Кечээ Кыргыз өкмөтү Кыргызстанда “Азия - кызматташтыктын аймагы” деген аталышта ар жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары тууралуу токтом чыгарды.
Мындай токтом өлкөдөгү президенттик шайлоолорго байланыштуу быйыл бир аз кечеңдеп чыкты. Бул иш-чараны жетектөө үчүн вице премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева башында турган уюштуруу комитети түзүлүп, кеч болсо да спорт оюндарынын жобосун иштеп чыгуу тапшырылды.
Ушундай эле аталыштагы спорт оюндарды буга чейин өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо агенттиги ШКУ жана Кесиптик кошун, спорт уюмдарынын Эл аралык федерациясы менен бирге 2001-жылдан бери өткөрүп келатат. Ага өткөн жылдары Кытай, Орусия, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан аймактарынан 2500 спорт ардагери катышкан.
Демилгени Борис Рогатин башында турган Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясы да ар тараптан колдоп, көмөк көрсөтүп келүүдө.
Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо агенттиги жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында эл достугуна данакер болгон Ысык-Көл оюндары быйыл Чолпон-Атада тогузунчу ирет өткөрүлөт.
- Алгач Ысыккөл оюндары спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлсө, быйыл спорттун 15 түрүнөн таймашууларга эки миңден ашуун спортчу катышканы камылгалар көрүлүүдө. Оюндар эки топ менен өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдештер болмокчу.
Биринчи оюндар «21-кылым - улут ден соолугунун кылымы» деген ураан менен башталса, үч жылдан бери оюндун урааны “Азия- кызматташтык жана тынчтыктын аймагы” деп аталды.
Өлкөнүн “Жаштык” спорт борборунун жетекчиси Зулумбек Исабековдун пикиринде бул оюндардын келечеги кең, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот.
-Кыргыз жергесинде, айрыкча керемет Ысык-Көлдө мындай оюндарды жыл сайын өтүшү туристтердин көп келишине өбөлгө болмокчу. Ошондой эле улуттар арасында ынтымак ыдырабай, Ысык-Көл оюндары достукту ширетип турат. Меймандар мелдешке дагы катышып, көлгө түшүп, абдан жакшы эс алууга ыңгайлуу. Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Бул ар тараптан колдоого алуучу иш- чара.
Өлкөнүн дене тарбия, спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында эреже боюнча өлкөнүн тандалма командасынын мүчөлөрү бул мелдештерге катышууга акысы жок болсо дагы мындай шартты орусиялыктар менен казакстандыктар аткарбай жүрүшөт.
Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, Ысык-Көл эл аралык оюндарынын деңгээлин көтөрүү үчүн Түркиянын, Индия, Пакистан, Ооганстан жана Иран мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса дурус болмок, деген сын пикирлерди айткан адистер да болууда.
Ошентип эл аралык Ысык-Көл оюндарынын баш байгесин ар жыл сайын Орусиянын командасы колдон чыгарбай келүүдө. Бул сөзсүз сүрөт дегендей эле кеп. Алар спорттук күч- кубаты, даярдыгы жогору өлкө экенин далилдеп жүрүшөт.
Бирок коңшу Кытай өлкөсү бул Ысык-Көл оюндарына анча маани бербей, Синзян-Уйгур автономиялуу республикасынан гана чакан делегация жиберип жүргөн. Тилекке каршы, Үрүмчүдөгү окуядан кийин ар кандай шылтоо менен быйыл Ысык-Көл оюндарына катышпай калуусу ыктымал экенин адистер айтышууда.
Ысык-Көл оюндары ар жыл сайын өткөрүп жүргөн “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын спорт имараттары, аянтчалары эл аралык талаптарга жооп бербестигин Талас облустук спорт борборунун жетекчиси Шаршенбек Конгантиев сынга алды.
Көпчүлүк жергиликтүү калк мелдештер өтүп жатканы тууралуу да билбей калып жүрүшөт. Себеби маалымат булактарында Ысык-Көл оюндары тууралуу аз кеп болуп, жарнамалар да аз илинип калууда.
Оюндун кадыр-баркын арттырган, учурунда дүйнөгө таанылган орусиялык олимпиада чемпиондору Надежда Раджевич, Лидия Логинова, Светлана Кунышева, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Игорь Бугров, Сергей Мерзляков жана Андрей Поландын Чолпон-Атага келиши болгон.
Ал түгүл төртүнчү оюндардын ачылыш аземине Орусиянын экс-президенти, маркум Борис Ельцин дагы катышкан.
Кеңеш доорунда казак спортунун сыймыгына айланган Райым Идирисов, Рустам Максимов жана Төлөндү Ахмеджановдун Ысык-Көл оюндарына келиши анын таасирин дагы арттырган.
Былтыр Ысык-Көл оюндарынын рекордун казакстандык чоюн көтөрүүчү Юрий Ильин жаңырткан. Ал 24 кг чоюнду сол колу менен эле 10 мүнөттө 210 ирет башынан бийик көтөрүп, алтын медаль тагынган. Ал эми 80 кг салмактагы спорт ардагери орусиялык Геннадий Поздеев болсо оң жана сол колу менен он мүнөттө 24 кг уюган чоюнду 256 жолу көтөрүү менен чемпион аталган.
Быйылкы Ысык-Көл оюндарын өткөрүүгө кыргыз өкмөтү 2 млн. сомго жакын каражат бөлдү. Эл аралык ири мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышууга спортчуларга каражат жетишпей жатканда, спорт чиновниктеринин Ысык-Көлдө оюндарды шылтоо кылып, бирок эл аралык деңгээлге жеткирбей жатышын айрым спорт адистери сынга алып жүрүшөт.
Быйыл 5-сентябрда Чолпоната шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында 9 - эл аралык Ысык-Көл оюндары спорттун 15 түрү боюнча башталып, мелдештер 11-сентябрга чейин өткөрүлөт.