Башкалаада орун алган “Бишкек мунай” компаниясы жана Бишкек ликер-арак заводу мамлекетке кайтарылды. Мындай билдирүүнү убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында белгиледи. Анын айтымында, БНК күйүүчү май станциялары Максим Бакиевге тиешелүү болгон.
Ал эми арак завод алгач Аскар Акаевдин үй-бүлөсү тарабынан менчиктештирилсе кийин Курманбек Бакиевдин туугандарынын карамагына өткөн. Бул ишкана 10 жыл бою жасалма түрдө банкрот деп жарыяланып, учурда "Кыргызстан бальзамын" гана чыгарат.
Бул эки ишканадан тышкары “MegaCom” уюлдук компаниясынын 49% акциясы мамлекеттин көзөмөлүнө өттү. Ал эми калган 51% боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында, мындан сырткары Кант цемент-шифер комбинаты боюнча да сүйлөшүүлөр уланууда:
- Бүгүн КЦШКнын аткаруучу директору келип кетти. Алар 13% акцияны силердики деп өз ыктыяры менен өкмөткө берип жатышат. Ал эми калган маселесин сүйлөшөлү деп сунуш киргизишти. Бул ишкананын негизги акционерлерин чакырып жатабыз. Бул маселени жакында карай турган болдук.
Мындан сырткары Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводун мамлекетке кайтаруу боюнча документтер даярдалып, Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттар айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилет. Ошондой “Кайыңды-Кант”, “Шампанкомбинат” ишканалары жана дагы бир нече фирмалар, мекемелер, оюн-зоок клубдары текшерилип жаткан учур. Кайсы бир компанияны же ишкананы мамлекетке кайтаруу боюнча талаш-тартыш жаралса акыркы чечимди сот органы чыгарууга милдеттүү.
Жаштардын өкүлү Лавлян Аскарбеков бул ишканаларды эмес алтын казган комбинаттарды дагы мамлекетке кайтаруу керек деген пикирде:
-Максим Бакиев өзүнүн шериктери менен биргеликте Кыргызстандагы орто жана ири ишканаларды көзөмөлдөп турган. Алар алтын казган, импорт, экспорт менен иштеген компанияларды юридикалык жактан өздөрүнө каратып кирешесин алып турушкан. Мисалы “Жер үй” алтын кени илгертен бери элдин байлыгы болуп келген. Демек, ал ишкана кайрадан мамлекетке өткөрүлүшү керек.
Убактылуу өкмөт апрель окуясынан кийин атайын декрет кабыл алган. Ага ылайык өлкөдө шектүү деп эсептелген бир нече ишканаларга убактылуу бийлик тараптан тышкы башкаруу киргизилди. Мындай кадам басып алуучулук жана ич ара келишпестиктердин алдын алуу максатын көздөйт.