- Кыргыз өкмөтүнүн 2008-жыл үчүн баяндамасы боюнча сиздердин фракция бул маселени кечээ талкуулап, премьер-министр Игорь Чудиновдун маалыматын уккан экен. Фракциянын баасы бул өкмөттүн былтыркы ишине кандай болду, анан канаттандыбы, же жокпу деген суроо болуп атат?
- Албетте биз ыраазы болбодук өкмөттүн ишине. Себеби 2008-жылкы бюджеттин түзүлүшү алардын азыркы айтымы боюнча биздин деле анализдин негизинде туура эмес түзүлгөн. Экинчиден, биз 2008-жылы энергия кризиске кирип бардык. Соода сатыкта болсо экспорт менен импорттун ортосунда бир топ ажырым болуп калды. Мисалы азыркы учурда бир жылдын ичинде импорт менен экспорттун айырмасы эки жарым миллиард сомдон ашты. Бул жалпы экономикага өтө коркунучтуу болду. Ошондуктан быйыл кыргыз өкмөтү орустун акчасына өтө муктаж болуп атат. Анткени ал акча эгерде болбосо, мисалы пенсия, айлыктарды төлөш өтө кыйын болот эле. Ошондуктан биз учурунда 2008-жылкы бюджетти кабыл алганда эскертүү жасаганбыз, сиздер аны өтө туура түзгүлө деп. Биздин оюбузду эске албай, күч органдарына көбүрөк акча жумшалган. Мына жөнөкөй эле мисал келтирейин, биздин расмий адамдарды эле коргош үчүн 89 млн. сом каралган. Ошол эле учурда Кара-Балта шаарынын бир жылдык бюджети ошого тете болуп атпайбы. Ошондуктан биз акчаны, жалпы финансыны сарамжалдуу жумшалсын деген оюбузга тилекке каршы булар көңүл бурбады. Ошондуктан 2008-жылда биздин өкмөтүбүз стратегиялык маселелерди жакшы чече албады. Ошондуктан биз канааттанган жокпуз.
- Бүгүн жалпы сессия болот. Ошондо ушуга байланыштуу сиздердин кандай сунушуңуздар бар өкмөттүн ишине карата?
- Биз өкмөттүн ишин жакшы эле анализдедик. Кечээ дагы Игорь Чудиновдун отчетун угуп туруп, бир топ суроолорду берип туруп, бирок ага биз тиешелүү жоопторду алалбадык. Мисалы эмне үчүн энергокризис пайда болду. Дагы бир мисал келтирейин, академиктер жазып атпайбы суунун аздыгынын эч тиешеси жок светтин өчкөнүнө деп. Анда эмне болду, ал адам колдуу болду, уурдалды. Тиешелүү справкалар бар. Биздин депутаттык тергөө болсун деген сунушубузду да “Ак жол” фракциясы четке каккан. Ушундай маселелерди кайрадан көтөрсөк, алар кайрадан эле жоопкерчилик менен кабыл албай жатат. Ошондуктан биз сурандык, эң негизги 2008-жылдын кетирген каталардан туура жыйынтык чыгаргыла, 2009-жылда биз андай ката кайталанбасын дедик. Бирок чынын айтканда биз кечээ дагы бир жолу алардын берген жоопторуна көп деле ыраазы болгон жокпуз.
- Сиздерде кандай сунуштар бар, кандай болгондо 2008-жылкы катачылыктарды түзөөгө болот?
- Биздин бийликтин түзүлүшү ушундай, кандай болбосун азыркы учурда өкмөт тиешелүү жол менен иштей албайт. Себеби баардык кадрдык маселени бир президент чечет. Бирок эч нерсеге жооп бербейт. Баягы Акавдин учурунда 90-жылдарда ушундай болуп калган. Андан тышкары премьер-министр эч кимди кызматтан алалбайт, эч кимдин ишине кирише албайт. Ошондуктан ал жөнөкөй эле аткаруучу болуп атпайбы, аны деле көрүп турабыз. Андан тышкары өкмөттүн ичинде бир команда жок иштей турган. Кечээ Игорь Чудиновго мен өзүм айттым эле, эмне үчүн сиздин министрлериңиз бир маселе боюнча ар кандай ойлорду айтат элди удургутуп десем, ал деле башын чайкап колун жайып отуруп калды.
- Кандайдыр бир бүгүнкү сессияда иштин кызыкчылыгы үчүн тигил, же бул министрге чара колдонууга шарт жагдай, талаптар болобу, ошолор ишке ашабы? Мисалы сиз өткөндө Санжар Кадыралиевдин маселесин карап атканда ички иштер министри отставкага кетиш керек деген маселени көтөрдүңүз эле. Ушул өңдүү демилгелер керек болсо премьер-министрге чейин жетүүчү кандайдыр бир демилгелер көтөрүлүп, чара колдонулушу мүмкүнбү, парламенттин укугу кандай буга?
- Күч органдарынын жетекчилери түзмө-түз президентке карайт, ошонун алдында жооп берет. Премьер-министрдин алдында коопсуздук жөнүндө биз маселелерди көтөрдүк, айттык, кылмышкерлик өсүп баратат Кыргызстанда, саясатка, көп иштерге бандиттер аралашып атат, ушуну токтотуш үчүн азыркы иштеген күч органдарынын жетекчилерин отставкага кетириш керек. Анткени булар эбегейсиз бюджетти алып туруп, бирок иштей албай атат. Мисалы ички иштер министрлигинин жылдык бюджети бир жарым миллиард сом. Ал болсо Ош шаарынын жылдык бюджетинен төрт эсе көп, бирок абал кандай болуп атат, бирок кетире албайт. Буга деле көңүл бурган жок. Ошондуктан айтып атпаймбы, премьер-министр ички иштер министрге караганда азыркы учурда төмөнүрөөк деңгээлде турат. Себеп ушунда болуп атпайбы.
Маегиңизге рахмат.