Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Балбан Урмат Аматов алтын медал жеңди


Урмат Аматов
Урмат Аматов

Сингапур оюндарында өлкө балбандары алтын жана күмүш медал жеңишти. Жел кайыкчылар Таиланда ийгилик жаратышса, кичи футболчулар жеңилүүгө учурашты.

Кыргызстандын кайыкчысы Таиланда жеңүүчү

Балыкчы шаарындагы яхта спортчулары биринчи жолу эл аралык мелдешке катышыты. Алар Таиландда өткөн падышанын байгесине арналган жарыштын 20 чакырымдык мелдешинде ийгилике жетишти. Анда кыргызстандык Илья Игнатьев алтын медаль ээси болсо, Владимир Соленый күмүш байгеге татыды. Биринчиликтин жалпы жыйынтыгы боюнча спортчу Соленый экинчи, ал эми Игнатьев үчүнчү орунду камсыз кылышты. Мелдешке дүйнөнүн ар тарабынан 30 кайыкчы катышышкан. Мелдештин жеңүүчүсүнө падышанын атайын байгеси ыйгарылды.

Кыргызстандын кичи футбол курама командасы жолдоштук беттешүүдө үч жолу жеңилди

Өлкө футболчулары Казакстандын “Кайрат” клубу менен Алматы шаарында оюн талаасына чыгышты. Алгачкы беттеш баштан аяк атаандаштардын чабуулу менен коштолуп, натыйжада оюн 11:1 эсебинде аяктап “Кайрат” клубу жеңишке жеткен. Бул командалар ортосунда дагы бир ирээт мелдеш өтүп, анда 6:4 упайында кайрадан “Кайраттын” спортчулары ийгилике жетишти. Коңшу өлкөнүн клубу менен Кыргызстан курамасынын ортосундагы акыркы оюн дагы Алматанын командасынын ийгилиги менен коштолуп, упай 10:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Кыргызстан курамасы Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы футзалчылардын катарында турат. Алар мындан бир нече жыл мурун Азия чемпионатынын коло байгесин жеңип алышкан.

Сингапур жаштар олимпиадасында кыргыз балбандары жеңишке жетишти

15-августта Сингапур жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Урмат Аматов өлкө намысын коргоп, финалдык таймашта украиналык Александр Литвиновду утуп алуу менен олимпиада чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Ал финалга чейинки таймашта венгриялык жана намбиялык спортчуларды жеңген. Ошондой эле кыргызстандык экинчи балбан Шадыбек Сулайманов алгач өзбек балбанынан утулуп, андан соң алжир, норвегия жана кубалык спортчуларды жеңип, коло байге утуп алды.

1-Сингапур жаштар олимпиадасына Кыргызстандын сегиз атлети жолдомо алышып, спорттун алты түрү боюнча өлкө намысын коргоодо. Анда: грек-рим күрөшүнөн Урмат Аматов менен Шадыбек Сулайманов, бокстан Исломжан Далибаев, спорттун азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, суучулдар Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев жана Сингапур оюндарынын ачылышында кыргыз туусун көтөргөн дзюдо чебери Болотбек Токтогонов бар.

Бул жаштар Олимпиадасына эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 600 жаш олимпиадачы спорттун 29 түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашат.

Өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаев биринчи жаштар олимпиадасындагы спортчулардын ийгилигине эл аралык адистер жогору баа берип жатышканын “Азаттыкка” билдирди:

- Кыргызстандан эки балбан жаштар олимпиадасына катышып, экөө бирдей финалга чыгып, бири алтын, экинчиси коло медаль утуп алышканына Эл аралык күрөш федерация жетекчилери жогору баа берип, атайын келип куттуктап кетишти. Эл аралык олимпиада комитетинин адистери дагы жаш балбандардын ийгилигин жогору баалашты. Кечээ Сингапурдун президенти бизди, мени жана мамлекеттик дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчиси Алмазбек Касенов экөөбүздү расмий кабыл алып, өлкөдөгү учурдагы ал-абалды, кырдаалды сурады. Биз баары жакшы жолго түшүп баратканын, ынтымак, достук кайра калыбына келип жатканын айтып бердик, - деди күрөш федерациясынын башчысы Бейшен Абилдаев
XS
SM
MD
LG