Бишкектен Орусиянын төрт шаарына накаан-накаанда каттаган поюздар баарына жетпейт. Каттаган поюздардын Казакстан, Орусия чек араларынан өтүүсү толгон-токой тоскоолдуктарга кабылууда.
Кылтылдаган поюзда калтыраган каттамчылар
Бишкектен Москва, Екатеринбург, Новокузнецк, Новосибирск шаарларына каттаган поюздардын баары Казакстан аркылуу өтөт. Темир жол тармагында 20 жылга жакын иштеген № 17-18-Бишкек-Москва поюз каттам жетекчиси Бактыгүл Асанбаеванын айтуусунда, бажычылардан да чек арачылардын тоскоолу күчөп кетти.
- Жүктөрдү, жүргүнчүлөрдүн буюмдарын шыпырып түшүрүп, товарларды түшүрсө биздин жетекчиликке поюзду жолдо кармоо деп бул жакка кабар жөнөтүшөт. Биздин жетекчилер болсо бизге жалаң сөгүштөрдү берип, алар үчүн каттамдан алып коюшат. Башка поюздардын жетекчилерине да эскертүүлөр бар.
Б.Асанбаева чек ара тоскоолунан өтүү толгон-токой түйшүктөргө чулганып, кылдан кыйкым издегендердин айынан поюз коштоочулары менен каттам жетекчилери зыян тартышарын ырастады. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын каттамдарды уюштуруу кызматынын жетекчиси Муратбек Казакбаев андай кинелерди четке кагып, Б.Асанбаева убактылуу иштен четтетилгенине нааразы болуп, арыз-арманын көрүнгөн жерде билдирип жатканын айтты.
- Биз жыл сайын жыйынтыгын чыгарабыз. Ким кандай поюзда жүрөт? Кимдики канча акт, кимдики канча жүк, кимдики канча кармалды? Ошолорду бузбай, инструкция боюнча жүрсө эч ким эчтекеге тиймек эмес. Анткен себеби эң көп акт жолдо кармалышы жагынан дагы, жүк жагынан да Б.Асанбаеваныкы болот. Ага чейин Б.Асанбаеванын эскертүүсү бар болчу. Сөгүш берилген.
Кыргызстандык поюздардын Казакстан менен Орусия чек арасынан өтүшү кыйын экенин, бажы менен чек ара кызматы атайылап эле убакытты созуп, вагондорду кадалып ыксыз текшерип отуруп алышарын поюз каттамчы Мээрим Абдылдаева да билдирди.
- Алар телеграмма менен бул жакка жөнөтөт. Биздин жетекчилер ал жакты карабайт.
Кимди тосот, кимди тоспойт?
Ошол эле Бишкек-Москва поюз каттамынын жетекчиси Эркинай Черикбаева ушу тапта чек араларда ыксыз текшерүүлөр азайып, проблема мурдагыдай курч мүнөз алабй калганын белгилейт.
- Жөнсүз токтотуу, жөн эле күнөөлөп кармай берген жеке менин бригадамда жок. Себеби дегенде чек арачы биздин жүргүнчүнүн, каттамчынын укугун бузуп жатса биз ошол жерден документ түзөбүз. Анан ошол документтин негизинде ошол чек ара кызматынын структурасына, өзүбүздүн чек ара кызматына кайрылабыз. Ошону менен чара колдонулат. Бул жагына келгенде жылыш азыр аябай чоң деп ишенимдүү айта алам.
Темир жол тармагында мурдагы жылдарга салыштырмалуу дурус дегидей шарт түзүлүп калганын Эмгек коопсуздугу кызматынын инженери Орузбай Чымыров да ырастады.
- Вагондор оңолуп, андан кийин тартипке келе башташты.
Жүргүнчүлөрдүн аздыгынан Бишкек-Уфа поюз каттамы жабылып, 268 адам ушу тапта аргасыз эс алууда. Тармак жетекчилери жазында Екатеринбург менен Москва каттамдары көбөйсө жумушка жайгаштыруу проблемасы кыйла жеңилдешине үмүт артып олтурушат. Мурдагы шалдырканы чыккан вагондордун кыйласы жаңыланып, поюз каттамдарынын абалы мурункусунан кыйла жакшырганы менен, Казакстан аркылуу өтүү дагыле кыйынга туруп, ыксыз текшерүүлөр токтолбой, териштирүүлөрдүн жыйынтыгында вагондордун каттамчылары менен каттам жетекчилери айыпка жыгылып каларын Б.Асанбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ачыкка чыгарды. Темир жолдо 20 жылга жакын иштеп, жалгыз өзү төрт баласын, анын ичинде майып баласын тарбиялап, бир үй-бүлө түйшүгүн өз мойнуна алган каттам жетекчисинин жүйөөсүн тармак башчылары анын убактылуу иштен бошотулушуна нааразылыгы катары гана карашууда.