Кара деңиз жээгиндеги Сухуми шаарында өкмөттүк имараттар үстүндө Орусия менен Абхазиянын желектери кош канаттай желбирейт.
Былтыр августта 5 күнгө созулган Грузия-Орусия согушун улай көз карандысыздыгын жарыялаган алгачкы күндөрү Абхазия калкы чексиз кубаныч, сыймыкка бөлөнгөн эле.
Андан бери Москвадан көп сандуу аскер, далай акча жөнөтүлүп, таасири күндөн-күнгө өсө баштаганын байкаган абхаздар Тбилисиден кутулган менен, анын ордуна жаңы кожоюн таптыкпы деп сарсанаа.
Сухумидеги деңиз жээктеген жайкы кафелердин биринде чай ичип отуруп, “Чегемская правда” гезитинин башредактору Инал Хашиг көз карандысыздык толук өз алдынчалык алып келет деп ишенгендердин үмүтү таш капканын айтат.
- Биз Орусия Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган 26-август күнү эмне болуп атканын аягына дейре түшүнбөй жөн эле дардаңдай бериптирбиз. Сүйүнүчтөн көзүбүз тумандап калса керек. Кийин гана баары биз каалагандай болбой турганын түшүндүк. Эң башында эгемендигибизди эч ким тааныбаса да, чыныгы көз карандысыздык келгендей болду. Анан Орусия бизди таанып, акырындап “чайнап жута баштады”. Экономикалык, саясий, аскердик жана социалдык жактан. Күн санап Москвага көз каранды болуп баратабыз.
Журналист Инал айткан көз карандылыктын белгилери бардык жерде көзгө урунбай койбойт. Абхазиянын желегин коштогон орус желегинен башка көпчүлүк жарандардын колунда орус паспорту бар, орус рубли – абхаздар соода-сатык кылган ырасмий акча бирдиги.
Көчөдө учураган кишилердин 90%ы өз ара орусча сүйлөшкөнүн кулагың чалат. Чакан жумуриятта азыр 4000ге чукул орус аскери кызмат өтөйт.
Абхаздар үйүндө орус сыналгысын көрүп, москвалык гезит-журналдарды окуп, маалымат алат. Орусия былтыртан бери 68 млн. доллар инвестиция салды, Роснефть компаниясы Абхазиянын деңиз алдындагы мунай кендерин иштетүүгө киришти.
Абхазиянын де-факто парламентиндеги оппозициячыл депутат Беслан Бартелия Орусия өзү да коммерциялык кызыкчылыгын көздөй бербей этият болушу керек деп эсептейт.
- Бийликтегилердин кызуу колдоосу менен күн санап Абхазияны орус капиталы басып баратканы, албетте, тынчсыздандырбай койбойт. Анткени мындай абал улана берсе, абхаздар бул жерде деги биздин бирдемебиз калдыбы, же бүт бойдон орустардыкы болуп кеттиби деп ойлонушу мүмкүн. Андай жагдай акыры анти-орусиялык маанайды козутат, андай болушун биз деле каалабайбыз, - деп эскертет депутат.
Абхаз парламентиндеги адам укуктары боюнча комитет төрагасы Батал Кобахия орустар келе берсин, иштей берсин, баары бир Абхазия көз карандысыз бойдон калат деп ишенгендерден.
- Кырдаал ойдогудай. Баары жакшы эле. Орусия бизди акырындап орусташтырып алат деп коркпойм. Соңку 200 жыл ичинде орустар менен да, грузиндер менен да алпурушуп келатабыз. Коркунуч кай тараптан келатканын алдын-ала сезебиз, - деп тамаша-чын аралаш комментарийлейт абхаз саясатчысы.
Азыркыга дейре Абхазиянын көз карандысыздыгын Орусиядан башка Никарагуа гана тааныды. Эл аралык уюмдар менен батыштык компаниялар аймакты өзүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептеген Грузия нааразы болот деп чочулап, Абхазиядагы далай пландарын ишке ашыруудан баш тартышты.
Видео тасма.