Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Орусиялык блоггерлер: “Өз укугуңду өзүң гана коргой аласың”


Алексей Шумм
Алексей Шумм

21-майда Алексей Шумм аттуу Москва шаарынын тургуну интернеттеги блогу аркылуу өз кайгысы менен бөлүшкөн. 13-майда жолду кесип өтүп бараткан кош бойлуу жубайын сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, Алексейдин жубайы ошол жерден көз жумган экен. Бул окуя интернетте кызуу талкуу жаратып, “Азаттык” үналгысынын Орус кызматынын серепчиси Ольга Серебряная да комментарий жазды.

Кырсык болгон күнү бир катар маалымат агенттиктери бул окуяга токтолушту. Москва шаарынын Түштүк округу боюнча жол кырсыктарын иликтеген бөлүмү зарыл маалыматтарды топтоп, тергөөчүлөргө өткөрүп беришти. Кош бойлуу аялды сүзүп кеткен айдоочу милиция кызматкери болгону аныкталды.

Бирок кырсык болгондон 9 күн өтсө да айдоочуга кылмыш иши козголбогонун билген Алексей интернеттеги Livejournal жамаатына (“Тирүү журнал”) кайрылууну чечти.

Белгилей кетчү жагдай: Алексейдин блогу интернетте бир жыл мурда гана пайда болгон жана баракчасында үч гана досунун аты бар. Бирок бир күнгө жетпеген убакытта Алексей ортого салган окуя интернетте кызуу талкууга алынып, окурмандардан 800дөн ашуун пикирлер түшкөн.

Алексейдин баракчасын окугандар ага “бул кырсык тууралуу маалыматты президент Дмитрий Медведевдин блогуна жаз” деп кеңеш беришкен. Бирок интернеттин айрым колдонуучулары Медведевдин блогунда жазуу калтыруу өтө оор экенин белгилешкен. Ошого карабастан президенттин блогунда пикирлерди көзөмөлдөгөндөр Алексейди аяштыбы, айтор бул маалымат Медведевдин интернет баракчасында да пайда болду.

Алексей Шуммдун блогунда пикир таштагандарды экиге бөлсө болот: жарымы Алексейдин жубайын сүзүп кеткен милициянын кызматкерин мыйзам жүзүндө эмес, “өз колубуз менен жазалообуз керек” деген пикирдегилер жана бул ишти сотко жеткирип, милиционер айдоочунун жазаланышы үчүн кайда жана кимге кайрылышы керектиги тууралуу кеңеш бергендер.

Мисалы, алгачкы пикирлер мындай маанайда жазылган: “Бул кылмышкер өз жазасын алыш керек, бирок азыркы сот системасында бул мүмкүн эмес. Андыктан соттон сотко чуркап убара болбой эле кой”. Башкалар болсо милиционерди жазалоонун бир нече түрүн сунуш кылышкан: “Демек ал айдоочу үчүн сүзүп кеткен аялга караганда анын унаасы маанилүү экен да. Ошондуктан, келгиле, милициянын унаасын талкалайбыз, жашоосун тозокко айландырабыз. Мына, 9 күн өттү, бирок ал азыр деле эч нерсе болбогондой жүрөт”.

Мындан сырткары дагы бир пикир өтө күчтүү реакцияны пайда кылды. Интернет колдонуучулардын бири “Биз шаарда партизандык согуш башташыбыз керек. Биз өкмөттүк имараттарды, банктарды жана милициянын бөлүмдөрүн жардырып, абактан кылмышкерлерди бошотушубуз керек. Биз бул режимди жок кылышыбыз керек” деп жазган. Буга жооп ирээтинде көптөр аны “бузуку” деп аташкан.

Интернеттеги бул тема өз таасирин берди: бир күндөн соң, 22-майда “Новости” агенттиги мындай кабарды таратты: “13-майда кош бойлуу аялды сүзүп кеткен милиция кызматкери камакка алынды. Азырынча аны аты-жөнү, кайда иштегени тууралуу маалыматтар бериле элек”.

Ошентип Алексей Шуммдун башына түшкөн кырсык интернет аркылуу гана эмес, гезит беттеринде да чагылдырылды. Көптөгөн интернет колдонуучулар ал өз укугун кантип коргой аларын түшүндүргөн кеңештерди беришүүдө. Мисалы, Алексейге ушундай иштер менен алпурушкан адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдардын дареги берилген. 23-майда Алексей өз блогунда бул уюмдар менен байланышканын жазды.

Ой-пикирин калтыргандардын көбү Алексейди өз укугун аягына чейин коргоого үндөшүүдө. Алексей да мыйзамды бузгандар менен жең ичинен сүйлөшпөй турганын, бул ишти аягына чыгарарын убада кылды.

Белгилей кетчү жагдай: Алексейдин блогунда кеңеш айтып, азыркы бийликти урушкандардан башка да пикирлер бар. Алексейге көңүл айтып, сабырдуулукка үндөгөндөр да аз эмес, деп жыйынтыктайт өз серебин Ольга Серебряная.

P.S. Бул комментарийде айтылган ой-пикирлер сөзсүз эле “Азаттык” үналгысынын көз-карашы менен дал келе бербеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG