Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

Балдарды коргоо күнү гана эске алынбаса...


1-июнда Бишкекте көчө толо балдар, майрамдык салтанаттар менен гана коштолуп, бирок коомчулукка эртеңки келечек ээлеринин ушул күнү айрыкча көңүл бургандай маанай жаратты.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналаган салтанатка өлкө аймагынан жетинчектер келишип, миңден ашуун колго жасалган буюмдардан турган көргөзмөсүн тартуулашты.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева бардык кичинекей кыргызстандыктарды балдарды коргоо күнү менен куттуктап, чың ден-соолук, ийгиликтер жана жайкы каникул учурунда жакшы эс алууларын каалады.

-Өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарында ар кандай майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Чыгармачыл балдар - Кыргызстандын келечеги, ошондон улам балдарыбыз окуудан тышкаркы убакта ар кандай ийримдерге жигердүү катышып, өздөрүнүн шык-жөндөмүн арттырып жаткандыгына кубанычтамын.

Ошондой эле окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланган жетинчек-өспүрүмдөргө өкмөттүн атынан баалуу белектерди тапшырды.

Чолпон-Ата шаарындагы СОС балдар айылынын жетекчиси Бакыт Абдиевдин айтымында чет өлкөлүк долбоорго ылайык балдар айылында бардык шарт түзүлгөн. Бирок өлкө аймагындагы мектептердин оңдоп, билим сапатына көңүл буруу зарыл.

Ош облусунун Кара-кулжа районунун Кеңеш айылындагы Жапар Акматалиев атындагы орто мектептин окуучусу Байзак Маматалиев элет жергесиндеги мектептер техникалык жабдуулар менен начар камсыз болуп жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди.

Балдардын “Шаттык”, Кыргызстан балдары” ыр- бий тобу, Бишкек шаардык балдар чыгармачылыгы борборунун “Таберик” балдар музыкалык театрынын, ошондой эле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинин окуучуларынын аткаруусундагы ыр-бийлер майрамдык маанайды көтөрүп, шаңга шаң кошуп турду.

Ала-Тоо аймагынан келген балдар үчүн атайын маданий программа уюштурулуп, анын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барышты. Ошондой эле “Фламинго” көңүл ачуу борборуна барып эс алуу иш-чаралары болду.

Аксуу районунун Мамбет Макакев атындагы орто мектебинин окуучусу Ааламгүл Карыбаеванын пикиринде Кеңеш доорунда балдарды коргоо күнү эң популярдуу майрамдардын бири болгон.

-Анткени коргоо күнүн алар үч айлык жайкы каникулу менен байланыштырчу. Биринчиден, жыл бою маңдай-тескей олтурган мугалимдерден үч ай алыс болушуп, экинчиден, ден соолуктарын чыңдоо үчүн эс алуу лагерлерине барышчу. Азыр алардын бир жок.

1-июнь- Эл аралык балдарды коргоо күнү 1949-жылы аялдардын эл аралык демократиялык федерация Кеңешинин сессиясында кабыл алынган. Биринчи ирет расмий 1950-жылы белгиленген.

Эртеңки келечегибиз деген балдар жер шарынын төрттөн бирин түзөт. Демек, алардын көйгөйү, абалы көз жаздымда калбашы керек. Чынында эле балдардын көйгөйлөрү аз эмес. Учурда өлкөдө мектеп жашындагы балдардын окуудан калып, күнүмдүк турмуштун айынан көчөдө жана базарда калышы көкөй кескен көйгөйдүн бири.

Адистердин иликтөөлөрүнө ылайык, өлкөдө 20 миңге жакын эмгек кылган балдар бар дешет. Бирок иш жүзүндө бул сан 60 миңден ашуусу мүмкүн. Мында балдардын 32 пайызы соода тармагында, 14 пайызы жүк ташыгыч, 9 пайызы металл чогултуу, 5 пайызы талааларда иштесе, 6 пайызы көчөдө кайыр сурап жүрөт.

«Майып-балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» коомдук бирикмесинин маалыматында, Кыргызстанда жашы 18ге толо элек 19 миң 400 майып балдар бар. Тилекке каршы бул көрсөткүч да жыл сайын өсүүдө.

Балдардын укугу жөнүндөгү Конвенция 1990-жылы күчүнө кирген. Конвенция балдарды зордук-зомбулуктан, кайдигерликтен, дайын жок иштетүүдөн коргой турган документ экенин тастыктаган. Бирок ага карабастан, балдардын укугу корголбой эле калды.

Окубаганы окубай, жоголгону жоголуп, сатылганы сатылып, иштегени иштеп ар ким өз арбайын согуп жүрөт. Кыштын кыраан чилдесинде же жайдын мээни кайнаткан аптабында 7-15 жаштагы айрым балдар базар аралап өзүнөн эки эсе чоң тачкени сүйрөшсө, экинчилери элдердин кир бут кийимдерин тазалап, үчүнчүлөрү, жолго чыгып, катуу келаткан унааларды сүзүрө качырып тилемчи кылып жүрүшөт.

Ишсиз калган ата-энелер жашоонун айынан балдарын иштетүүгө мажбур кылышууда.

Мындан сырткары балдар үйлөрүндө, жатак-мектептерде тарбияланып жаткан балдардын 13 пайызы жетимдер болсо, 88 пайызы бирден ата-энелери барлар. Бул деген үй-бүлөдөгү толук кандуу тарбия албагандыгын тастыктайт.

Акыркы жети жыл ичинде Кыргызстанда балдар үйлөрүнүн саны 18ден 25ке өстү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG