Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

Эдил Байсалов кызматын таштап, жаңы партия түзөт


Э. Байсалов буга чейин Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болчу
Э. Байсалов буга чейин Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болчу

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат жетекчи Эдил Байсалов парламенттик шайлоого өзүнчө саясий күч менен барат. Бул тууралуу Э. Байсалов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Бүгүнтөн тарта ээлеген кызматын таштай турганын айтты. Убактылуу өкмөттү кадр саясатынан катуу аксап жатат деп сынга алды.

Э. Байсалов: - Убактылуу өкмөттүн иштегенине эки ай болуп калды. Канкор Бакиевдин үй-бүлөсүнө каршы биздин баатырларыбыз көтөрүлүп, аларды төңкөргөндөн кийин катуу кырдаал түзүлүп, убактылуу өкмөттүн курамы бекиди. Акыркы эки айдын ичинде көптөгөн кризис болду, биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн, тагдырыбыздын өзүндө чоң-чоң маселелер болду. Менин оюмча, төрайым Роза Отунбаеванын жетекчилиги менен көп маселелерди чечкенге жетишти.

Эми албетте, ошондой чоң-чоң маселелер азыр деле турат. Бирок ошолордун көбү менин оюмча шайлоо аркылуу чечилет. Убактылуу өкмөт – бул убактылуу. Жалпы элибиз кимге, кайсы саясий күчкө ишенерин ачык-айкын шайлоолордо тактап алышы керек. Ошондуктан мен дагы көптөгөн саясий күчтөрдүн, жарандардын кайрылууларын эске алып бир жаңы саясий чечим кабыл алдым. Чечим кабыл алгандан кийин, мыйзамдарды жана моралдык эрежелерди эске алып өкмөттүк кызматтан кетип, андан кийин атуулдук демилгечи катары ошондой саясий күчтү, жаңы саясий партияны түзүүгө чечим алдым. Роза Отунбаеванын аппарат жетекчисинин жумушун таштап, элге чыгып, элге кайрылып саясий партия түзүүнү баштоо тууралуу чечим кабыл алдым.

"Азаттык": - Өткөн жумада убактылуу өкмөт жыйын куруп, өкмөттүн айрым мүчөлөрү парламенттик шайлоого кызматтарын тапшырбай катышарын билдиришти. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева алар саясий бюро катары иштей берет, деп айтты. Бул туура чечим болдубу?

Э. Байсалов: - Эми мен жеке өзүмдүн оюмду айтам. Дагы бир жолу кайталап кетейин, бул – Отунбаеванын көз карашы эмес. Анткени мен жеке жаран катары өзүмдүн оюмду эки айдан бери айта албаган жаным азыр айтам, айта баштайм. Албетте убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү өзүнүн ишинен чыгып, жумушун ташташы керек. Аларга чейин эле Кыргызстан жашап келген. Административдик эч кандай ресурстарды пайдаланбастан баардыгы жеке саясий партия катары гана элди кыдырып добуш топтошу керек. Бул – мыйамга да ылайык. Р. Отунбаевага “эже ушул шайлоону өткөрүп бериңиз”, деген мандат беришпеди беле. Эми азыр кайра шайлоого барганы жатканда убактылуу өкмөттөн кетпейбиз дегени менимче туура эмес.

"Азаттык": - Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Коомдо нааразычылыктар күчөп кетпейби? Административдик ресурстар колдонулуп, айталы, маалымат каражаттары шайлоо маалында аларды убактылуу өкмөт мүчөлөрү катары көп көрсөтүп, көп жазып дегендей теңсиз шарт түзүлбөйбү?

Э. Байсалов: - Менин оюмча азыркы учурда эч кандай административдик ресурс иштебейт, иштебеши да керек. Анткени элибиз тагдырын өз колуна алган. Ким кандай кааласа дагы шайлоо ачык айкын өтөт. Ал үчүн элибиз кепил болуп берет деген ойдомун. Албетте сүйлөшүүлөргө ылайык, келишимдерге ылайык убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баардыгы толугу менен кызматын таштап кетиши керек дагы, элдин добушун алгандан кийин эл ишенсе кайра келиши керек.

Эл убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө ишенет. Анткени алар эң кыйын учурда Бакиевге каршы чыгып элдин ишенимине ээ болушкан. Бирок ушул шайлоо учурунда баардыгы өкмөттөн чыгып кетип шайлоого катышуулары керек.

"Азаттык": - Кыргызстанда жүздөй саясий партия каттоодон өткөнү маалым. Сиз түзгөн жаңы партия кандай өзгөчөлөнгөн позиция, программа менен чыккан атат? Партия кандай ат менен чыгат?

Э. Байсалов: - Билесиздер, мен Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда акыйкат үчүн, адам укуктары үчүн жөн эле сөз менен гана эмес, иш менен да күрөшүп келгем. Менин оюмча, революция болгондон кийин жаңы күчтөр келиши керек. Мен жактырбаган нерсе – бир жагынан ушул кадр саясаты эч кандай өзгөргөн жок. Жаңылануу деле жок. Мына акыркы жумаларда революциянын динамикасын, маани-маңызын да жоготуп койдук. Өзгөчө жер-жерлерди жаңы кишилер дайындалса болмок. Бул убактылуу өкмөт баягындай эле билими жок, эч кандай тажрыйбасы жок, бирок бир партиядан болгондорду дайындап жатат. Экинчи жагынан, мурун эле коррупцияга малынган, Акаев, Бакиевдин учурунда элде нааразычылыкты жараткан адамдардын баары эле дайындалып атат. Жаңы кадрларды өкмөткө, дегеле бийликке алып келиш керек.

"Азаттык": - Партияңыздардын аты кандай болот?

Э. Байсалов: - Эми ал чечиле элек. Бирок алдын ала “Айкөл эл” деп атап жатабыз.

"Азаттык": - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG