Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Ош бийлигинин жаңыча шайлоо амалы


Ош шаар бийлиги бейшембиде президенттик шайлоодо алгачкы жолу добуш берүү укугуна ээ болгон жаштарды белек-бечкектер менен сыйламай болушту.

Шаар бийлигинин «белек-бечкек» берчү иш-чарасы он сегизге жаңыдан толуп, алгачкы жолу добуш берүү укугуна ээ болгон улан-кыздар жана шайлоого катышкан эң кары адамдар үчүн уюштурулду. Бирок орто мектепти эми эле аяктап окуу жай босогосун аттаганы турган жаштар үчүн бул иш-чара «сүйүнчү» боло албагандай.

Руслан, добуш берүү укугуна ээ болгону менен Кыргызстанда таза шайлоо өтөөрүнө ишеними жок:

- Биздин мамлекетте таза шайлоо өтпөшү баарыбызга маалым да. Бардык досторум айтып жатышат, баары бир Бакиев утуп чыкты деген жыйынтык чыгарышат да деп.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү Улан сыяктуу эле өлкө башчысын тандоодо жан-жабыла добуш берүүгө катышабыз дегенден алыс. Бирок атын атоодон баш тарткан шаардагы орто мектептердин биринин мугалиминин айтымында, мектеп директорунун демилгеси менен президенттик шайлоодо бүтүрүүчүлөрдү кайрадан топтоп, добуш берүүгө катыштырмай болушту.

-Бүтүрүүчүлөрдүн баарын топтойбуз, келишет. Добуш берүү боюнча түшүндүрөбүз. Биздин мектепте уюштуруу жакшы, анын баары чечилген. Бюурса, аларды сөзсүз шайлоого катыштырабыз.

«Шайлоого катыштыруу» көрүнүшү орто мектептерде гана эмес, өзгөчө жогорку окуу жайларында ар бир шайлоодо өкүм сүрүп келатканы айтылат. Айрым жогорку окуу жайлардын миңдеген студенттери шайлоонун айынан эс алууга да чыгышпай, жайкы саратанда окуп жүрүшөт.

Алыскы Алай районунан келген жубайлар Касым менен Ашыркан университет алардын студент уулун шайлоо өтмөйүнчө эс алууга чыгарбай жатышканына даттанышууда.

Касым: Студенттерге аябай эле оор болуп жатат. Бул убакта дем алыш керек болчу. Президенттик шайлоого шылтап, кармап жатышат.

Ашыркан: Атайын кармап турушат. Себеби, студенттерди шайлоодо үч-төрт сыйралап добуш бердиртишет экен. Бул туура эмес да, мисалы менин балама азыр ысык өтүп, ооруп калды.

Ал эми оппозициялык партиялардын Оштогу өкүлдөрү болсо, шайлоонун жайкы аптапка белгиленишин, атайылап ойлонуп табылган ыкма катары баалап чыгышкан. Алардын пикиринде, бул жолку шайлоого калктын араң дегенде отуз пайызы катышат. Калган добуштар сөзсүз Бакиев тарапка бурмаланат. «Ата-Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасы Бакыт Калмаматов:

-Жай мезгилине шайлоонун белгилениши элдин шайлоого катышпасын деген ой. Эгер эл шайлоого толук катышса, анда бүгүнкү бийликке нааразылардын саны артып, азыркы президент шайлоодон өтпөй калат. Муну президенттин акыл-эстүү политехнологдору билип, шайлоону жайкы саратанга белгиледи. Бүгүн Кыргызстанда 50% гана шайлоочу болсо, анын 20%ы эс алууда жүрсө, 30 % гана шайлоочу катышат. Аны бирдиктүү оппозиция биз алабыз. Бүгүнкү бийликтин саясатынан тажаган адамдар добуштарын бизге беришет.

Деген менен борбордук шайлоо комиссиясы бул жолку шайлоо таза жана ачык –айкын өтөөрүн, жана элдин катышуу көрсөткүчү дагы мурдагы шайлоолордон көбүрөөк болот деп ишендирип жатышат. Шайлоо комиссиясынын Ош шаардык штабынын жетекчиси Мухтар Пайзулдаев:

-Президенттик шайлоого мурдагы шайлоолордон айырмаланып өтө көп байкоочулар катышып жатышат. Болгондо да эл аралык байкоочулар. Шайлоонун жыйынтыгын ошол байкоочулар менен чогуу санайбыз.

Ал эми шаар жаштарынын басымдуу бөлүгү 23-июлда алардын добуштары эске алынаарынан шек санашып, добуш берүүгө катышкан менен жыйынтыгы бурмаланат деген ишеничте.

Ошентип учурда шаар бийлиги жайкы саратанга белгиленген шайлоодо жаштардын калың катмарын кантип добуш берүүгө катыштырыштын айласын издеп жаткан учуру.

Серепчилер болсо, буга чейинки өткөрүлгөн таза эмес шайлоолордон көнүлү калган жаштар, бул жолу бийликтин азыноолак белек-бечкегине көңүл бурушпайт деген пикирде.

Эске сала кетсек, 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо Ош шаарында эле төрт миңге чукул үгүтчү иштеген «Ата-Мекен» партиясы 630 добуш албай калды деген кине менен жеңиштен четтетилген. Аталган партиянын үгүтчүлөрүнүн басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG