Түрк президенти Абдуллах Гүл Прага шаарында уюштурулган басма сөз жыйынында Түркия менен Армениянын ортосунда түзүлүүчү тынчтык келишими Азербайжандын пайдасына боло турганын белгилеп, Түркия менен Армениянын кайра жарашуусу жалпы Кавказ аймагынын турукташуусуна зор үлүшүн кошооруна ишендирди.
Шаршемби күнү айткан сөзүндө Гүл мырза Түркия менен Азербайжандын байланыштары тарыхта болуп көрбөгөндөй тыкыс жана терең экенин, бул байланыштарды эч ким өзгөртө албай турганын, бул фактыны ар ким кулагына түйүп жүрүүсү абзел экенин баса белгиледи.
Прагага жөнөп кетер алдында бул маселеге өзгөчө токтолгон түрк президенти Армения менен анын өлкөсүнүн ортосунда жүрүп жаткан жакындашуу жараянына Азербайжан тараптан келген кескин сындоолорго карата, “ар бир өлкө өзүнүн саясатын эркин белгилешке жана ошого жараша токтом бекитишке укугу бар. Азербайжанга келгенде биз бир тууган тектеш калктарбыз. Биз бир улут, эки дөөлөтпүз” деп жооп кайтарган эле.
Түркия Азербайжанга Тоолу Карабак жаңжалына байланыштуу колдоо билдирүүнүн белгиси иретинде, 1993- жылы, Армения менен болгон чек арасын жаап салды. Армениянын эгемендүүлүгүн тааныган менен Анкара ушу убака чейин Ереван менен дипломатиялык байланыш түзбөдү.
Эми Анкара менен Ереван оротосундо жүргүзүлүп келген сүйлөшүүлөрдө бурулуш жасалып, жол картасы үстүндө келишимге жетишилүүсү Азербайжандын тынчын алып, эки өлкөнүн мамилелери салкындай баштады. Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Елхан Полухов жеке бир түрк сыналгысы менен болгон маегинде ар бир өлкө өзүнүн тышкы саясатын өзү чечерин билдирген менен бир катарда өлкөсүнүн Түрк-Армиян диалогуна карай мамилесин да жашырбады.
“Бул маселе сөзсүз түрдө Азербайжандын басылып алынган территорияларынан армян согуш күчтөрүнүн чыгарылып кетүү иши менен үзөңгүлөш жүргүзүлүүсү керек,”- деди Полухов мырза. Азербайжандын күтүлбөгөн реакциясы Анкараны дагы капысынан кармап, премьер-министр Режеп Таиип Ердоган: “Биз Азербайжанды эч качан жалгыз калтырган жокпуз” деген болчу.
Азербайжандын оппозициядагы башкы партиясы Мусаваттын лидери Иса Гамбар Түркиянын турумун жакшы түшүнүү керек экенин билдирген:
“Түркияга таарынып, биздин жерлерибизди басып жаткан армяндарды колдоп кубаттаган Москвага карай ыкташтын эч кандай бир мааниси жок”.
Ушинтип, Армения-Түркия жакындашуусунун тегерегиндеги көп тараптуу дипломатиялык өнөктүк бүт күчү менен уланып жатат. Байкоочулардын пикиринде, Азербайжандын макулдугун алмайын бул өнөктүктүн тез арада оң натыйжа бериши кыйла кыйындай көрүнөт.