Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Карзай да, Абдулла да жеңдим дейт


Ооган шайлоочулары болочок президенти жана жергиликтүү кеңеши үчүн добуш беришти
Ооган шайлоочулары болочок президенти жана жергиликтүү кеңеши үчүн добуш беришти

Ооганстанда өткөн президенттик шайлоодо негизги эки талапкер тең жеңишке жетишкенин айтып чыгышты. БШК аларды сабырдуулукка чакырып, алдын ала билдирүүлөрдү жасабаганга үндөдү.

Ооган эли 20-августта экинчи ирет тарыхта өз мамлекетинин башчысы үчүн добуш берди. Бирок президент болом деген негизги эки талапкер - Хамид Карзай менен Абдулла Абдулла - экөө тең жеңишке жетишкенин айтышууда.

Шайлоо бекеттери жабылаары менен Карзай жалпы ооган элине кайрылып, талиптер бу күнү теракттарды уюштурабыз деп коркутушканына карабай, баары бир эл добушун бергени үчүн алкыш айтты: “Ооган эли ракеталардан, бомбалардан, коркутуп-үркүтүүлөр менен жанкечтилердин чабуулдарынан да коркпой келип, өз добушун берди, - деди ал. - Мына ушунун баарына карабастан, эл шайлоого катышты”.

Хамид Карзай
21-августта Карзайдын штабынын башчысы буга чейинки президент бул жолу да жеңишин майрамдаш үчүн жетиштүү добуш алганын айтып чыкты: “Биз жер-жерлердеги өзүбүздүн штабдын мүчөлөрүнөн алган маалыматка таянып, толук жеңишке жеткенибизди айта алабыз. Демек, шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүнүн кажети жок”, - деди Карзайдын шайлоо штабынын башчысы Хажи Дин Мухаммад.

Добуштар саналып бүтө электе эле минтип “Мен жеңдим!” деп айткандардан Карзай эле болгон жок. Анын негизги атаандашы, мурдагы Тышкы иштер министри Абдулла Абдулла да “төбөсү көккө жетип турганын” жашырбады. Анын өкүлү Фазл Сангчараки аймактардагы байкоочуларынын айткандарынын негизинде Абдулла Абдулла 63% добушка ээ болгонун, Хамид Карзайга 31% тегерегинде эле добуш түшкөндүгүн айтты.

Нааразылык

Шайлоо тынч, туура өттү деп деле толук ишеним менен айтууга тоскоол боло турган жагдайлар бар. Биринчиден, талиптер шайлоо бекеттери ачылаардан тарта эле бир катар аймактарда жардырууларды жасашты. Экинчиден, Абдулла Абдулла да, дагы бир башка талапкер да добуш берүүдө көз боемочулуктарга жол берилип, керек болсо, бармакка басылчу сыясы да оңой эле өчүп калаарын айтышты. Абдулла, мисалы, 34 вилоятта кеңири бурмалоолорго орун берилгенин шайлоо күнкү маалымат жыйынында билдирди.

Абдулла Абдулла
“Сегиз жыл бийликте турган чиновниктер эми өлкөнүн айрым аймактарында шайлоонун иштерине кийлигишип жатканы өкүндүрөт. Бирок кандай болсо да, акыркы жыйынтыктарда элдин үнү угулат деп ишенем”, - деди Абдулла.

Борбордук шайлоо комиссиясы болсо шашылыш билдирүүлөрдү жасай бербей, добуштар саналып бүткөнгө чейин күтө турууга чакырды. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы келерки аптада, алгачкы расмий жыйынтыктары 3-сентябрда, ал эми акыркы расмий жыйынтыктары 17-сентябрда жарыяланат деп күтүлүүдө.

Колдоо

Бейшембидеги шайлоону Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши, Америка Кошмо Штаттары жана НАТО, ошондой эле Ооганстандын башка батыштык колдоочулары жылуу кабыл алышты.

АКШнын президенти Барак Обама “Биз дале Ооганстанда аракеттерибизди улантып жатабыз жана талиптердин карасанатайлыгына карабай, Ооганстанда шайлоо ийгиликтүү өттү деп эсептейбиз”, - деп айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG