29-июнда Брюсселде өткөн жыйындан кийинки пресс-конференцияда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу өтө тез жүргөнүн айтты.
2011-жылы АКШ баштаган коалициянын контингенти 130 миң аскерден турса, 2014-жылдын этегине карай эл аралык күчтөрдүн басымдуу бөлүгү ооган жергесинен алынып чыккан. Ушу тапта жергиликтүү армияны машыктыруу жана колдоо миссиясын аткарган 13,5 миңдей жоокер гана калган, алардын жарымы америкалыктар.
Ал эми НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аскерлерди чыгаруу чечими туура кабыл алынган деп жооп кайтарды:
- Биз ооган куралдуу күчтөрүн машыктырууну эртерээк башташыбыз керек эле. Өлкө коопсуздугун камсыздоону тезирээк өз колуна алышмак. НАТОнун согуштук операцияларын токтотуп, кеңеш берүү жана машыктыруу миссиясына өтүү чечими жаңылыш болгон эмес. Алыскы перспективадан алганда "Талибан" жана башка террордук уюмдарга каршы күрөшүп, коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алгыдай кылып шарт түзүү германиялык, британиялык, норвегиялык же альянстын башка жоокерлерин кармоодон алда канча жакшыраак.
Маалыматтарга караганда Мэттис жабык эшик артындагы жыйында өнөктөштөр ооган аскерлерин машыктырууга көбүрөөк адистерди жиберүүгө тийиш деп басым жасады.
- Аскерлер дагы деле жетишпей жатат. Биз ошол боштуктун 70 процентин толтуруп келатабыз. Бул жерде айтылгандар оптимизм жаратат. Өнөктөштөр, НАТОго кирбеген шериктеш өлкөлөр менен сүйлөшүү мен үчүн маанилүү болчу. Апта башында болсо Биргелешкен штабдардын командачысы Ооганстанда болуп кеткен. Жыйында сөз болгон маселелерди Вашингтонго кайтып барганда командачы менен талкуулайбыз. Рекомендацияларды президент Трампка сунуш кылып, өкмөттүн жаңы стратегиясын аныктайбыз.
Америкалык маалымат каражаттары Трамп администрациясы дагы 3-5 миң жоокерди жөнөтүүнү караштырууда деп жазышат. Алар талип согушкерлерине каршы согушуп келаткан ооган өкмөттүк күчтөрүнө туңгуюктан чыгууга жардам беришмекчи.
Мэттис жыйындан кийин уруш тынбай жаткан өлкөдөгү аскерий операция качан аяктарын айтуу кыйын экенин, согуш өзү “болжолдонбогон феномен” деп билдирди.
Баш катчы Столтенберг болсо НАТО Ооганстанга кошумча контингент жөнөтөрүн айтып, бирок так санды атаган жок.
- Бүгүн биз Ооганстанда тынчтык орнотууга дилгирлигибизди бышыктадык. 2017-жылы да колдоо миссиябыз улана бермекчи. Биздин аскерий жетекчилерибиз дагы бир нече миң жоокер керек дешет. Биз Ооганстандагы контингентибизди кеңейтебиз деп бышыктайм. Ай башындагы конференцияда 15 мүчө-мамлекет салымын көбөйтөрүн билдиришкен. Бүгүнкү жыйында да убадалар айтылды.
Маселен, Британиянын коргоо министри Майкл Фаллон жыйын алдында Лондон Ооганстанда ушу тапта кызмат өтөп жаткан 500 аскерге кошумча дагы 100 чактысын жөнөтөрүн айткан.
Ооганстан коргоо мекемесинин маалымат катчысы Мохаммад Радманиш НАТОнун чечимин кубаттады жана ооган армиясы машыктыруучуларга, оор артиллерияга жана сапаттуу аба күчтөрүнө муктаж деп билдирди. Ошол эле маалда депутат Мохаммад Зекира Савда скептикалык көз карашын ортого салып, Түндүк альянс жана АКШ 130 миңге жакын аскери турган чакта ооган жергесине тынчтык алып келе албаганын белгиледи.
НАТО ошондой эле коргонуу тармагына кетчү чыгымдарды атоого тийиш. Жалпы жонунан 2017-жылдын бюджети 280 миллиард доллар деп белгиленген. Столтенберг АКШдан башка өнөктөштөр коргонуу чыгымдарын быйыл 4,3 процентке көтөрүшөрүн бир нече күн мурун айткан.
26-майда Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушууда президент Дональд Трамп альянстын көпчүлүк өлкөлөрү аскерий чыгымдарын коюлган максатка ылайык көбөйтпөй жатат деп сындаган эле. Министрлер бул жолку жыйында ошондой эле терроризм, киберчабуулдар өңдүү глобалдуу проблемаларга каршы күрөшүү жолдорун талкуулашты.