Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:25

АКШдагы шайлоого алатоолуктар да байкоо салууда


4-ноябрда боло турган АКШдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүп турган айрым кыргызстандыктар жеңишке жеткен президент жаңы өзгөрүүлөрдү алып келет деген ишенимде.

АКШда президенттик шайлоонун марасы жакын калгандыктан, финалга чыккан эки талапкердин кимиси жеңээри али белгисиз. Бирок дүйнө коомчулугу сыяктуу эле кыргызстандыктар дагы бул шайлоо өнөктүгүнө кызыгып, кулак түрүп турушат.

Шайлоо жакындаган сайын түрдүү пикирлер да айтылууда. Коомчулуктун эки талапкер тууралуу пикирлерин сурамжылоонун акыркы жыйынтыктарында Барак Обаманын көрсөткүчтөрү бир аз жогору болгондугун кыргызстандыктар дагы белгилеп, АКШнын тарыхында алгач ирет өңү кара инсан президент болушу мүмкүн деген ой-пикирлерин билдиришти. Ал тууралуу Бишкектин тургуну Орозбек Бөрүбаев мындай дейт.

-Бул эки талапкер тууралуу президенттик шайлоо башталгандан бери маалымат алып, билип кызыга баштадым. АКШда жүргүзүлүп жаткан сурамжылоонун жыйынтыгын карасак Барак Обаманын мүмкүнчүлүгү жогору дешүүдө.Эгерде ал өтүп кетсе АКШнын тарыхында алгач ирет өңү кара инсан президент болушу ыктымал.


Бишкек шаардык кеңештин мурдакы депутаты, жеке ишкер Самарбек Жапаракуновдун пикиринде мындан 15-20 жыл мурда теги африкалык адамдын АКШнын президенттигине талапкер болуусу күмөн эле. Азыркы кырдаалда алардын өкүлү президенттик жарышта утуп алышы да толук ыктымал:


-Барак Обама жеңет деп турам. Себеби, Америкада
кара түстүү адамдар абдан намыстанып, башка партия өкүлдөрү дагы аны колдоп жатышат.

Карапайым калк арасында АКШнын президенттик шайлоосунда алдын-ала кимиси жеңээрин так кесе айтуу кыйын дегендер арбын. Алардын бири Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Азим Шыгайбаевдин айтымында добуш берүүдө ар кандай күтүүсүз жыйынтыктар да болушу мүмкүн:

-Ким жеңээрин азыр алдын ала божомолдоп айтыш кыйын. Бирок шайлоодо ар кандай күтүүсүз окуялар болушу да ыктымал. Экөө талапкердин тагдырын 30-40 добуш эле чечип калышы дагы толук мүмкүн.

Дүйнө коомчулугунда АКШнын президенттигин жеңген инсанга байланыштуу эл аралык саясат да ошого жараша өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдо айтылууда. Жалалабаттык Талант Токталиевдин пикиринде бийликке Барак Обама келсе, анда АКШда жана дүйнө жүзүндө демократиялык өнүгүүлөргө жакшы таасирин тийгизиши мүмкүн.

-Барак Обама бийликке келсе, аны колдоого алып жатышкан демократтардын Американын эл аралык кадыр-баркын жогорулаталы, Ирактагы согушту токтотолу деген ой-максаттары бар. Анын программасы Жон Маккейиндикине караганда жакшы экен.


Мындай пикирге аксылык Гүлзина Өмүбек кызы макул эмес. Анын айтымында президенттикке талапкер Жон Маккейиндин турмуштук тажрыйбасы арбын болгондуктан, ал деле демократиялык башталыштарды жана саамалыктарды колдойт.

-Менин АКШнын президентин шайлоого укугум болсо, турмуштук бай тажрыйбасы бар Жон Маккейнди шайламакмын. Ал туткунда да беш жыл болуп, өмүр менен өлүмдүн баркын билген адам. Бирок экөө тең прогрессивдүү исандар экен. Ошон үчүн ким жеңбесин бардык жагынан демократиянын өнүгүшүнө таасир эткенге көп аракет жасашат.

Кыргызстандын “Салбуурун” федерациясынын жетекчиси Алмаз Акундун пикиринде АКШнын саясатына Кыргызстан көз кырын салып, аларга кылчактабай эгемен өлкө катары өз тагдырын өзү түзүүсү зарыл.

-Американын, Орусиянын тышкы саясатын карап кылчактоо, кеңеш доорундагы коркоктук биздин өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда деп ойлойм. Ошондуктан эгемен мамлекет катары өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө мезгил жетти. Жаңы муун өсүп жетилди, ошондуктан демократиялык башталыштарды өнүктүрүү менен алдыга гана умтуулубуз зарыл.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG