Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Түркия өкмөтү ‘Күрт демилгеси’ менен элге кайрылды


Түркияда бийликтеги Ак партиянын өкмөтү улуттук мажилистин жалпы кеңешинде талкууга алынган ‘Күрт демилгесин’ элге даана түшүндүрүп берүү максатында өнөктүк баштады.

25 жылдан бери токтобой жаткан жикчил согушту аягына чыгаруу жана жалпысынан өлкөнүн күрт проблемасын биротоло жоюу максатында ‘демократиялуу аракет’ деп аталган демилге аркылуу башкаруудагы Ак партия өтө тобекелдүү жана артка кайтууга болбой турган бир жолду баштады.

Өткөн аптада парламенттин жалпы кеңешинде ири талаш-тартышты пайда кылган, ошондой эле оппозициялык партиялар тарабынан өлкөнү жикке бөлүүнүн программасы катары сынга алынган бул демилгени, калайыкка түшүндүрүп берүү максатында жапырт өнөктүккө белсене киришкен өкмөт мүчөлөрү өлкөнүн шаарларында уюштурулган жыйындарга катышып, билдирүү жасашты.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Чыгыштагы Малатя шаарында бир саамалыкта чыгып сүйлөп, “биз бул маселени чечиш үчүн бардык мансаптарыбыздан жана орундарыбыздан кечүүгө даярбыз. Биз бир гана, мындан ары эч бир аскердин каны бөөдө төгүлбөшүн каалайбыз” деди.

Биз күчүбүздү элден, биз демибизди тарыхтан, биз илхамыбызды Анатолияны бир туугандыктын журту кылган улууларыбыздан алып жатабыз. Анда биз бул проблеманы чечебиз. Жаалданган, көө сыйпаган жана тоскоолдук кылган оппозицияга карабай биз бул маселени чечебиз,”- деген Эрдоган өзү жетектеген өкмөт бул демилге менен өз саясий тагдырын байланыштырып койгонунун четин чыгарды.

Өткөн аптада жалпы кеңештеги талкуу учурунда ички иштер министири Бешир Аталай ‘демократиялуу аракет’ демилгесин чечмелеп берип, “биздин урааныбыз ар кимге дагы көбүрөөк демократия. Узун мезгилде өлкө 1982- жылда аскердик хунта тарабынан даярдалган башкы мыйзамдын ордуна жаңы демократиялуу жана жарандык бир башкы мыйзамга ээ болуусу керек” деген эле. Демилге оппозициядагы партиялардын катуу сындоосуна туш болгон.

Улутчул Аракет Партиясы Түркиянын келечегин отко таштоонун алдына бөгөт коюуну, баасы эмне гана болбосун төлөшкө даяр жана чечкиндүү турат. Өлкө ичинде жана сырттагы бардык терористтер куралдары менен багынып берүүсү шарт,”- деп билдирген Улутчул Аракеттенүү Партиясынын лидери Девлет Бахчели.

Жумуруят Калк Партиясынын лидери Байкал болсо, өкмөттү террорчулардын маңдайында кетенчиктеп жатат деген негизде сынга алып:

“Өкүмөттүн бул мажүрөөлүгү, бул чабалдыгы Түркияны жикке бөлүүнү эңсегендердин чырагына май тамызып жатканын, аларга мүмкүнчүлүк жаратып олтурганын эч качан унутпашыбыз керек,”- деген эле.

Жалпы кеңеште катуу каршылыка туш келген соң башкаруудагы өкмөт, бул демилгеге оппозициялык партиялардан колдоо таба албай турганына көзү жеткендиктенби, айтор, аны өз алдынча алып кетүүнүн чараларынын бири катары, коомдук пикирди өз тарабына тартуунун камын көрө баштады.

Бул максатта премьер-министр өзү баш болуп, бардык министрлер өлкөнүн шаарларын кыдырып жатышат. Саясий байкоочулардын пикиринде жалпы консенсуска жетпей туруп, өкмөттүн бул демилгени ишке ашыруусу анча деле оңой болбой турган сыяктанат.

XS
SM
MD
LG