Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: КУБА – АКЫРКЫ КОММУНИСТТИК ПОЛИГОН


“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова жакында Кубага барып, укук коргоочулардын жыйындарына катышып кайтты.

-Кубага эмне максат менен бардыныз. Ошол жактагы иш сапарыңыз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

-Куба азыркы учурда аябай оор мезгилди башынан кечирип аткан убагы. Анткени Фиделден кийинки Куба кандай болуп атат, жарандык коом кандай платформа түзүп атат. Биздин Кыргызстандагы жарандык коомдун тажрыйбасы дагы дүйнөдөгү эң бир эркиндикке жана таза системага умтулган адамдарды кызыктырат. Ошонун алакасында мен өзүмдү ушунчалык жакшы сезем. Анткени бул жалгыз гана биздин уюмдун жеңиштери эмес. Бул Кыргызстандагы адам укуктары кандай болуп атат, жарандык коом кандай түзүлгөн жана революциянын сабактары жөнүндөгү кеп. Ошондуктан ушул тарыхый мезгилде кыргызстандыктар революциянын жемишине жетиштиби, же болбосо, же болбосо ошол эски партиялык функционерлер алып кеттиби деген суроолорго жооп бергенге аракет кылдым мен.

-Төлөйкан айым, Кубанын кайсы жерлеринде болдуңуздар?

- Кубанын Гавана шаарында жана Матанзас жана Финалжеррио деген эки провинциясында болдум. Ошондо 12 жолугушуу болду, бир жарандык форум өткөрдүк. Биздин топто Орусиядан, Чечнядан, Беларусиядан укук коргоочулар барды. Биз өзүбүздүн тажрыйбабызды жана сабактарды айтканда сөзсүз түрдө баркыт революцияларды жактырабыз, бизде Кыргызстанда революция бүтө элек, анткени Чехиянын тажрыйбасын кайталашыбыз керек экенин белгиледик. Анткени таза лидерлер келип бүгүнкү реформаларды алып кетпесе, биздин Кыргызстандын келечеги дагы эле бүдөмүк.

-Ал эми Кубада адам укуктарына кандай баа беришет экен?

-Дүйнөлүк “Амнисти интернешнл” уюмунун отчетун карасаңыз, 2007-жылдагы эң бир авторитардык режим Фидель Кастро, Рауль Кастро жетектеген Куба өкмөтүндө болгон. 225 саясий туткун бар азыр түрмөдө. Ошолордун аялдары менен жолуктум. Алар “Ак кийинген аялдар” деген күчтүү уюм түзүшкөн Кубада. Алар эркиндикти жана тазалыкты талап кылып дүйнөгө өздөрүнүн үнүн чыгарып атат. Анткени Куба бул акыркы коммунисттик полигон деп айтсак болот. Анткени авторитардык лидер Фидель жабык коомдо ушундай мыкачылык менен адам укуктарын тепселеген. Азыркы Рауль анча-мынча реформа жасайын деген үмүтү бар, бирок бул деле жетишпейт.

-Сиз Кубага барганда сиз биздин Кыргызстандагы ыңкылап боюнча айтып берген экенсиз. Ошондогу көз карашыңызды дагы бир айтып кетсеңиз?

- Балтика боюндагы өлкөлөр, мисалы Эстония, Литва жана Чехиянын тажрыйбасы көрсөтүп атат, жаңылуу процесстери тарыхый мезгилде сөзсүз түрдө мурунку эски, сабатсыз, караңгы жана авторитардык лидерлерден алыс болуш керек. Жаңы демократиялык жана тазалыкка умтулган уюмдардын сөзсүз түрдө платформасы жаңы болуш керек. Биздики болсо 2004-жылы декабрда Роза Отунбаева баштап чогулганда, ошол эле Бакиев, Атамбаев, Иманалиев жана Акаевдин досу Мисир Ашыркулов жана башкалар бүт партиялык функционерлер болчу. Анткени булар элдин мүдөөсүн алдап, ошондон баштап революция жакшы жеңишке жетише алган жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды ушундай жаман акыбалга алып келген лидерлер бүгүнкү күндө ар кайсы жерде отуруп демократия жана адам укугун жамынып алып, элди алдап аткан мезгил. Ошон үчүн дүйнөдө болуп жаткан бир тажрыйба жөнүндө айта кетели. Мисалы Эстония, Литва, Польша, Румынияда мыйзамдын негизинде ар бир жаран компьютер аркылуу сурап билип ала алат, кайсы лидер ууру экенин, коррупцияга малынганын. Мына ушул жолго биз да түшкөндө ошондо коом тазаланат.

-Маегиңизде ырахмат.

XS
SM
MD
LG