Саламаттыкты сактоо тармагын өзгөртүүнү президент Обама ички саясатынын негизги багыты катары белгилеген эле.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышын президент Барак Обама тарыхый мааниге ээ окуя деп сыпаттады:
- Америка кыялынын пайдубалына бүгүн дагы бир таш түптөдүк. Тарыхый муктаждыкка буга чейинки муундар сыңары эле жооп кайтардык. Кризиске туш болгондо жашынып отуруп калбастан, аны чечүүгө аракеттендик. Милдеттерибизден качпастан, аларды аткардык. Келечектен коркпостон, аны өзүбүз аныктадык. Рахмат. Жараткан сиздерди жана Америка Кошмо Штаттарын колдосун.
Мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн 216 добуш керек болчу. Соңунда 219 конгрессмен реформага колдоосун билдирип, 212 мыйзам чыгаруучу каршы добуш беришти. Президент эмки жумада ага кол койсо, мыйзам дароо күчүнө кирмекчи.
Обама шайлоо кампаниясы учурунда эле саламаттыкты сактоо системасын реформалоого, миллиондогон америкалык жаранды камсыздоо программасына камтууга сөз берген.
Документ 1 жылдан ашуун убакыт бою кызуу талкууланып келди. Реформага республикачылдардан тышкары консерватор демократтар да каршы болушкан. Республикачылардын өкүнүчүн конргессмен Жеоф Дэвис мындайча билдирди:
- Мен абдан капа болуп турам. Бул добуш берүү Американын келечегин аныктайт: эбегейсиз салыктар, нормаланган медициналык тейлөө, таңууланган бюрократия. Демократтар Америка элинин бүгүнкү көз караштарын өзгөртүп, социализмдин акылсыз жолуна түртүп жатышат.
Либералдар болсо саламаттыкты сактоо – ар бир жарандын укугу деп талашып келишти.
Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси чоң ишти соңуна чыгарууга тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи:
- Бир жылга созулган талаш-тартыштан кийин, миллиондогон америкалыктардын муктаждыктарына кулак салып, тарыхый чечим кабыл алдык. Биздин коом үчүн чоң ишти бүтүрдүк. Медицианлык камсыздоонун эшигин бардык америкалыктар үчүн ачуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул – артыкчылык эмес, ар бир адамдын укугу.
Обама сунуш кылган долбоорго ылайык, 30 миллиондой адам медициналык камсыздоого ээ болмокчу. Аны ишке ашыруу үчүн орто класстын өкүлдөрүнө салык жеңилдиктери берилип, кирешеси аз америкалыктар үчүн Medicare программасын кеңейтүү каралган. Сөз болгон программа бюджеттен каржыланат жана 65 жаштан улуу жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүнү тейлейт.
Бирок 1960-жылдардан бери иштеп келаткан схеманы өзгөртүүгө айрым америкалыктар да каршы чыгышкан. Мыйзам ар бир жаранды медицианлык камсыздоону сатып алууга милдеттендирет. Макул болбогондорго, айып пул төлөөгө туура келет. Менчик камсыздоо компаниялары болсо федералдык мыйзам-эрежелерге ылайык иштеп калышат.
Долбоорду ишке ашырууга 10 жыл керек жана 900 миллиарддай доллар жумшалат деп болжолдонууда.