Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

К. Турдумамбетов: Жалал-Абаддагы тополоңду Бакиевдер каржылаган


Жалал-Абаддагы 14-майда болгон тополоң
Жалал-Абаддагы 14-майда болгон тополоң

14-майда Жалал-Абадда массалык тополоң уюштургандарга кылмыш иштери козголуп, элге ок аткандар изделүүдө. Бул жөнүндө Жалал-Абад облус прокурору Каныбек Турдумамбетов "Азаттыктагы" маегинде айтты.

Ошол эле учурда 17-18-майда Ала-Бука районунда эки баланын урушунан улут аралык жаңжал чыгаруу аракеттери жасалып, чыр-чатак сүйлөшүүлөрдөн кийин басылып, күнөлүү адамдарды иликтөө-тергөө иштери башталды.

- Каныбек мырза мен жаңы эле облустун Ала- Бука районунун акими менен сүйлөштүм. Анын билдиришче бүгүн эки миңдей адам райондук бийликтин алдында митинг өткөрүштү. Алар кандай талап менен бийлик алдына келгени прокуратура тармагына маалым болдубу?

- 2010-жылдын 16-майында Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык округуна караштуу Достук айылында Шахидов Кадырбек жана Токторбаев Даниярдын ортосунда себепсиз уруштун чыгып кеткенинин натыйжасында 17-майда Ала-Бука райондук борборунда өзбек улутундагы атуулдар чогулуп, баланын жоопкерчилигин чечүү боюнча талаптарды коюшкан. Райондук прокуратура, ички иштер бөлүмү тарабынан ал баланын кыймыл аракетине баа берилип, атайын тергөө чаралары көрүлүп атат.

Андан кийин бизге түшкөн маалымат боюнча, кечки убакыттарда Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунан кыргыз улутундагы эки миңдей адамдар чогулуп өзбек диаспорасына талаптар коюп атыптыр. Бирок ал жерге кечээ тез арада облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов ички иштер бөлүмүнүн башкармасы менен барып кырдаалды чечип келди.

Бирок ага карабастан бүгүн дагы бир жарым-эки миңдей кыргыз атуулдары чогулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин бүгүнкү саат бир жарымга тарап, кырдаал стабилдештирилди. Болгон чыр-чатак боюнча атайын тергөө жүрүп атат. Айтып кете турган нерсе, бул дагы азыркы деструктивдүү күчтөр, болбогон эки баланын ортосундагы урушту улуттар аралык пайдаланганга аракет кылышты десек болот.

- Айрымдар кечээтен бери айтып интернет булактарда жазып жатышкандай Ала-Бука районундагы окуяны улуттар аралык араздашуу деп баалоого болобу?

- Андай нерсе жок, кыргыз-өбзектердин мамилеси жакшы. Бирок ортодо атайын күчтөр бар, ошол маселелерди көтөрүп, атайын ушундай ишке барып аткандары бизге маалым болуп атат.

- 17- майда ошол райондо ок атылды, чогулгандар жанына барган автоунааны аңтарып ийишти деген каңшаарлар угулду эле, алар ырасталдыбы?

- Ал боюнча ички иштер органдарынан сураш керек, бизге эч ким кайрылган жок.

- Учурда Ала-Бука району менен бүткүл Жалал-Абад облусунда кырдаал жөнгө салындыбы?

- Кырдаал азыркы убакытка тынч, стабилдештирилди. Ала-Букада бийликтин өкүлдөрү иштеп атышат. Райондук прокуратурадан, облпрокуратурадан ошол жерден чыккан жигиттерибиз да барып, элдер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бүгүнкү күндө кырдаал стабилдештирилди.

- Сизде мындан ары облуста тынчтык болот деген ишеним барбы?

- Жалал-Абад, Ош облусунда коомдук абал бир топ оор эле болуп турат. Бирок ошого карабастан облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, прокуратура органдары менен тыгыз иш жүргүзүп атат, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Кырдаалды түздөп, оңдоп, мамлекеттик органдар толук кандуу иштеп кетишине бир топ аракеттер бар.

- 14-майда Жалал-Абадда массалык баш аламандыкты уюштургандар боюнча кандай иш- аракеттер көрүлүүдө. Элге ок аткандар табылдыбы?

- Биздин Жалал-Абад шаарында болуп кеткен окуялар боюнча 13-майдагы массалык тартипсиздик боюнча өзүнчө иш козголуп, тергөө жүрүп атат, 14-майда болсо 66 киши жараат алып, эки киши каза болду. 66 кишинин 32си ок тийген жарадарлар. Алар боюнча өзүнчө иш козголуп, адам өлтүрүү боюнча атайын иш козголуп, азыр тергөө жүрүп атат.

Мурдагы губернатор болгон Кошбай Масиров, анын орунбасарларынын жоопкерчилиги чечилип атат. Себеби ошол түнү келип, алар кабинеттерди ээлеп алышкан. Мындан сырткары атайын аялдардын тобу болгон, алардын аты-жөнү аныкталып, азыр издөө жарыяланып атат. Бакиевдердин туугандары, бир туугандары ушуну уюштуруп, каржылаганы далилденип атат.

- Ок атылчу куралдар табылды, элге ок аткандар кармалабы?

- Ок атылган боюнча бизде көп видеоматериалдар бар. Азыр ал боюнча иш жүрүп атат, алардын аты-жөнү такталган. Мындан тышкары бир топ курал жарактар алынган. Мен ойлойм, ок аткан адамдарды тергөө мезгилинде таап, жоопкерчилигин чечебиз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG