Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Ташкент Бишкекте кармалган журналистти бошотту


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди Ташкент тилкат менен бошотту.

Көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев Ташкентте жүрүм-турум эрежелерин бузбоо тилкатынын негизинде бошотулганын анын Өзбекстандагы адвокаты Сергей Майоров «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирди.

«Бобомурод Абдуллаевди жүрүм-турум эрежелеринин бузбоо боюнча тилкаттын негизинде бошотушту. Бул ал тергөө аяктагыча суракка чакырылышы мүмкүн дегенди билдирет. Ошондой эле тергөөчүнүн уруксатысыз Өзбекстандын аймагында ары-бери жүрө албайт жана чет жакка чыга албайт. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, тергөө үч ай ичинде аякташы керек»​, - деди Майоров.

Ал Абдуллаевге эч кандай басым жасалбаганын жана Коопсуздук комитетинен чыккандан кийин Ташкенттеги эжесинин үйүнө кеткенин кошумчалады.

Ташкентке жеткенден кийин Абдуллаев өзбек лидерине энесинин кайрылуусун эске алганы үчүн ыраазычылык билдирип жаткан видео тарады:

УКМК: Абдуллаевдин коопсуздугуна кепилдик алынды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өзбек бийлигинин суроо-талабы менен Бишкекте кармалып, убактылуу кармоо жайында отурган журналист Бобомурод Абдуллаевди 22-август күнү Ташкентке өткөрүп берген.

Атайын кызмат өзбек журналистинин кармалып, сот тарабынан отуз күнгө чейин камакта кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалышын өз ара укуктук жардам көрсөтүү боюнча Минск конвенциясынын талаптары менен байланыштырган.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов журналист Абдуллаевдин коопсуздугуна байланыштуу өзбек бийлигинен кепилдиктер алынганын билдирди:

«Эл аралык издөөдө жүргөн өзбек жараны Абдуллаев Бишкекте 8-августта (Абдуллаевдин адвокаты журналист 9-августта кармалганын билдирген -ред.) Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалган. Биринчи май райондук соту 10-августта аны бир айга УКМКнын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Эл аралык укуктук ченемдерди сактоо менен 22-август күнү Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилди. Өзбекстандык журналистти экстрадициялоодо Кыргызстандын мыйзамдары жана мамлекеттер аралык келишимдер сакталды. Өзбекстан Бобомурод Абдуллаевдин укуктары толук корголушуна, анын ичинде ага юридикалык колдоону камсыздоодон тартып, зарылчылык болсо, медициналык жардам көрсөтүү болоруна жана ага карата эч кандай кыйноо, ырайымсыз мамиле болбошуна кепилдик берди»​.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Өзбекстандын прокуратурасы Бобомурод Абдуллаевди "мамлекеттин кызыкчылыгына каршы оор кылмыш кылган" деп айыптап, кылмыш иши козголгону тууралуу материалдарды жибергенин эске салган. Буга байланыштуу 21-августта журналисттин жакындары «кыргыз бийлиги аны Өзбекстанга өткөрүп берип койушу мүмкүн экенин» билдиришкен.

Журналисттин апасы Гавхаржон Мадаминованын Би-Би-Синин өзбек кызматына уулу Ташкентке жеткириле турганы боюнча жергиликтүү бийлик өкүлүнөн маалымат алганын айткан.

Качкынды кармап берүүнүн капшабы

Журналисттин жактоочусу жана укук коргоочулар өзбек бийлиги куугунтуктаган адам эл аралык укуктук ченемдерди жана улуттук мыйзамдарды одоно бузуу менен өткөрүлүп берилгенин белгилеп, бул боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетине арыз жолдоно турганын билдиришти.

"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Кыргызстан саясий качкынды артка кайтарып бергенин айыптап, анын коопсуздугуна байланыштуу кепилдик алынганы тууралуу атайын кызматтын маалыматын эл аралык укуктук ченемдерге туура келбеген аракет катары баалады:

«​Кыргызстан Өзбекстандын күч кызматтарынын кепилдигин эч качан ала албайт. Экинчиден, качкындар тууралуу конвенцияга ылайык, үчүнчү бир өлкөдөн "качкын" макамын алган адамды Өзбекстанга өткөрүп бергенге кыргыз бийлигинин акысы жок болчу. Бирок бизде бул укуктук ченем дайыма бузулуп келет. Бир нече жыл мурда кармалган уйгурларды расмий Бишкек Кытайга өткөрүп берген. 2005-жылы Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга башпаанек сурап, качып келгендердин арасынан төрт кишини да кайра Өзбекстанга кайтарган»​.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылышкан. Өзбекстандын укук коргоо органдары Бобомурод Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканы кабарланган.

Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айында Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан кайра кете албай калган.

Биринчи май райондук сотуна алып келишкен учурда ал өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан. Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал.

13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген жашыруун ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.

Акыйкатчынын түшүндүрмөсү

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Ташкент жиберген иштин материалдары боюнча өзбекстандык журналист Абдуллаевдин ишинде саясий куугунтуктун белгилери жок дейт:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Минск, Кишинев конвенцияларынын негизинде Абдуллаевди өткөрүп бербей кое албайт. Өзбекстандын Конституциясына каршы иштерди жасаганы үчүн өткөрүп берүүсүн сурагандыктан, биздин күч кызматтары аны өткөрүп беришти. Эгерде кандайдыр бир күмөндүү жагдайлар болсо, анда биз бул маселени көтөрүп, айтып чыгат элек. Бирок андан мурун бул иштин чоо-жайы менен таанышуу керек. Эгерде элдин таламын талашып жүрүп, өз мекенинде өмүрүнө коркунуч келип, бул жакка качып келген адамды саясий качкын деп таанысак болот. Азыр мен "бул жерде эч кандай саясат жок" деп айта алам».

Утулган убакыт, адвокаттын арызы

Өзбекстандык журналисттин Бишкектеги жактоочусу Тимур Карабаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратурасы качкын макамын алууну сурап келген өзбек жаранын улуттук жана эл аралык укуктук ченемдерди бузуу менен өткөрүп берип салганын белгиледи:

«​Бобомурод Абдуллаевди соттук коргонууга болгон конституциялык укугунан ажыратышты. Бизге УКМК анын карантинде кармалып турганы боюнча он күн бою жалган маалымат берди. Ошол эле кезде Башкы прокуратура аны Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдап жаткан экен. Ошентип алар биздин мындай аракеттерге карата сотко кайрылуу мүмкүнчүлүк беришкен жок. Эң башкы бул жерде улуттук жана эл аралык укуктук ченемдер одоно бузулду. Биздин тиешелүү органдар күчүн жоготкон Минск конвенциясынын негизинде Абдуллаевди кармап, аны өткөрүп беришти»​.

Ошол эле кезде Бобомурод Абдуллаевдин Бишкектеги адвокаты Тимур Карабаев бул иш боюнча сотко арыз берилип, андан сырткары БУУнун адам укуктары боюнча комитетине баяндама даярдала турганын билдирди.

Кыргызстан качкындар боюнча эл аралык конвенциянын мүчөсү катары анын аймагына саясий куугунтуктун айынан качып жүргөн башка өлкөнүн жаранын кармап, мекенине өткөрүп берүүгө акысы жок.

Эл аралык ченемдер боюнча мамлекет анын коопсуздугун камсыздап, ага убактылуу башпаанек берүүгө же коопсуз өлкөгө чыгып кетишине шарт түзүүгө тийиш. Ошол эле кезде Кыргызстан КМШ боюнча Кишинев конвенциясынын негизинде өнөктөш өлкөлөргө кылмыш иштерин иликтөөдө укуктук жардам берүүгө жана кылмышка шектүүлөр эл аралык издөөгө алынган адамдар анын аймагында кармалган учурда өз өлкөсүнөн келген суроо-талап боюнча кайтарып берүү милдетин алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG