Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Футбол: Эгемендүүлүк кубогуна талапкерлер тандалууда


Кубоктун ээси ким болот?
Кубоктун ээси ким болот?

Футбол боюнча өлкөнүн эгемендүүлүк кубогунун мелдештери 19 жылдан бери өткөрүлүп келет. Баш байгеге талапкерлер тандалууда. Финал 31-августта болот.

Өлкөнүн футбол чемпионаты жогорку жана биринчи лигада өткөрүлүп, ага тандалган 7-8 команда гана катышса, эгемендүүлүк кубогуна өлкөнүн бардык аймагындагы футболчулар күч сынашууга укуктуу.

Мурдакы жылдары мындай таймашууга алгачкы этапта өлкө боюнча 64 команда мөрөй талашып, анын 32си экинчи этапка чыгып келген.

Быйыл болсо командалардын саны кыскарып, биринчи этапта 32 команда мөрөй талашты. Алардан мыктылары иргелип 16 команда чейрек финалга укук алышкан. Төртүнчү этапта 8 команда калып, 4 мыктысы жарым финалга чыкты.

Биринчи жарым финалда Бишкектин “Дордой” командасы менен Канттын “Абдыш-Ата” командасын таймашып, баш байгеге талапкер болууга умтулууда.

Жарым финалдын биринчи беттешүүсү 8-августта Бишкектеги “Спартак” стадионунда өтүп, мында 1:0 эсеби менен “Дордой” “Абдыш-Ата” командасын утуп алды. Жеңиштүү топту африкалык жалданма оюнчу Дэвид Тете башы менен сүзүп киргизди.

Жооп иретиндеги жарым финалдын экинчи беттешүүсү 22-августта Кант шаарында болмокчу. Кайсыл команда жеңсе баш байгеге талапкердин бири болушат.

Бишкектеги Эгемендүүлүк кубогунун жарым финалдык беттешүүсүнө күбө болгон нарындык футбол күйөрманы Имамберди Жумалиевдин баамында мелдеш орто деңгээле өтүп, футболчулардын чеберчилиги байкалган жок.

Экинчи жарым финалда Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” жана “Нефтчи-2” командаларынын ортосундагы таймашууда 10:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Алар да экинчи таймашуусун 22-августта өткөрүп, жеңген команда 31-августта Бишкекте өтө турган Эгемендүүлүк кубогунун финалына келет.

Бишкектеги “Шер” футбол клубунун президенти Айбек Осмоналиев кыргыз футболун көтөрүү үчүн спорттун бул түрүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоого алышы керектигин, ансыз ийгиликтер болбосун, Эгемендүүлүк кубогунун оюндары орто деңгээлде болуп жатканын “Азаттыкка” айтып берди.
- Жогорку лигадагы оюндарга ар бир облустан командалар катышса жакшы болмок эле. Мисалы, Баткенде Кызыл-Кыя деген чоң шаар бар, менимче алардан жакшы команда чыкмак. Кара-Балта, Токмок, Балыкчы шаарларынын намысын коргогон клубдар пайда болсо футболдун өсүшүнө түрткү болмок. Чиновниктер карап, бийлик өкүлдөрү көңүл бурса деген эле тилек. Футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт. Биз азыр “Шер” клубунун багытын ушул тармакка бурсак деп турабыз. Чет өлкөлөрдүн футбол командалары жаш футболчуларды тарбиялап, аларды бөлөк клубтарга сатып чоң кирешелерди табышууда. Бизге азыр Африка өлкөлөрүнөн, Шри-Ланка, Орусиядан оюнчулар келишүүдө. Жакшы оюнчуларыбызды тарбиялап, башка бай командаларга сунуш кылуубуз керек. Футболчуларыбыз башка клубдарда ойногону менен чоң мелдештерде Кыргызстан курамасынын намысын коргошот. Эгенмендүүлүк кубогунун оюндары орто деңгээлде өтүүдө.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында дагы эгемендүүлүк кубогунун жарым финалдык беттешүүлөрү ортодон бир аз жогорку деңгэлде өттүүдө.

Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону, Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку жеңүүчүсү Бишкектин “Дордой” командасы Эгемендүүлүк кубогун бир нече ирет утуп алган.

Былтыр Эгемендүүлүк кубогунун ээси Канттын “Абдыш-Ата” командасы болгон.

Быйыл да финалдык беттешүү 31-авустта Бишкекте Эгемендүүлүк күнү өтөт.
XS
SM
MD
LG