Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

"Талибан" "жазгы чабуулун" жарыялады


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстанда "Талибан" жазгы чабуулдарын баштай турганын жарыялады. Бул жолу ал чет элдик аскерлерге каршы багыттала турганын билдирүүдө. Акыркы күндөрү эле Ооганстанда согушкерлердин кол салуусунан ондогон карапайым тургун жана аскер мерт болду. Бул быйыл күздө өтө турган шайлоого даярдыктарды татаалдаштырууда.

25-апрелде Интернетке чыккан билдирүүсүндө "Талибан" "Ал-Хандак" деп аталган чабуул “америкалык баскынчыларга каршы багытталат" деп жарыялаган. Анда чабуул тууралуу чечимди “Талибандын” “аскер комиссиясы” кабыл алганы белгиленет.

Чабуулдун "Ал-Хандак", кыргызча айтканда, "казылган аң" деп аталганынын себеби - 627-жылы Сауд Арабиясынын Медина шаарында 3000 мусулман аң казып, мусулман эместердин жана жөөттөрдүн бир айлык чабуулуна туруштук бергенине барып такалат. Куралдуу топтун бул билдирүүсү Ооганстанда кандуу чабуулдар күчөп турган учурда чыкты.

24-апрелде согушкерлердин колунан Ооганстандын Фарах жана Газни провинциясында кеминде 11 аскер жана полиция кызматкери өлдү. 23-апрелде да 18 жоокер жана коопсуздук кызматкери мерт болгон. “Талибандын” басма сөз катчысы Забихулла Мужахид куралдуу кыймыл Газнидеги кол салууну мойнуна алаарын билдирди.

Ал эми 22-апрелде Кабулдун шайлоочуларды каттоо борборундагы жанкечтинин жардыруусунан 60тай киши көз жумган. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" аттуу террордук топ алган.

Кабулдагы жардыруудан кийин. Кабул, 22-апрель, 2018-жыл.
Кабулдагы жардыруудан кийин. Кабул, 22-апрель, 2018-жыл.

Ооганстанда күздө өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүлө башталгандан кийин бул өлкөдө утур-утур чабуул коюла баштады.

Шайлоого каттоо борборунун коопсуздук кызматкери Сома Зиармал акыркы окуялар шайлоо жараянына тескери таасир этип жатканын моюнга алды:

- Кечээги окуя (Кабулдагы жардыруу) шайлоочуларды каттоого алуу жараянын татаалдаштырууда. Коопсуздуктун начардыгы шайлоо жараянына таасирин тийгизип, акыр аягында элдин шайлоого аз катышуусуна алып барат. Бирок бул мүшкүлдөргө карабай биз элди өлкөбүздүн келечеги үчүн бул улуттук жараяндан оолак калбоого үндөп жатабыз.

Ооганстанда парламенттик шайлоо 2015-жылы эле өтмөк, бирок саясий жана коопсуздук маселесинен улам азыркы парламенттин ыйгарым укуктары президенттин жарлыгы менен улам узартылып келген.

Ооганстандын Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын башчысы Абдул Бади Саяд "Талибан” көзөмөлдөгөн аймактардагы тоскоолдуктарга карабастан, 20-октябрда шайлоо өтөөрүнө ишеним бар экенин билдирүүдө:

- Ооган армиясы борбордук бийликтин карамагында болбогон кооптуу райондордо атайын операцияларды жүргүзүп, "анда жашаган шайлоочулардын коопсуздугун талапкерлерди каттоо маалында жана добуш берүүдө камсыз кыла алабыз" деп ишендирип жатат”.

Ашраф Гани "Талибанды" куралын таштап, быйылкы шайлоого катышууга да үндөгөн. Бирок согушкер топ анын чакырыгына кулак салган эмес. ​

Ал эми Ооганстанда шайлоочуларды каттоо жараяны 14-апрелде башталган. Быйыл 20-октябрда өтө турган шайлоого катталуу үчүн келген Ооганстандын тургуну Гулалай коопсуздук маселесинен улам эл добуш берүүгө келгиси жок деп эсептейт:

- Өлкөнүн ичиндеги буга чейинки жылдардагы жана азыркы коопсуздук маселесинен улам эл шайлоого кызыкпай калды. Адамдардын көбү шайлоого катышууну каалабайт. Анткени күн өткөн сайын өлкөдө абал начарлап баратат.

Ооган парламентинде 249 орун бар. Президент Ашраф Гани парламенттик шайлоону кийинки жылы болгону жаткан президенттик жарышка чейин өткөрүүгө убада берген.

Шайлоочуларды каттоо борбору.
Шайлоочуларды каттоо борбору.

Күздөгү шайлоого он миллиондой адамды каттоого алыш үчүн өкмөт 7000ден ашуун борборду уюштуруп жаткан кези. Өлкөнүн Финансы министрлигинин кызматкери Абдул Мансур ооган эли шайлоо аркылуу гана алдыга жыла алат деген ойдо:

- Биз коопсуздук жана административдик, а мүмкүн саясий да, экономикалык да проблемалар турганын билебиз. Эми бул маслелерди кантип чечебиз? Биз аларды өлкөбүздүн келечеги үчүн демократиялык шайлоолорго катышуу менен жеңебиз.

Ооганстанда президент Ашраф Гани алтымыштай адам өлгөн канды-булоондон кийинки билдирүүсүндө “Кабулдагы соңку жардыруу өлкөдөгү демократиялык жараянды алсырата албай” турганын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG