Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:44

Кубада саясый ачкачылыктан экинчи диссидент өлдү


Орландо Запата Тамайо
Орландо Запата Тамайо

Шейшемби күнү Гаванада абийир туткуну Орландо Запата Тамайо көз жумду. Маркум Кубада акыркы 40 жылга жакын убакытта саясый көз карашы үчүн абакта отуруп, ачкачылык акциясы мезгилинде көз жумган биринчи инсан.

42 жаштагы Орландо Запата Тамайо абак жайдагы абалын жакшыртууну талап кылып, 85 күндөн бери оозуна наар албай жаткан.
"Ак кийимчен аялдар" уюму Гаванада нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Декабрь 2009
Маркум ден-соолугу өтө начарлап кеткенде аралдагы абактан Гаванага ооруканага которулган болчу.

Тамайо соңку 40 жылга чукул аралыкта өз укугун коргоо үчүн ачкачылыкка барып, жанын курмандыкка чалган кубалык биринчи саясый диссидент .



Кубада саясый ачкачылыктан экинчи диссидент өлдү

Кубанын Адам укугу боюнча комиссиясынын маалымдашынча, Орландо Запата Тамайо 85 күн мурда түрмөдөгү жагдайын жакшыртууну жана үй-бүлөсүнөн азык-түлүк алууга уруксат берүүнү талап кылып, ачкачылык жарыялаган.

Адам укугу боюнча бул комиссия Кубада ырасмий катталган эмес. Бирок, бийликтер уюмдун ишмердүүлүгүнө көз жумуп келет.

Уюм башчысы Елизардо Санчестин айтышынча, Тамайо соңку 40 жылга чукул аралыкта өз укугун коргоо үчүн ачкачылыкка барып, жанын курмандыкка чалган кубалык биринчи саясый диссидент болду.

Маямиде чыкчу “El Nuevo Herald” гезитинин жазышынча, буга чейин 1972-жылы акын жана студенттик кыймылдын лидери Педро Луис Бойтел абакта оозуна тамак албай жатып, жан берген.
Кубанын көсөмү Фидель Кастро(ортодо) венесуэлалык студенттер менен кездешүүдө. Гавана. 23-август 2009


“Ак кийимчен айымдар” Тамайонун өлүмү үчүн Куба өкмөтүн күнөөлөштү

Лаура Полан абактагы диссиденттердин тууган-туушкандарынын башын бириктирген “Ак кийимчен айымдар” кыймылынын мүчөсү. Уюм мүчөлөрү шейшемби күнү маркумду эскерип, Полан айымдын Гаванадагы үйүндө зыяпат өткөрдү.

“Ак кийимчен айымдар” Орландо Запата Тамайонун өлүмү үчүн Куба өкмөтүн жооптуу дешет.

-Ал киши өлтүрбөдү. Ал уурулук кылган жок,-дейт Лаура Полан.- Ал бирөөнү зордуктабады. Ал жаш жүрөгү менен Кубанын келечеги жакшы болуусун каалады. Ал Кубага жакшылык тиледи. Бирок өкмөт аны түшүнгөн жок.

Орландо Запата Тамайо 2003-жылы диссиденттерге каршы кезектеги жортуул учурунда камакка алынган жана коомдук тартипке моюн сунбаган кылмышкер деп айыпталып, 25 жылга кесилген.

Адам укугун коргоочу Эл аралык мунапыс уюмунун билдиришинче, Запата Кубада “саясый көз карашы үчүн түрмөдө отурган 58 диссиденттин бири” эле. Ал эми Адам укугу боюнча комиссиянын ырасташынча, Кубанын абактарында 200 чакты саясый туткун бар. Бул Фидель Кастро тушундагыдан үчтөн бирге аз. Фидель Кастро 2006-жылы жайында ооруканага жатып калгандан кийин бийликти иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген.

Кубанын бийликтери өкмөттү сындаган саясый диссиденттерди ариет-намысын Кошмо Штаттарга саткан “чайкоочулар” деп санайт.

XS
SM
MD
LG