Бейөкмөт уюмдун өкүлү Гүлнара Жороева, “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алманбет Шыкмаматов Алматы шаарында ооруканада оор жаракат алып, жасалма дем алдыруу менен жаткан журналист Геннадий Павлюктин ал- ахыбалын билип келишти. Журналист Павлюк 16-декабрда Алматыда көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан колу-буту байланып ыргытылган деген божомол бар. Учурда журналисттин өмүрүн сактап калуу менен бирге ага карата кол салуунун бетин ачууга аракеттер жүрүп жатат.
Гүлнара Жороева: - Биз Алматыда Павлюктун аялы Ольга менен жолугуштук. Ал жерге анын кичүү уулу менен мурунку аялы дагы барыптыр. Биз андан башка кылмышты иликтеген кызматкер Сирожиддин, анын жетекчиси менен жолугуштук. Биздин көзүбүзчө Ыкчам аракеттенчү өзгөчө топтун кызматкерлери келишти. Менимче, алар Павлюкту ооруканада кайтарууга алышат. Ал жерде дагы Кыргызстандын Алматыдагы консулдук кызматынын өкүлү дагы болду. Анын айтуусунда, Павлюктун колу-буту байланган болгон, башкача айтканда анын колу-бутун байлап туруп ыргытышкан.
Бул окуя Фурманов көчөсүндө болгону анык, бирок кайсы үйдө экени айтылган жок. Анын үстүнө иликтөө амалдарын жүргүзүүнүн кызыкчылыгы үчүн ашыкча маалымат берүүдөн баш тартышты. Маалыматтын баарын тең азыр жашыруун кармашууда. Казакстандын күч органдарынын өкүлдөрү бул ишти Ички иштер министринин орун басары өзү көзөмөлгө алгандыгын айтты.
- Журналисттин абалы тууралуу ооруканын дарыгерлери менен сүйлөшө алдыңыздарбы?
Гүлнара Жороева: - Биз болгону медициналык айым менен гана сүйлөшө алдык. Павлюкту ооруканага анын кезмети күнү алып келишиптир. Анын айтуусунда, ал эс учу жок, кийимдеринин баары кан болган абалда алынып келинген. Мындай башка эч бир жаңылык уга алган жокпуз. Дарылап жаткан врачтар менен кезиге алган жокпуз. Бирок Ольганын жана кылмышты иликтеген полиция кызматкерлери Павлюктун абалы өтө оор абалда экендигин айтышты. Дарыгерлерге ким менен болсо дагы анын абалы тууралуу сүйлөшүүгө болбой тургандыгы эскертилиптир.
- Павлюктун жубайы Ольга күйөосүнүн эмне максат менен Алматыга кеткендигин, ким чакыргандыгын билет бекен?
Гүлнара Жороева: - Ольганын айтуусунда, Павлюк 16-декабрда Алматыга чыгып, кайра эртеси эле 17-де келээрин айткан. Ал Алматыда узакка калууну пландаштырган эмес. Анан дагы ал Алматыга бараарын Ольгага так айткан. Мен Ольгадан жанагы Павлюк ыргытылган үйдө алардын тааныш-туугандары жашаарын сурадым. Ольга ал үйдө алар тааныган эч ким жашабаарын айтты. Башкача айтканда, ал үй Павлюкка такыр тааныш эмес жер болгон.
Ал эми мейманканадан ошол тааныбаган үйгө кантип барып калганын сураганымда, ал эч нерсе билбээрин айтты. Бул багытта тергөөчүлөр дагы эч бир маалымат беришкен жок. Ал эми биздин Павлюкту ал жакка балким күчкө салып алып барыштыбы, же кандай болгон деген сурообузга алар жооп берүүдөн кесе баш тартышты. Павлюк “Казакстан” мейманканасына токтогонун биле алдык.
- Маалымат каражаттары шектүү делген бирөөнүн фотосөлөкөтү түзүлгөнүн жазып жатышат. Бул тууралуу кененирээк бирдеме билдиңерби?
Гүлнара Жороева: - Ал тууралуу эч нерсе айтышкан жок. Анан дагы ишти иликтегендер бизге кылмышты изилдөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч кандай ашыкча маалымат берилбестигин туура түшүнүүбүздү суранышты. Менин баамымда кылмышты иликтеп жаткандар анын бетин ачууга абдан ынтызардай көрүндү. Аларга он күндүк мөөнөт берилиптир. Алардын айтуусунда, болгон күч аракет жумшалат экен.
- Кылмышты иликтегендер өздөрү кандай негизди карманып жатышат?
Гүлнара Жороева: - Адам өлтүрүүгө аракет деген берене менен кылмыш иши ачылыптыр. Демек, бир эле ушул берене менен иш ачылса, башка негиз болбосо керек да.