Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Б. Саркулов: Ачкачылык жарыялагандардын абалы оор


Петровкадагы толкуган эл. 30-апрель,2009-жыл.
Петровкадагы толкуган эл. 30-апрель,2009-жыл.

Чүй облусунун Ак-Суу айылында Петровка окуясына байланыштуу камалгандарды бошотуу талабы менен жети киши өткөн жумадан бери ачкачылык кармоодо. Бул нааразылык чара тууралуу Ак-Суудагы жергиликтүү лидерлердин бири Баялы Саркуловду сөзгө тарттык.

- Баялы мырза, ачкачылык кармагандардын абалы азыр кандай?

- Ачкачылык кармагандардын арасынан кечээ үч кишинин кан басымы төмөңдөп, бир кишинин кан басымы көтөрүлүп, азыр оор абалда. Ошол эле учурда кечинде камакта жаткан райондук кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевдин энеси Уулболсун апанын кан басымы көтөрүлүп ооруканага жеткирилди. Оорукандан алгачкы чаралар көрүлүп, кан басымы түшүрүлгөндөн кийин туугандары аны ооруканага жаткыргандан баш тартышып алып кетишти.

- Негизи медициналык көзөмөл болуп жатабы бул адамдарга?

- Ал жерде дарыгерлер тобу жана тез жардам кызматы күндө келип кан басымдарын текшеришип, тиешелүү дарыларды беришип, карап атышат. Ошол эле учурда “ачкачылыкты токтотпойсуңарбы” деген сунуштарын берип атышат. Ошол эле учурда бул жерде айылдын бир топ лидерлери дагы ошол сунуштарды айтып атышат. Чындыгында бүгүн дагы үч кишинин акыбалы оор десек болот, биз чогулуп баарына айттык ачкачылык акциясын токтоткула, ден соолук баарыңарга керек, мындай эмес башка жол менен деле күрөшсө болот деп.

- Алардын талаптары тууралуу айта кетсеңиз?

- Алар Петровкадагы окуя боюнча камалган райондук кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевди, андан кийинки күнү барып ошол жердеги элге “жол тоспогула” деп кеңеш берген Эркин Бөлөкбаевди жана Уран Рыскуловду камактан бошотуу талабы менен турушат. Азырынча башка эч кандай саясий талап кошула элек.

- Адам укугун коргоочу уюмдар тарабынан акцияга көңүл бурулуп жатабы?

- Тескерисинче, азыр шаар тараптан эч кандай уюмдар келип окуяга аралашкан жок. Ошол эле учурда жергиликтүү бийликтен райондун акими Кубанычбек Сыйданов келип жолугушуптур, силердин талабыңарды толук жеткирем деп. Бирок азырынча кандай жыйынтык болуп атат, ал боюнча такыр маалымат жок экен.

- Петровка айылындагы окуяны иликтөө кандай жүрүп жатат?

- Бул боюнча айтыш өтө кыйын. Себеби бизге эч кандай маалымат берилбей жатат. Ошол эле учурда камакта жаткан Аргынбаев, Бөлөкбаев, Рыскуловдордун абалы тууралуу дагы толук маалымат алалбай жатабыз.

- Жергиликтүү улуттар ортосунда чатак жөнгөрүлдүбү?

- Муну ар кандай айтса болот. Биринчиден, жергиликтүү улуттар аралык чатак бул жерде жок. Бир жактуу күрт менен кыргыздар, орустар чабышып кетти деген маанайда болуп кетпедиби. Негизинен бул жерде эл күнөөкөр Абдулланы тез арада камакка алынышын эле талап кылган эле. Ошондон барып кичине чагым, жанагыдай жаңжалдар болгондон кийин окуя чоң жагына айланып кеткен. Бирок бүгүнкү күндө эл ошол талабын дагы деле айтып атышат. Бирок көзгө көрүнөрлүк нерселер аткарылган жок.

- Ачкачылык акция качан токтотулат?

- Айтыш кыйын. Себеби Бөлөкбаевдин, Аргынбаевдин, Рыскуловдун туугандары бул жерде атайын комитет ачышкан. Ошол комитет кандай чечим кабыл алса, өздөрүнүн иши. Биз бул ишке азыр такыр кийлигишпей атабыз. Алар кандай чечим кабыл алса ошондой болот деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG