Нурайым Касманбетова 27 жашта. Ал 10 жылдан ашуун убакыттан бери соода тармагында эмгектенип келет. Айылда ата-энесинин дүкөнчөсү бар, соода жаатындагы ийгиликти карай жол дал ошол дүкөндөн башталган.
-Атам, соода техникумун аяктап айылга дүкөнчү болуп барыптыр. Ал союз маалынан бери ошол жерде эмгектенип келет. Биз дагы кичинебизден тарта соодага аралашып, ата-энебизге жардам берип чоңойдук. Токсонунчу жылдардын этегенде эжем Бишкеке келип соодага аралышты. Мен болсо 1999-жылы келип, окууга өтүп, ошол эле маалда эжеме кол кабыш кылып жардам көрсөтүп келдим. Ошондон бери соода иши менен алектенем,-дейт Нурайым.
Нурайым мындан эки жыл мурун турмушка чыккан. Ошол күндөн тарта жолдошу экөө тынымсыз иштеп келишет. Бүгүнкү күндө алардын эмгегинин үзүрү байкалууда, айлануудагы акчалары 5-6 эсеге өсүп, кирешелери дагы көнүл жылытаарлык:
-Эки жыл мурун жолдошум экөөбүз сооданы 2000 доллар менен баштаганбыз. Товарларды түрлөнтүп, баасын арзаныраак кылуу менен кардарлардын санын көбөйтүүгө жетиштик. Бул аралыкта айлануудагы акчабыз 5-6 эсеге өсүп, кирешебиз дагы көбөйдү.
Эгер сиз Бишкек шаарында Нурайымга окшоп чакан дүкөн ачууну кааласаңыз, биринчи кезекте павильон коюлчу жерди алышыңыз зарыл. Ал үчүн райондук администрация менен архитектура башкармалыгынын уруксааты керек. Жер бир жылга берилип, жыл сайын мөөнөтү узартылып турат. Жердин ижарасы айына бир жарым миң сомдон өйдө.
Соода аянтына ээ болгондон кийин павильонду сатып алышыңыз керек. Алардын баасы көлөмүнө жараша 2 миңден 10 миң долларга чейин жетет.
Ошол эле маалда соода түйүндөрүн ижарага дагы алса болот. Ижара акысы 100-500$ чейин турат. Андан кийин салык инспекциясынан каттоодон өтүп, санэпидемстанциядан дагы уруксат алуу зарыл. Бул шарттын баарын аткарылган соң сиз павильондун кожоюнусуз.
-Соода иши оңой жумуштардан эмес. Таң эртеден баштап, түнкү 12 ге чейин тынбайсың. Азыр бизге иш жеңилирээк болуп калды. Товарлардын көпчүлүгүн фирмалар өз убактысы менен алып келип беришет. Аларда жок азыктарды базардан сатып келип койобуз,-дейт Нурайым.
Соода ишинде товар сатып гана акчага маарыбайсың. Ай сайын төлөнчү чыгымдар дагы бар. Алсак патенттин баасы 3000 сомдон өйдө, соцфонд 600 сом, электр жарыгына жайкысын 300, кышкысын 1000 сомго чейин төлөшүңүз абзел. Коммуналдык тейлөө айына 120 сомго барабар. Бирок канча чыгым болбосун ийгиликтин формуласы эмгекке байланыштуу.
-Соодада ийгилике жетүү үчүн талыкпай иштеш керек. Уйку, эс алуу деген нерселер экинчи планга калат. Кардарлардын көңүлүнө жаккандай иш кылып, ийгилике жетсең болот, - дейт Нурайым Касманбетова.
Бишкек шаарындагы майда-дүң дүкөндөрү товардын наркына 5%, жөнөкөй соода борборлору 15% үстөк баа коюп сатышат. Соода ишкерлеринин дагы бир кирешеси, фирмалар тарабанан өткөрүлгөн акцияларда ири байгелердин дагы ээси боло алышат.