерине ишенип турганын кошумчалаган.

АКШда Пенсилваниядан тышкары Висконсин, Мичиган, Түндүк Каролина, Жоржия, Аризона, Невада штаттарында добуштар толук саналып бүтө элек. Бул шайлоодо 100 миллиондой америкалык жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланган.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат. Азырынча Дональд Трамп коллегиянын 213, Байден 224 добушуна ээ болууда.

Байден тарапкерлерине кайрылды

Мурдагы вице-президент Жо Байден, 4-ноябрь 2020-жыл.
Мурдагы вице-президент Жо Байден, 4-ноябрь 2020-жыл.

Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Делавэр штатынын Уилмингтон шаарында тарапкерлеринин алдына чыкты. Ал быйыл алдын ала добуш бергендер көп болгондуктан бюллетендерди саноо көп убакыт алаарын айтты. Ошондой эле бир катар штаттардагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына оптимисттик көз карашта турганын билдирди. Ал Аризона, Миннесота штаттарында алдыга чыкканын белгилеп, чечүүчү штаттардын бири деп саналган Пенсильванияда да жеңерине ишенип турганын кошумчалады.

Республикалык партиянын талапкери, президент Дональд Трамп да жакынкы сааттарда кайрылуу жасай турганын “Твиттер” аркылуу билдирди. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгын ийгилик катары сыпаттап, шайлоону “уурдоо” аракети болуп жатканын, бирок ага жол берилбей турганын жазды.


АКШда бир катар штаттарда добуштар толук саналып бүтө элек. Бул шайлоодо 100 миллиондой америкалык жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды.

40тай штаттан келип жаткан баштапкы жыйынтыктарга ылайык, Трамп (209) менен Байден (208) үзөңгүлөш келе жатат. Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

28 штатта алдын ала жыйынтык белгилүү болууда

АКШдагы 50 штаттын жарымынан көбүндө кайсы талапкер алдыда келе жатканы белгилүү болду. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп Алабама, Арканзас, Айдахо, Индиана, Канзас, Кентукки, Луизиана, Миссисипи, Миссури, Түндүк жана Түштүк Дакота, Оклахома, Теннеси, Юта жана Батыш Виржиния (Виргиния) штаттарында алдыга чыгууда.

Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Калифорния, Колорадо, Коннектикут, Делавэр, Массачусетс, Нью-Гэмпшир, Нью-Мексико, Нью-Жерси, Нью-Йорк, Орегон, Вермонт, Род-Айленд, Вашингтон штаттарында жана Колумбия округунда добуштардын көбүн алганы кабарланууда.

Мындай алдын ала тыянакка ылайык, учурда Трамп шайлоочулар коллегиясынын кеминде 103 мүчөсүнүн добушуна ээ болууда. Байден шайлоочулар коллегиясындагы бери дегенде 161 добушту топтоду.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат. Баштапкы эсептөөлөргө ылайык, Дональд Трамп чечүүчү штаттардын бири деп саналган Флоридада (шайлоочулар коллегиясынын саны: 29) жана Огайодо (18) алдыда келе жатат.

Бул шайлоодо 100 миллиондой америкалык жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды. Андыктан айрым штаттарда добуштарды саноо мурдагы шайлоого салыштырмалуу узагыраак убакытты талап калышы мүмкүн экени кабарланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG