Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

Келген из көп, кеткен из жок


Өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү тогуз миллиард үч жүз миллиондон ашуун долларга жетти.

Кытай тараптын алдагыдай жарыясын кыргыз өкмөтү 6 миллиард ашуун доллар эсебине түшүрүүдө. Бишкектеги кыргыз-кытай ишкерлер жыйынында эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катышты дагы кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Кыргызстанга Кытайдын жүзгө жакын ири компания жетекчилери, Европа өлкөлөрү менен экономикалык кызматташуу ассоциация өкүлдөрү, Шиңжаң-уйгур автоном районунун коммерция башкармалыгынын кызматкерлеринен турган делегация келген. Эки өлкө ишкерлеринин жыйынында экономикалык карым-катышты дагы кеңейтүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Акылбек Жапаров кытайлык ишкерлерден эмне күтүшөрүн ачык эле айтты:

- Мен Кытайдан 3-сандык (digital technology) технологияны көргөм. Ошол технология Кыргызстанда да болушун биз абдан каалайт элек. Реалдуу убакытта кыргыз-кытай ишкерлери байланышып турууга мүмкүнчүлүк алышмак.

А.Жапаров Кыргызстандагы көпчүлүк өндүрүш жабдуулары советтик мезгилден бери иштетилип келатканын, жаңы кылымга заманбап технология керектигин белгиледи.

- Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер ортолук жакшы мамилелерибиз бар. Бирок бизге келген түз инвестициялардын көлөмү боюнча бул өлкө биринчи орунга чыга элек. Ошондуктан келген компанияларга биз кандай шарттарды түзүп берип жатабыз жана Кыргызстанда кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Ошол жөнүндө бүгүн сөз болот.

А.Жапаров экономиканы жөндөө министрлиги тарабынан жүздөн ашуун ишкердик долбоорлору даярдалганын, негизги көңүл инфраструктура, байланыш, энергетика, тоокен, айыл чарба азык-түлүктөрүн иштетүү, туризм тармактарына буруларын белгиледи. Анын айтуусунда, Кыргызстандын чалгындалган кен байлыгы советтик мезгилде эле 60 миллиард долларга бааланган.

Кытайдын коммерция министрлиги алдындагы Европа өлкөлөрү менен техника-экономикалык кызматташтык ассоциациясынын вице-президенти У Хайюй карым-катыш чынында эле кеңейип баратканын белгилеп, кыйладан бери кеп болуп келаткан кыргыз-кытай темир жол курулушуна да токтолду.

- Негизи курулуш качан башталарын мен так айта албайм. Себеп дегенде ал көп өлкөлөргө, көп жактарга тийиштүү маселе. Аны макулдашуу керек. Бул долбоорго биз чоң маани бере турганыбызды айта кетким келет. Кыргызстан да ага кызыкдар экенин билебиз. Эми биргелешип бул долбоорду алдыга жылдырыш милдети турат.

Кытайлык ишкерлер менен кызматташууга “Сокулуксервис” жоопкерчилиги чектүү коомдун жетекчиси Анарбек Досмамбетов да кызыкдар. Сокулук сайына 1 мегаваттык чакан ГЭС куруу идеясын ишке ашырууга ал кыйла убакты-саатын сарптап, бизнес долбоорун жазган. Кытайларда бул иш бекем жолго коюлуп, тийиштүү жабдуулар чыгарылып турат.

- Дүйнө жүзү боюнча биринчи орунду алышат. Менимче аларда миллион ГЭС болсо керек. 1 мегаваттык ГЭС курсам дейм. Ошону сүйлөшсөмбү деп келдим эле. Жабдууларын Кытайдан алсамбы дегем,- дейт Анарбек Досмамбетов.

Кыргыз өкмөтү кытайлык ишкерлерге жалпы баасы 1 миллиард долларга жетерлик бизнес-долбоор сунуштарын А.Жапаров ырастады. Алардын ичинде Нарын дарыясынын үстүңкү агымында, ошондой эле 7 чакан ГЭСтерди куруу, Көлдөгү Тамчы аэропортун кеңейтүү, “Аккептер” учагын биргелешип чыгаруу, ошондой эле заманбап талабына ылайык үнөмдүү энергия булактарын издөө сындуу сунуштар бар. Азырынча Кытай тараптан даяр буюмдар, технологиялык жабдуулар ташылып, бул жактан болсо капчыгына акча салып кыргызстандык соодагерлер гана каттоодо.

XS
SM
MD
LG