Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

Коло байге үчүн Германия менен Уругвай күч сынашат


Түштүк Африка өлкөсүндөгү футбол боюнча дүйнө чемпионатында 10-июлда үчүнчү орун үчүн Германия менен Уругвайдын футболчулары беттешет.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын оюндарын кызыгуу менен көрүп жатышат.

Европадан 13, Африкадан -5, Америкадан-8, Азия жана Океаниядан 6 командалар катышкан дүйнө чемпионатында мыктылар иргелип, финалга Европанын эки өкүлү чыкты. 10-июлда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия менен дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай өлкөлөрүнүн командалары мөрөй талашканы турат.

Кыргызстандык айрым күйөрмандар коло байгени Германия утат дешсе, айрымдары Уругвайга артыкчылык берип турушат.

“Жаштык” спорт коомунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаевдин пикиринде, жарым финалда Германия Испанияга жеңилип калганы менен үчүнчү орунду утуп алышы толук ыктымал.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин башкы адиси Искендер Кожокеевдин божомолунда, Голландия командасы баш байгеге талапкердин бири катары чеберчилигин көрсөтүү менен финалда Испанияны жеңип алуусу мүмкүн:

- Ал эми үчүнчү орунду Германия командасы Уругвайды 2:1 эсебинде утуп алат.

Бишкектик футбол күйөрманы Казыбек Атамырзаев: “Германия коло байгени утуп алууга кудурети жетет”- деп “Азаттыкка” билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн башкы машыктыручусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов бош убактыларында футбол мелдештерин көрүп, испаниялыктарга күйөрман болуп турганын, үчүнчү орунду германиялыктар утуп алышаарын “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Бокс боюнча өлкөнүн улук машыктыруучсу Адылбек Бекболотовдун пикиринде, Уругвай өлкөсү мыкты оюну менен таанылып, алар германиялыктарды утуп алышы да мүмкүн.

10-июлда дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн Уругвай менен Германия өлкөлөрүнүн футболчулары мөрөй талашуусун Кыргызтелерадио корпорациясы түнкү саат он экиден 30 мүнөт өткөндө түз алып көрсөтөт.

Эки команданын ким жеңсе, үчүнчү орундун ээси болуп, коло медалдар менен сыйланат.

Футбол боюнча дүйнө чемпиону деген наам үчүн 11-июлда Испания менен Голландия өлкөлөрүнүн тандалган командалары күч сынашат.


XS
SM
MD
LG