Эгерде эл аралык көмөктүн көлөмү азайчу болсо, анда ансыз да талиптер менен ок атышууларды токтотуу жаатындагы макулдашуусу аткарылбай жана коронавирус алааматына кабылып жаткан Ооганстан бийлиги үчүн кошумча баш оору пайда болмокчу.
Ноябрдын 23-24төрүндө Женева шаарында ар кыл демөөрчү өлкөлөрдүн жана коомдук кайрымдуулук уюмдардын 70тен ашуун өкүлү виртуалдык отурумга чогулууда. Алар 2021–2024-жылдар аралыгында Ооганстанга сунуштала турган эл аралык кайрымдуулук көмөктүн көлөмү жана жумшалуу мерчемдери жөнүндө талкуу кылышат.
Бул окуянын алдында эле, Ооганстан өкмөтү менен талиптердин өкүлдөрүнүн Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрү кайрадан жарга такалып калды, ал эми Ооганстанда зомбулук аракеттер улантылып жатат.
АКШнын президенти Доналд Трамп 2021-жылдын январынын ортосуна карата Ооганстандагы америкалык жоокерлердин санын азайтууга багытталган иш-аракетти жүргүзүп жатат.
Быйыл коронавирус алааматынын айынан Ооганстандын экономикасы бери дегенде 5,5 пайызга кыскармакчы.
2016-жылы Брюсселде өткөн демөөрчүлөр жыйынында Ооганстанга 2017-2020-жылдары 15,2 миллиард АКШ долларын жардамга берүү чечими кабыл алынган. Буга ылайык Ооганстан жылына 3,8 миллиард долларга тете көмөк алып келген.
Эгерде азыркы кыйынчылыктардан пайдаланып, талиптер Кабулдагы бийликке ар кандай (тынч же согуштук) жол менен кайтып келчү болсо, анда өлкөдөгү адам укуктары одоно бузулаары, кыз-келиндердин билим алуусуна чекит коюлаары ыктымалдан алыс эмес.
Ошондуктан Женевадагы демөөрчүлөр жыйыны өлкөдөгү карапайым оогандардын, өзгөчө алганда, аялзатынын адам укуктары жаатында жетишкен ийгиликтерин сактап калуу үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин эл аралык "Хюман Райтс Уотч" уюмунун Азия бөлүмүнүн өкүлү Патрисия Госсман баса белгиледи.
Ал эми БУУнун качкындар маселеси боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Ооганстандагы миллиондогон карапайым кишилердин тагдыры ички тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына жана эл аралык демөөрчүлөрдүн бул өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк кылуу ишине мындан ары да берилгендигине түздөн-түз багыныңкы болуп жаткандыгын белгиледи.
Ооган президенти Ашраф Гани демөөрчүлөрдүн Женева жыйынында болочокто берилчү көмөктү өлкөнүн социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жана демократиялык жүрүмүн тереңдетүүгө багытталган иш-аракетке жумшоо боюнча өкмөттүк долбоорду тааныштырмакчы.
Ооганстандагы талиптер бул демөөрчүлөр жыйынына чакырылган эмес. Талиптер да эл аралык коомчулуктун өлкөгө кайрымдуулук көмөгүн улантуу ниетин кубатташты, бирок расмий Кабулду кайрымдуулук каражатын жемкорлук ыкма менен жеке чөнтөктөргө уурдап жатат деп айыпташты.
Жемкорлуктун чидериндеги өлкө
2020-жылы 18-февралда Дүйнөлүк банк алынган насыя жана гранттарды коррупциялык жол менен короткон өлкөлөр тууралуу изилдөөсүн жарыялаган.
"Эл аралык жардамды өөнөгөн элита. Офшордук эсептерден күбөсү" деп аталган изилдөөдө эл аралык институттардан көп насыя алган 22 өлкөдөгү абал талданган. Алардын арасында Ооганстан менен Кыргызстан да бар.
Бул өлкөлөрдүн экономикасы жарды, банк системасы өнүкпөгөнү үчүн эл аралык жардам өлчөөсүз зор каражат катары көрүнөт жана андан өөнөлгөн бөлүгү сыртка тымызын которулганы жакшы байкалат.
Изилдөөдө Дүйнөлүк банктан жеңилдетилген насыя же гранттар алынган соң каражаттын бир бөлүгүн жергиликтүү аткаминерлер офшорго чыгарып кетээри айтылган.
Изилдөөчүлөр эгерде жарды өлкөлөр ички дүң өнүмүнүн 1 пайызына тете жардам ала турган болсо, анда орто эсеп менен анын 7 пайыздан ашыгы өлкөдөн чыгарыларын аныкташкан.
Жардамдын көлөмү ички дүң өнүмүнүн үч пайызына жетчү болсо, анда өлкөдөн уурдалып чыккан каражат 15 пайызга чейин көбөйүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда өлкөнүн ичинде калган каражат андан да көп санда уурдалышы ыктымал деген жыйынтык айтылган.
"Бул – аз гана каражат. Анткени, чет өлкөлүк эсептерге которулган каражаттар гана саналды. Ал эми кыймылсыз мүлккө жана башка кымбат баалуу буюм-тайымга коротулган каражат эсептелген жок", – деп айтылат Дүйнөлүк банк жүргүзгөн иликтөөдө.
Эл аралык “Transparency International” уюмунун көрсөткүчүнө караганда, 2017-жылы Ооганстан 180 өлкөнүн ичинен 177-орунду ээлеген. Бул кырдаал түндүгүрөөктөгү Кыргызстандагы аскаевдик режим маалында айтылган “жемкорлук Ак Үйдүн жетинчи кабатына чыкты” деген ылакапка айланган сөздү аргасыздан жадыбызга кайра салат.
Ооганстанда жемкорлук “жөн гана рак оорусунун шишиги болбостон, системага айланды”, деп “Нью-Йорк Таймс” басылмасы да жазып чыкканы маалым.
АКШнын президенти Барака Обаманын тушунда, 2014-жылы, “Ислам мамлекети” деп аталган террорчу уюмга дүйнөлүк каршылык көрсөтүү боюнча президенттин атайын элчиси болуп дайындалган генерал Жон Аллен “Ооганстанга талиптерге караганда да жемкорлук көбүрөөк коркунуч жараатууда”, деген учкул сөз айтканы бар.
Ал эми колу туткактар башкарган өкмөт бийлеген өлкөгө жиберилчү каржылык жардамдын айрымдары айкынсыздык шартында чет жердик демөөрчүлөрдүн өкүлдөрү тарабынан да уурдалып келгени соңку дүйнөлүк тажрыйбадан дурус айгинеленет.
Таажы вирусу жана жемкорлук
Коомдук көзөмөл начар жана айкындуулугу аз болгон башка жакыр өлкөлөрдөгүдөй эле, Ооганстанда да коронавирус алааматына каршы күрөш үчүн бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү 2020-жылы аткаминерлер тарабынан “желип” кеткендиги тууралуу кабардалган.
2020-жылдын июнуна карата Ооганстан өкмөтү 155,7 миллион АКШ долларын таажы вирусунун илдетине каршы күрөшкө бөлгөн.
Эл аралык коомчулук бул өлкөдөгү коронавируска каршы күрөшкө 700 миллион АКШ доллары көлөмүндө көмөк кылууга расмий Кабулга убада кылган.
2020-жылы 29-июнда президент Ашраф Гани Кабулдагы өкмөт жыйынында Президенттик кеңсенин башкы инспекторуна тапшырма берип, коронавируска каршы күрөшкө деп берилген каражаттын кайсы бир бөлүгүн Коомдук саламаттык сактоо министрлигинин жана башка мекемелердин аткаминерлери “жеп алды” деген айың кептердин чын-төгүнүн текшерүүгө буйрук кылган.
Бул акчалардын далайы “желип” кеткенин ошол күнү ооган депутаттары да чуу кылып көтөрүшкөн. “Коомдук саламаттык сактоо министрлигинде жемкорлук бар жана акча каражаттарын жетекчи аткаминерлер өз ара бөлүп алышты”, – деп депутат Шахпур Хасанзаи айтып чыккан.
“Тергөөнүн жыйынтыгы элге ачык жарыяланат”, деп президенттин басма сөз өкүлү Сыдык Сыддыки журналисттерге маалымдаган болчу.
Журналисттик иликтөөлөрдүн негизинде, дээрлик 10 миллион АКШ долларына тете (800 миллион афгани) акча каражаты өлкөдөгү коронавируска каршы делген корлордон уурдалгандыгы айгинеленген.
Президенттик кеңсенин тергөө мекемеси да бир катар жемкорлук жоруктарды тастыктаган.
Бул чырга байланыштуу кызматтан кеткен мурдагы Коомдук саламаттык сактоо министри Ферозуддин Фероз мырза өзүнө коюлган жемкорлук боюнча доону четке каккан. Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” барагында өзүнө коюлган дооолорду негизсиз деп санап, тек гана расмий Кабул 2020-жылдын ноябрында өтө турган демөөрчүлөр жыйынынын алдында “коррупцияны ийгиликтүү тизгиндеп жатабыз” деп айтуу үчүн гана ушул кадамдарды жасады, деп жазып чыккан.
Кандай болсо да, ушул тапта Ооганстандын бийлиги жемкорлукка каршы күрөштү ыкчамдатууга өз элине да, эл аралык коомчулукка да байма-бай убада кылууда. Женевадагы демөөрчүлөр жыйыны ушул маселеге да астейдил мамиле кылаары, жемкорлукка каршы күрөштү ыкчамдатуу, адам укуктарынын абалын жакшыртуу жана саясий реформалар жаатында бир катар талаптарды коё тургандыгы алдын-ала маалымдалды.