Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

М.Саралинов: "Спортчуларыбыздан үмүт чоң"


13-августта өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов баштаган расмий делегация Сингапурга жөнөп кетти. Мурат Саралинов Сингапурга аттанар алында 14-августта Сингапурда баштала турган I жаштар олимпиадасы, оюндардын өзгөчөлүктөрү, кыргызстандык катышуучулар жана спорт көйгөйлөрү тууралуу маек курду.

- Улан-кыздар арасында биринчи олимпиадалык оюндарды өткөрүү укугун Сингапур өлкөсү кандай шарттар менен жеңип алды? Кайсы мамлекеттер өзүнүн талапкерлигин коюшту эле?

Мурат Саралинов:
Эң башында талапкерлер болуп 11 шаар чыккан, анын ичинде Москва, Алжир, Афина, Бангкок, Польша, Сингапур, Туран. Бирок 21-февралда Швейцариянын Вазана шаарында Эл аралык олимпиада комитетинин чечими менен добуш берүү болгон. Ошол добуш берүү боюнча финалга эки шаар - Москва менен Сингапур - чыккан. Ошол жерден көпчүлүк добуш менен Сингапур шаары утуп алган. Ошентип 2010-жылы өтө турган жаштар арасындагы олимпиадага Сингапур шаары татыктуу болду.

-Эми ушул Сингапур шаарында 14-августта баштала турган олимпиадага канча жаштагы жаштар катышат, анан мөрөй талашуулар кандай шарттарда өтөт?

Мурат Саралинов:
Бул олимпиада 14 жаштан 18 жашка чейинки муундардын арасында болот. Ошол жаштар олимпиадасына 3000ден ашык спортчу катышат. Спорттун олимпиадалык 30 түрү боюнча мелдешүү болот. Ошол мелдешүүлөрдүн түрлөрүнүн баары 2012-жылы Лондондо боло турган олимпиадага кирет.

- Кыргызстандан 8 спортчу Сингапурга аттанып кетишти. Эмне үчүн саналуу гана спортчу жолдомо жеңип алышты, жолдомо алууга эмне кыйынчылыктар болдубу?

Мурат Саралинов: Сингапур шаары абдан көп спортчуларды кабыл ала албайт. Ошондуктан талаптар абдан катуу коюлуп, бизде күрөш боюнча мындан көп жолдомо алышкан. Бирок чектөө коюлуп, бизге эки гана жолдомо беришти. Бул жерде талап абдан күчтүү болуп, Кыргызстандан 8 спортчубуз гана жолдомо алып, жаштар олимпиадасына катышканы турат.

- Ошол кеткен 8 спортчулардан кимдери, кайсы спорттун түрлөрү боюнча мөрөй алып калышы мүмкүн?

Мурат Саралинов: Биринчиден, салт болуп калган олимпиадага чейинки көрсөткүчтөрдү эске алыш керек. Ошондуктан биз дайыма анализ, талдоо кылабыз. Бүгүнкү күндө грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыздын көрсөткүчтөрү татыктуу. Ошондой эле бокс боюнча биздин спортчубуз Исломжан Далибаев акыркы жолу дүйнө чемпионатында 3-орунга ээ болгон. Дзю-до боюнча азиялык, дүйнөлүк биринчиликте мөрөй алган Болотбек Токтогоновго президентибиз Роза Отунбаева Сингапурга жөнөп жатканда Кыргыз туусун тапшырды. Ал да өлкө жетекчисинин ишенимин актоого аракет кылат деп ишенип турабыз. Ошондуктан эң негизги 4 спортчубузга биз тилек кылып, алар мөрөй алышына үмүттөнүп жатабыз.

- Сингапурда мурда болдуңуз беле? Алар спортко кандай көңүл бурушат? Спорт имараттары, стадион, спорттук комплекстери учур талабына ылайык курулса керек?

Мурат Саралинов: Былтыр Лозанада Сингапурда эл аралык олимпиада болот деп чечим чыккандан кийин Азия олимпиадалык кеңешинин президенти Шейх ал-Сабах да чечим чыгарып, шашылыш түрдө жаштар арасында азиялык олимпиада оюндарын өткөргөн. Ошондо биз барып көргөнбүз, ошого карабастан Сингапурдун бийлигинин жетекчилерине баа бериш керек. Убакыттын тардыгына карабай бүт шарттарды түзүшүп, жаштар арасындагы азиялык оюндарды абдан жогорку деңгээлде өткөрүшкөн. Биз ошондо эле байкаганбыз, кандай мамлекет, спортко көңүл буруп жатканын, эли кандай экен көрүп келген элек. Бул шаар - мамлекет мыйзамды абдан катуу кармаган, коррупциясы жок, экономикасы өнүккөн мамлекет экендигин өз көзүбүз менен көрүп, күбө болгонбуз. Ошондуктан биз аларга жогору баа берип, ишеним менен келдик. 14-августта баштала турган алгачкы жаштар олимпиадасын да жогорку деңгээлде өткөрүшөт деп ишенип турам.

- Ушул олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын делегациясынын чыгымдарын ким төлөйт?

Мурат Саралинов: Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитети чогулуп, мамлекеттик дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчиси Алмаз Касенов менен каражат жагын сүйлөшкөндө, көрүп түшүнүп турбайбызбы өлкөдөгү өткөн окуялар боюнча ал-абал кандай экенин. Анан бюджеттин тардыгына байланыштуу биз Эл аралык олимпиада комитетинде олимпиадалык тилектештик департаментти бар, ошого абалды түшүндүрүп, Кыргызстанга жардам берүү өтүнүч менен кайрылдык эле. Алар бизге өзгөчө мамиле кылып, жардам берип, каражат жагынан колдоого алышты.

Учурдан пайдаланып Эл аралык улуттук олимпиадалык комитетине өлкөнүн жаш олимпиадачыларынын атынан ыраазычылык билдирет элем. Туура түшүнүшүп спортчулар менен машыктыруучуларга бүт каражатын жол киресин, тамак-ашын жана жашай турган мейманканасына чейин бардыгын ЭОК өздөрү көтөрүп төлөп беришти. Ал эми спорт чиновниктери, Улуттук олимпиада комитетин жетекчиси катары биз болсо өзүбүздүн каражатка Сингапурга барабыз.

- Кыргызстандын олимпиадалык комитети быйыл кандай маанилүү мелдештерге катышат? Эң негизги мелдештер кайсылар деп эсептейсиз?

Мурат Саралинов: Эң негизги мелдеш - Кытай эл республикасынын Гуанжуо шаарында быйыл ноябрь айында өтө турган 16-Азиялык оюндары. Анткени бул азиялык оюндарда келе жаткан 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага талапкерлерди карап, сыноодон өткөрөбүз. Анткени Гуанжуодон кийин Эл аралык олимпиада комитетинин стипендианттары аныкталат. Аны да Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин чечими менен татыктууларын олимпиадалык стипендияга сунуштайбыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө 16-Азия оюндарына катышуу үчүн 270 спортчуга арыз берип, алардын документтерин каттоого алуу үчүн жөнөттүк. Эгерде 2006-жылы Дохада өткөн 15-Азия оюндарына 125 спортчу барса, азыр 270 спортчу катышууга арыз берип жатат. Бардыгын аккредитация кылдык, Азия оюндарын уюштуруу тобунан каттоодон өтүштү.

Эми Азия оюндарына катышуу үчүн каражат жагын карашыбыз керек. Сингапурда жаштар олимпиадасы учурунда жөн эле жүрбөстөн Азиялык олимпиада кеңешинин президентине ал-Сабахка да финансы, каражат жактан жардам көрсөтсө деп кайрылалы деп жатабыз. Эл аралык олимпиада комитетине, спорттук федерация жетекчилерине да жардам сурап кайрылабыз. Буйруса бул акыбалдан да чыгабыз. Эми мамлекетибизде стабилдүүлүк болуп, экономикабыз өнүгүп, баары жакшы болсо кийин өзүбүздүн шартыбызга карап иш кылат элек. Себеби эл аралык, дүйнөлүк спорт мелдештери, олимпиадалар, Азия оюндары Кыргызстан бутуна туруп алсын деп бизди күтпөйт. Бүгүн болсо 16-Азия оюндарына катталган 270 кишиден кимиси барарын Сингапурдан келип сентябрь айында талдоого алып, аныктайбыз.

- Сингапурдагы жаштар олимпиадасы учурунда кайсы мамлекеттердин спорт жетекчилери менен улуттук олимпиада комитетинин эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуп, кандай маселелерди сүйлөшсөм деген ой максат менен баратасыз?

Мурат Саралинов: Ушундай аудиторияны, жагдайды дайыма туура колдонобуз. Анткени өзүнчө барып жолугушууга да чоң каражат керек. Ошондуктан Азия оюндары болобу, олимпиада оюндары болобу бул жерде өзгөчө Улуттук олимпиада комитеттеринин жетекчилерине ылайыктуу шарт. Ошол жерден бардыгыбыз бири-бирибиз менен жолугабыз. Өзүбүздүн кесиптешери менен жолугуп, көп маселелерди талкууга алабыз.

Азыр Орусиянын Улуттук олимпиада комитетине жаңы жетекчи келди, анын да ой-кыялында жакшы идеалары бар. Шериктеш өлкөлөрдүн Улуттук олимпиада комитеттеринин президенттерин чогултуп, өзүнүнчө мурдагыдай Шериктеш өлкөлөр Спартакиадаларын, биринчиликтерин өткөрүү деген жакшы идеялары бар экен. Ошол иш-чаралар боюнча өзүбүздүн казак, өзбек, тажик кесиптештер менен байланышканбыз. Сингапурдан жаштар олимпиадасы учурунда жолугуп, уюштуруу маселелерди чечип кеңешебиз. Ошол жерден жаңы жетекчилер менен да жакындан таанышып, буюрса Шериктеш өлкөлөр аймагындагы мамлекеттер ортосунда кайра жылуу мамилелер пайда кылып,спорт жагынан кызматташууну чыңдап, Орусияга активдүү бир жүктү жүктөп, Сочи кышкы олимпиадасын утурлап, алар көп жүктү тартып кетеби деген ишеничтебиз.

-Кыргызстанга учурдагы ал-абалды эске алуу менен негизинен кайсы спортко басым жасаш керек?

Мурат Саралинов: Акча каражатына байланыштуу мына ушул маселелерди да президентибиз Роза Исаковна Отунбаева менен жаштар олимпиадасына жөнөп жаткандагы жолугушканда да ал киши өзү айтып кетти. Чынында спортко ойдогудай көңүл бурулбай жатканын башка өлкөлөрдүн мисалында айтып кетти. Бирок жетекчи катары спорт көйгөйлөрүн түшүнгөнүнө рахмат. Анын айтымында өлкөнү таанытуу үчүн көп каражат керек. Эгер эл аралык спорт кыймылында, Азия оюндарында жана олимпиадаларда татыктуу ийгиликке жетиш үчүн чоң каражат керек. Биз да аны түшүнүп турабыз. Бирок ошондуктан мамлекеттик Дене тарбия жана спорт агенттиги менен Улуттук олимпиада комитети мурда эле кеңешип чечкенбиз, приоритет түзсөкпү деп. Ошондуктан баягы эле күрөш, бокс, оор отлетика, жеңил атлетика, дзюдо, ок атуу деп алты спорттун түрүнө артыкчылык берип, басым жасайлы, артыкчылык берели деп алдыга максат койгонбуз. Ошол спорт түрлөрүндө таланттарыбыз бар, ал жерде машыктыруучулук тажрыйба, чеберчилик да бар. Жакынкы жылдары ушундай спорт түрлөрүн приоритет кылып колдоп турсак, кийин бардыгы стабилдүү болуп жакшы болсо бардыгына тең көңүл бурула турганга ниет бар. Бирок, тилекке каршы, бүгүн бардыгына тең каражат бөлүп, элүүдөн ашуун спорт түрлөрүнө тең бирдей көңүл бура албай жатабыз.

-Сингапурдагы олимпиадалык оюндун катышуучуларын президент Роза Отунбаева кабыл алганда кандай сыйлыктарды беребиз, кандай урмат сый көрсөтөбүз деди, эгер жеңүүчүлөр болуп калса?

Мурат Саралинов: Биз, Улуттук олимпиада комитети жана Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилиги менен бирге өлкө башчысына өтүнүч кат жөнөткөнбүз. Анда учурдагы кырдаалды эске алуу менен биринчи орунга 10 000, экинчи орунга 7 000, үчүнчү орунга 5 000 АКШ доллары сыйлык берилсе деген элек. Президентибиз Роза Исаковна "ушул суммага биз такабайлы, андан көрө жакшы ийгилик менен келсеңер андан да жакшы белектер болот" деп шыктандырып койду. Өлкө жетекчиси катары “эң биринчиден, намыстуу жакшы барып, ийгилик көрсөтүп келсеңер бул жакта ал жагынан эч проблема болбойт, буюрса жакшы баа берип, жакшы сыйлыктарды тартуулайбыз. Эң негизгиси Кыргыз туусун Сингапурда бийик көтөрөлү, ийгиликке жетеличи, келгенде ал жагынан эч проблема болбойт" деп Роза Отунбаева айтып, жаштарды намыска бүлөп, шыктандырып койду. Калганын Сингапурдагы таймашуулар жыйынтыктайт.
XS
SM
MD
LG