Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

Садыр Жапаров иш сапары менен Санкт-Петербургга барды


Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында.
Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында.

Президент Садыр Жапаров 24-декабрда иш сапары менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Аны “Пулково” аэропортунан Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов тосуп алганын президенттин администрациясы билдирди.

Жапаров сапардын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

"Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБдин Армения төрагалык кылган жылдык иштин жыйынтыктары чыгарылат, Биримдиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралат, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттары талкууланат”, - деди президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Саммит алкагында бир катар чечимдер кабыл алынат, анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга кол коюлат.

Азимбакиев КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2024-жылдагы ишмердиктин жыйынтыгы чыгарыларын, келечектеги негизги милдеттер аныкталып, эл аралык жана аймактык темалар боюнча пикир алмашуу болорун кошумчалады.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги же КМШ 1991-жылы мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) ордуна түзүлгөн бирикме. Орусиянын агрессиясына кабылган Грузия менен Украина буга чейин эле КМШ уюмунан чыгып кеткен. Ал эми Молдова 2023-жылдын башынан тартып КМШ алкагында кол койгон бир катар макулдашууларды денонсациялай баштаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG