Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Талас: Оппозицияны басмырлаган бийликтин бети чымырайбы?


Таласта милиция Атамбаевдин жактоочуларын кармап сүйрөп баратышат
Таласта милиция Атамбаевдин жактоочуларын кармап сүйрөп баратышат

Президенттикке талапкер Курманбек Бакиев Таласка келген учурда оппозициянын талапкерин жактоочуларды укук коргоо кызматкерлери кысымга алган фактылар тууралуу азыр ар кандай пикирлер айтылууда. Бири Кыргызстанга “диктатура кирип келди” десе, экинчилери бул саясаттагы “чоң казаттын” башталышы деген ойлорун билдиришүүдө.

18-июль күнү Талас районуна караштуу Долоно айылында “Манас Ордо” комплексине бараткан жолдо оппозициячылар менен жергиликтүү укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда болгон чатак жөнүндө Талас шаарынын тургуну Соорбек Кыдыралиев “бийлик менен диктатура кошо кирип келди” деген оюн билдирди.

Курманбек Бакиев менен жолугушууга барып оппозициянын талапкерин жактагандарга милиция жасаган басмырлоону өз көзү менен көргөн Кара-Ой айылынын тургуну Амангелди Төлөев “бөрк ал десе, баш алган” жергиликтүү бийликтин мындай кылганы биринчи иретте бийлик башындагы адамдын аброюн кетирет дейт.

Губернатордун басма сөз катчысы Бакай Садыров бул окуяга кандайдыр бир саясий боек берүүнүн кажети жоктугун, мыйзам бузгандардын баарына бирдей чара көрүлөрүн айтып, Долоно айылында болгон окуяга облустук бийлик башчылардын катышы жок деген позициядан кеп салууда.

Президенттике талапкер Алмаз Атамбаевдин Таластагы ишенимдүү өкүлү Асылбек Найзабековдун айтымында, Курманбек Бакиев Таласка келгенде ошол жолугушууну алып баруучулардын сөзүнөн эле астыдагы шайлоо тынч өтпөй турганы билинүүдө.

Бириккен элдик кыймылдын Таластагы штабына ушул күндөрү ЕККУнун байкоочулары келип, оппозиция өкүлдөрүнүн оюн угушту. Эл аралык байкоочулар шайлоо өнөктүгү маалында болуп жаткан оош-кыйыш маселелерге карата пикир айтуудан баш тартышып, бардык маселеге шайлоо аяктагандан кийин жооп кыларын билдиришти.

XS
SM
MD
LG