«Бир миллиард мусулмандын ойлогон ою кандай?» деген бул тасма АКШда жайгашкан дүйнөдөгү руханий жана маданий агымдардын ортосунда өз ара түшүнүүчүлүктү жана диалогду агартуучулук аркылуу бекемдөө максатын көздөгөн "Биримдик Продакшнз" кору тарткан. 55 мүнөттүк тасма белгилүү "Галлуп" сурамжылоо фирмасынын он миңдеген, анын ичинде мурдагы советтик жумурияттардагы мусулмандардын арасында жүргүзгөн сурамжылоосуна негизделген.
Филмден цитата: "АКШнын өкмөтү мусулман дүйнөсү менен терең алака түзүп жатса, биз, америкалык жарандар, мусулман өлкөлөрүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу маалымдуу болуу менен, биздин демократиянын күчтүү бойдон калышына кызмат өтөө менен өзүбүздүн патриоттук милдетибизди аткарабыз".
"Галлуптун" кызматкерлери америкалыктардын көбүн түйшөлткөн суроолорду берген. Эмне үчүн мусулман дүйнөсүндө анти-американизмге каршы маанай күчтүү? Экстремисттер кимдер, мусулмандар алар тууралуу кандай ойдо? Мусулмандар Батыштын эмнесин жактырат, эмнесин жактырбайт? Мусулман аялдардын каалаганы эмне?
АКШнын мусулман дүйнөсүнө карата саяасаты мына ушул өңдөнгөн суроолорго негизделет. Бул тууралуу америкалык коомчулукта кызуу талаш-тартыш жүрүүдө. Бирок мындай талкууда мусулмандардын өздөрүнүн добушу угулбай келди.
Ушуга байланыштуу, алты жылга созулган долбоордун чегинде "Галлуп" фирмасы мусулмандар басымдуулук кылган 35 өлкөдө 10 миңдеген кишини сурамжылаган. Сурамжылоого Европада жана АКШда да атуулдар тартылган. Филмде аялдарга карата акыйкаттык, терроризм, демократия темаларына басым жасалып, мусулман дүйнөсү Батыш менен кырды бычак мамиледе деген кеңири таркаган пикир чындыкка дал келе бербей тургандыгы айгинеленет.
Филмден цитата: "Бизди америкалык болгонубуз үчүн жек көрүшөт деген түшүнүк 2001деги 11-сентябр окуясынан кийин айрыкча күч алды. Бирок бүгүн да айрым америкалыктардын арасында айтылып жүргөн мындай пикир өтө коркунучтуу. Бирок "Галлуптуку" сыяктуу сурамжылоодон бул пикирлер чындыкка дал келбей тургандыгын көрүп жатабыз".
Изилдөөдөгүдөй эле, тасмада да коркуу сезимине эмес, фактыларга негизделген алакаларга басым жасалат.
Филмден цитата: "Бизде эл маалыматка суусап турат. Маалымат турмушту жакшыртуу үчүн, балдардын келечегин кепилдөө үчүн керек. Батыш менен сүйлөшө турган сөз, бөлүшө турган ой көп. Ошол эле мезгилде коркутуп-үркүтүү менен мындай пикир бөлүшүү мүмкүн эмес".
Филмден цитата: "Коркуу же коркутуу менен эмес, карапайым адамдардын үнүнө кулак салуу менен гана, фактылардын негизинде дүйнө менен алака түзө алабыз".
Тасма АКШнын президенти Барак Обаманын көптөн күтүлгөн Мусулман дүйнөсүнө кайрылуусунун алдында алгачкы жолу көрсөтүлүүдө. 4-июнга белгиленген сөзүн Обама Египетте, Каирге барганда жасайт деп күтүлүүдө. Ал үйдүн маалымат катчысы Роберт Жиббстин айтымында, Обама АКШнын мусулмандар менен алакасын жакшыртууга болгон жеке өзүнүн далалатына басым жасайт. Башкалар исламдык экстремизм, Ирандын ядролук программасы, Израил-Пакистан жаңжалы өңдөнгөн чийелешкен көйгөйлөр тууралуу сүйлөйт деп болжошууда.