Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:03

Баш кесмек бар, тил кесмек жок ...


Казакстандын Ички иштер министрлиги кыргызстандык журналист Г. Павлюкка Алматыда кол салуу факты боюнча кылмыш иши козголгондугун жарыялады. Бул аралыкта Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясы билдирүү таратып, өлкөдө журналисттерге кол салуулар күчөп, сөз эркиндигин муунтуу аракети жасалып жатат деген пикирин билдирди.

Павлюк жаткан Алматыдагы №2 оорукана
Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Олег Иващенконун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө аракеттенүү фактысы боюнча Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду:

-Алдын ала жүргүзүлгөн иликтөөлөр Г. Павлюк Алматы шаарына 16-декабрда командировка менен келип, бир катар жолугушууларды өткөргөнүн көрсөттү. Учурда аны өлтүрүүгө аракеттенүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында оперативдүү-тергөө тобу түзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул иш боюнча бардык кырдаалдарды аныктап, кылмыш ишин ачуу үчүн болгон күчтү жумшап жатабыз.

Кыргызстандык журналист, “Ибрагим Рустамбек” деген псевдоним менен жазып жүргөн Геннадий Павлюкту белгисиз бирөөлөр колу-бутун таңып туруп, 6-кабаттан ыргытып жибергени айтылып келе жаткан. Бул ишке байланыштуу казак милициясы козгогон кылмыш ишине Кыргызстан тиешелүү мыйзам чегинде көмөктөшүп жаткандыгын КР ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” кабарлады.

Бул аралыкта БЭК менен социал-демократтар фракциясы Г. Павлюкка жана кыргызстандагы башка журналисттерге болгон кол салууларга карата коомчулукка кайрылып, “журналисттерди уруп-сабоонун күчөшү – аларга кол салгандарга бийлик олуттуу чара көрбөгөндүгүнүн натыйжасы” деген пикирин жарыя кылды. Социал-демократтар бийлик мындай учурларда унчукпай, башын ийнине катып, “бардыгын сот чечет” деп четке чыга бериши - анын жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу тууралуу Конституциялык милдетин аткарбай жатканын көрсөтүп турат деп эсептешет. Ошондой эле алар мамлекет башчысынан журналисттердин коопсуздугун чыңдоону жана өлкөдө басма сөзгө эркиндик берүүнү талап кылышкан.

Социал-демократтардын маалыматы боюнча акыркы үч жылда Кыргызстанда 60тан ашуун журналистке кол салуу болуп, үчөө каза тапкан. Өмүрүнүн коопсуздугу үчүн чет мамлекетке баш калкалап кеткендери болду. Жакында эле белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу таякталып, бүгүнкү күнгө чейин ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болуп жаткан дагы бир журналист, “Ош шамы” гезитинин кабарчысы Кубаныч Жолдошев басма сөз кызматкерлерине болгон кол салгандардын жазасыз калып жатышы –журналисттик иликтөө, талдоо дегенди жок кылып жатканына кейийт:

-Бүгүнкү күнү “Журналист болуунун зарылчылыгы барбы? Журналист деген кесиптин өзү керекпи?” деген суроо туула баштады. Анткени мына ушундай үстөккө-босток токмоктоло беришинин, мунун көнүмүш тенденцияга айлануусунан улам, азыр иликтеп-талдоочу журналистика жоголуп баратат, жок болуп калды. Мурдагы союздун тушундагыдай эле башкарууч партия менен бийлик эмнени айтса, ошону үгүттөп, жарыялап жүрө бериш керек болуп калып жатат.

Журналисттерге кол салуунун күчөшү боюнча ар кандай кайрылуулар кыргыз бийлигине, президентке жолдонуп эле келе жатат. Бирок көпчүлүгү милиция менен соттун кароосуна калтырылган мындай кол салуулардын бети ачылып, күнөөлүүлөр жазасын алганы тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе.

Бул тууралуу белгилеген “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев мындай маалыматтарды берүүнү ИИМ кечиктирип келе жатканын айтып кетти:
М. Токоев: "Журналисттерге кол салуулар боюнча кылмыш иштеринин ачылып, күнөөлүүлөр жазасын алганы тууралуу маалыматтар жокко эсе..Э


-Эмне үчүн дегенде балким, кээ бир иштер боюнча күнөөлүүлөр табылгандыр, жазасын алгандыр. Бирок ал тууралуу кеңири айтылбагандыктан, журналисттерге каршы кылмыш иштери аягына чыкпай, жазоосуз калып жаткандай сезилет. Биз мына ушуну да билели дегенбиз. Бул тууралуу маалымат бергиле деп сурап, тартип коргоо органдарынан талап кылып келе жатканыбызга көп болду. Чынын айтканда тилибиз тешилди.

Марат Токоев журналисттерге кол салуунун күчөшүнө жазмакерлер арасындагы биримдиктин, тилектештиктин жоктугу да себепкер деген пикирде.

Ал эми милиция болсо басма сөз кызматкерлерине кол салуу фактылары боюнча ар бир кылмыш иши катуу көзөмөлдө турганын баса белгилөөдө. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча ар бир кылмыш иши министрдин жеке көзөмөлүндө:

-Журналисттерге кол салуулар боюнча козголгон кылмыш иштеринин бири да кароосуз калган жок. Ар бир иш боюнча иликтөө-тергөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр кармалып, сотко ашырылгандары бар. Мындай кылмыш иштеринин бетин ачуу, алардын сапаттуу тергелүүсүн министр Молдомуса Конгантиев жеке көзөмөлдөп жатат.

Ошол эле мезгилде быйыл жазында белгисиз бирөөлөр катуу сабап, колу-бутун сындырып кеткен журналист Сыргак Абдылдаевдин фактысы боюнча козголгон кылмыш иши ачылбаган бойдон калууда. Муну ИИМдин басма сөз кызматы да тастыктады.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG