Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Акыйкатчы акыйкаттан тайдыбы?


Акыйкатчы Турсунбек Акун
Акыйкатчы Турсунбек Акун

Адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик институттун Ош шаарында жайланышкан түштүк өкүлчүлүгүнүн үч кызматкери Жогорку Сотко арыз жолдошту. Анда Акыйкатчы Турсунбек Акун аларды жумуштан жүйөөсүз бошоткондугун негиздеп, акыркы инстанция катары калыстык кылууну суранышкан. Ошол эле учурда экинчи тарап даттануучулардын дооматын төгүндөп, үчөө тең мыйзам чегинде ишинен кыскартылгандыгын айтууда.

Акыйкатчынын Ош облусун жана шаарын камтыган түштүк өкүлчүлүгүнүн мурдагы кеңешчилери Юруслан Истанов, Худаяр Нарматов, Темирбек Бегматов ырасташынча, 2008-жылдын 26-майында үчөөнү тең жетекчиси Турсунбек Акун кыскартууга шылтоолоп кызматынан жүйөөсүз бошоткон.

Аталган буйрукта Эмгек Кодексинин жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын талаптары одоно түрдө бузулган. Сотко кайрылаардан мурда адам укугун коргоо боюнча мамлекеттик институттун кызматкерлери Башмыйзам кепили катары президентке, ошондой эле Жогорку Кеңеш төрагасына арызданышкан, тилекке каршы, сегиз айдан бери ал жактардан эч кимиси үн ката элек. Ал эми Ош шаардык жана облустук соттору мурдагы акыйкатчылардын талабын канаттандыруусуз калтырды.

Кепке тартканыбызда, Юруслан Истанов өзүнүн жана кесиптештеринин жумуштан бошотулушун төмөнкүчө чечмеледи:

- Турсунбек Акун акыйкат үчүн күрөшүп келген акыйкатчынын кызматкерлеринин өздөрүнүн укугун тебелеп жатат. Мурда биз Турсунбай Бакир уулунун колунда иштегенбиз. Биринчи себеп ушул. Экинчи себеп, Акыйкатчыда дагы коррупциянын тамыры барбы деген ой келет. Кадрларды карасыңыз түштүк региону боюнча, баары жашы жетип пенсияга чыккандар отурат.

Сөз арасында Юруслан Истанов Акыйкатчынын түштүк өкүлчүлүгүнүн жана анын кызматкерлеринин ишине бейөкмөт уюмдар ачык кийлигишип, тоскоолдук кылып жатышкандыгын да ачыктады:

- Мындай ойду Темирбек Бегматов да кубаттап, акыркы мезгилде Акыйкатчы бийликтин кол баласына айлангандыгын билдирди:
Азыркы акыйкатчы келгенден бери бийликке көз каранды болуп калды. Көбүнчө ушул Бакиевдин тапшырмасын аткарат, өзүнүн жеке көз карашы жок, жеке позициясы жок, бирөөнүн башы менен иштейт.

Ошондой эле маектешибиз Темирбек Бегматов акыркы инстанция катары Жогорку Соттон калыс чечим күтүп жатышкандыгын да жашырган жок.

Ошентсе да, Акыйкатчы Турсунбек Акун Юруслан Истановдун, Худаяр Нарматовдун, Темирбек Бегматовдун Жогорку Сотко даттануусуна негиз жок деп эсептейт:

-Мурдагы иштеп кеткендердин катасын кайталабайын деп атам. Өзүңөр билесиңер курсташтарын, классташтарын, таякелерин, жээндерин, жердештерин Бишкекте жатып эле кое берген. Мен демократиялык жолго салып атам, бирок кемчиликтер кетиши мүмкүн. Анткени мурда катуу талаптар коюлган эмес, бейөкмөт уюмдар менен булар такыр иштеген эмес. Бейөкмөт уюмдар менен жакшы иштей албаса, кызматтан кетишет.

Оштогу бир катар бейөкмөт уюмдар байкашынча, Акыйкатчынын мындай ниети кагаз жүзүндө гана калып келатат. Бул туурасында жергиликтүү укук коргоочу Рахима Матраим кызы төмөнкүчө ой бөлүштү:

- Эмне үчүн биздин башыбызга иш түшсө мээбизге Бишкектен укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, Абдрасулова келет. Эмне үчүн биздин өзүбүздүн жакын жердеги укук коргоочуларыбыз жок. Биз мурда Омбудсмен деп атын эле укчубуз. Ошон үчүн биринчи алардын аброюн көтөрүш керек.

XS
SM
MD
LG