Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Орусия: жапырт кармалып, аскерге айдалган мигранттар


Орусиядагы мигранттаржы жапырт кармоо учуру. Архивдик сүрөт.
Орусиядагы мигранттаржы жапырт кармоо учуру. Архивдик сүрөт.

Жаңы жыл түнүндө Санкт-Петербургда үч миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Анын көбүнүн документтеринде мүчүлүштүктөр аныкталып, бир тобу Орусиядан депортациялана турганы белгилүү болду.

Мигранттарды жапырт кармоо Москва жана башка шаарларда да катталды. Орусияда акыркы айларда күч алган мигранттарды жапырт кармоолордо орус жарандыгы барлар аскер комиссариаттарына жиберилип жатканы маалым болгон.

Ири шаарлардагы кармоолор

Санкт-Петербург шаарындагы соңку жапырт кармоолорду алгач баш кеңсеси аталган шаарда жайгашкан “Фонтанка.ру” басылмасы жазып чыкты. Мекеме маалыматты укук коргоо органдарындагы булактарынан алганын маалымдап, кармалган мигранттардын бир бөлүгү Орусиядан депортацияланарын билдирди.

“Жаңы жыл түнү үч миңдей чет элдик жарандар Петербургдун борбордук бөлүгүндөгү полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Кармалгандардын 600дөн ашыгынын документтеринде Орусиянын миграциялык мыйзамдарына байланыштуу түрдүү мүчүлүштүктөр аныкталды. Алардын баары административдик протоколдорду жаңы жылга “белек” катары алышты. Ошол эле маалда 100дөн ашык адам Орусия Федерациясынын аймагынан сыртка чыгарылышы мүмкүн”, – деп жазды “Фонтанка.ру”.

Мунун артынан башка басылмалар – “Новая Газета Европа”, Meduza, Коммерсантъ, Mash сыяктуу медиалар жана түрдүү Телеграм-каналдары да жапырт кармоолор тууралуу кабарлашты. Алар Санкт-Петербургдан сырткары Москвада жана башка шаарларда да мигранттар кармалганын такташты.

“Бумага: всё о Петербурге” деп аталган Телеграм-канал Санкт-Петербургдагы, Sota деп аталган Телеграм-канал Москвадагы кармоолордун сүрөтүн да жарыялады. Алар "полиция “базадан эреже бузууларды издөө” шылтоосу менен негизинен метролордун кире беришинде адамдарды токтотуп жатканын” жазышты.

Мындагы маалыматтарда башка шаарларда 350дөн 500гө чейин мигранттар кармалганы кабарланды.

Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандык мигрант Фархад “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:

“Биз ал күндөрү үйдө эле болдук да, эч жакка чыккан жокпуз. Ошо майрам күндөрү “текшерүү катуу жүрүп жатат” деп биздеги WhatsАpp, Telegram тайпаларда жазып жатты. Бул бир чети күнүмдүк эле көрүнүш да, болгону ошол маалда майрамда көчөгө адамдар көп чыгат деп рейд жүргүзүшкөн окшойт. Буга көнүп калганбыз. Башында Орусияда аскерде кызмат өтөп келгендерди кармап, согушка мажбурлап жөнөтүү аракеттери болгон. Менин тааныштарыма да ошентип чакыруу келип, алар Кыргызстанга кетип, кутулушту. Текшерүү кыргыз, өзбек, тажик мигранттарына карата күчөп кетти. Бирок бир кармаганда 3 миңдей адам кармалган болсо, бул кыйла эле көп. Алар, балким, "жыйынтык көрсөтөбүз” ушундай кылышкан окшойт”.

Кармоолордун максаты - согушка тартуу

Москва Украинага согуш ачкан 2022-жылы Орусиянын жарандыгын алган борбор азиялыктарды согушка тартуу өнөктүгү да башталган. Алгачкы айларда орусиялык армияда же Орусиянын чет жактагы базаларында кызмат өтөгөн чет элдиктер тартылып келген. Кийин орус паспортун алган мигранттардын текшерүүгө кабылгандары аскер комиссариаттарына жиберилип жатканы ачыкка чыккан.

“Новая Газета Европа” басылмасы соңку кармоолорду да кокустан чыккан нерсе эмес, ушул аракеттердин уландысы экенин жазып, анын максаты “Украинадагы согушка кошумча күч тартуу” экенин кабарлады. Медиа күч кызматтарындагы булактарына таянып, соңку текшерүү учурунда эле “1500дөй адамды Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлап көндүргөнүн” билдирди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкармалыгында иштеген кызматкер анонимдүү негизде “Новая Газета Европа” басылмасына буларды айтып берген:

“Мунун баары “мобилизациянын экинчи толкуну болот” деген имиштен башталган. Бийлик башындагылар “мобилизация болбойт, армияга өз ыктыяры менен келип жатат” деп чыгышпадыбы. Ошол “ыктыярдуу” деген сөз бир аз апыртма да. Биздин жетекчибиз “Санкт-Петербургдун өзүнөн эле 7 миңдей “ыктыярчыны” табыш керек” деген тапшырма койгон. Бирок аскер адамдары мынчалык жыйналарынан шек санаган. Мында болсо Орусия Федерациясынын жарандыгын жаңыдан алгандар чыгып калды. Балким, жаран болбосо деле Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлай турган адамдарды табыш керек”, – деген басылманын булагы.

Мигранттарды акмалап турган орусиялык полиция кызматкери. Архивдик сүрөт.
Мигранттарды акмалап турган орусиялык полиция кызматкери. Архивдик сүрөт.

Орусияда мигранттарга каршы тинтүү жана кармоо базарларда, курулуш аянтчаларында, жатаканаларда, мечиттерде жана башка жерлерде жүрүп келет. Полиция кызматкерлери мындай рейддерди аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү менен бирге уюштуруп, кармалгандарга дароо армияга чакыруу тапшырууда.

Укук коргоочулар мунун фонунда Орусиядагы мигранттарга пропаганданын курмандыгына айланып, согушка барбоону эскертип жаткан. Анын үстүнө көп мамлекеттерде, анын ичинен Кыргызстанда чет жактагы согуштук аракеттерге аралашуу кылмыш болуп саналат.

Орусия Украинага согуш ачкан алгачкы күндөрдөн бери эле борборазиялык мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенип келген Валентина Чупик чет элдиктерге кайрылып, тезирээк мекенине чыгып кетүүгө чакырып келет. Ал “Азаттыктын” кыргыз, өзбек жана тажик кызматтарына буга чейин курган маектеринде да ушуну эскерткен.

Чупик украиналык Freedom телеканалына 2-январда курган маегинде буга дагы да кененирээк түшүндүрмө берди:

Валентина Чупик
Валентина Чупик

“Жалпысынан, жарандарды мажбурлап мобилизацияга тартуу былтыркы жылдын январь айынан бери ачык байкалбайт. Ошол эле маалда Орусиянын жарандыгын жаңыдан алган чет элдиктер жана Орусиянын жарандыгы бар, бирок славян эмес адамдарды согушка мажбурлап тартуу аракети уланууда. Тилекке каршы, биздей укук коргоочулар жана жарандык алган адамдардын мурдагы өлкөлөрүнүн элчиликтери аларга жардам бере албайбыз. Анткени алар Орусиянын жарандыгын алышты жана жаңы милдеттерди да өз моюнуна жүктөп алышты. Алар өз аракеттерине өздөрү күнөөлүү жана паспорт алуу менен коргоо укугунан ажырады. Тиешелүү органдар мындай жарандарды кантип коркутуп, кантип азгырып жатат? Биринчиден, “келишим түзсөң, дароо паспорт аласың” деп алдашат, экинчиден, “паспорт албасаң, сени депортация кылып жиберебиз” коркутушат”.

Украинада орус армиясы 2022-жылы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Кийин бул компания жоюлганы ушул эле милдетти Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу "Редут" компаниясы аткара баштаган. Согушка Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кыргызстандын жарандары дагы тартылып, кан күйгөн салгылашта каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү 2023-жылдын башында алып келе баштады.


Согушка кетип, дайыны чыкпаган мигранттарды издөөгө юристтер дагы көмөктөшүүдө. Алардын сөзүнө караганда, балдарын, күйөөлөрүн издеп, абактан таба албай калгандар дале арбын. Алар орус-украин согушуна эки тараптан тартылган кыргызстандыктардын саны 200гө жакын, каза болгондордун саны 50-60 деп эсептешет. Арасында орус паспортун алгандар дагы бар.

Орусияда соңку бир жылда мигранттарга каршы рейддер күчөп, катаалдашкан талап-эрежелер иштей баштагандыктан, Кыргызстанга депортация болгондордун саны да өскөн. Согушка азгырык жана катаал талаптар Орусиядагы мигранттардын көпчүлүгүн башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз кылды.

Мурдараак Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашык болчу. Расмийлер соңку бир-эки жылда дээрлик 200 миңге жакын же 40 пайызга кыскарганын ырастайт. Кыргызстандык мигранттардын көбү АКШга, Европа жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө барууга умтулууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG