Пан Ги Мундун иш сапары 2-апрелде Түркмөнстандан башталып, 3-апрелде Кыргызстанга келди. Эми БУУнун баш катчысы Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанда болот. Ал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушууда.
БУУнун баш катчысы Өзбекстанда Арал деңизинде болуп, андагы экологиялык жагдай менен таанышмакчы. Ал эми Казакстанда Семейдеги өзөктүк куралдарды сыноо жүргүзүлгөн полигонду көрмөкчү.
Борбор Азиядагы сапарынан кийин Пан Ги Мун Венага токтоп, ал жерде Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун туруктуу кеңешинде сөз сүйлөп, сапарынын жыйынтыгын чыгармакчы.
Ашгабадда болгон учурунда ал өлкө жетекчисин адам укугу боюнча жагдайды жакшыртууга чакырды. Ушундай эле кайрылууну ал Бишкекте болгон учурунда президент К.Бакиевге айтты. Баш катчы адам укугун коргоо БУУнун негизги принциптеринен болот деп эскерткен. Пан Ги Мундун белгилешинче сөз эркиндиги корголууга тийиш.
Орусиялык укук коргоочулар бул иш сапардын айланасында өз ойлорун ортого салышууда. “Мемориал” борборунун Орто Азия боюнча жетекчиси Виталий Пономарев “Азаттыкка” чакан маек курду:
Виталий Пономарев: Эл аралык уюмдардын сунуштарын Кыргызстан көңүлүнө алары күмөн. Түркмөнстанда жагдай башкача. Бир жагынан алганда репрессияга күч, жабык өлкө. Экинчи жагынан алганда бул өлкө эл аралык аброюн оңдоого кызыктар. Ошондуктан ал өлкөдө саясый системаны кайра түзүп чыгууда анча олуттуу эмес кадамдар болушу ыктымал. Бирок түрмө жана башка багыттагы маселелер былк этпеген боюнча кала берет.
- Улуу даражалуу коноктун бул мамлекеттерге келиши ал өлкөлөрдө кандай маанай жаратат?
Виталий Пономарев: Бул сапар өтө маанилүү окуя болуп кетпейт. Себеби ар бир өлкөнүн алдында чечилбей аткан маселелер ар башка. Алардын чечилиши, турмушка ашырылышы күн сайын өкмөттүн белсенип иштешин талап кылат. Ал өлкөлөрдүн ар бирине ар башка ык менен таасир этүүдөн башка айла жок. Бакиевге келсек, менин байкашымча, жакынкы убак ичи оңолуу багытында өзгөрүү болуп кетери үмүттөндүрбөйт, кайра тетири жагын карай кетүү толук ыктымал.
- Өзбекстанда Пан Ги Мун менен президент Ислам Каримов ортосунда кепте кайсы маселелер көтөрүлсө дээр элеңиз?
Виталий Пономарев: Албетте түрмөдөгүлөрдү кыйноо, балдарды пахта терүүгө пайдалануу, саясый репрессия маселелерин каалаар элем. Өткөн жылдан баштап Өзбекстанда камоолор кайра күч алды. Тилекке каршы, ал камоолор эл аралык документтерде, ал тургай АКШнын Мамлекеттик департаментинин документтеринде жетишээрлик чагылдырылган эмес. Ошондуктан мурдагы советтик мейкиндиктеги өлкөлөр ичинен канчалаган маселелерди чырмап жаткан Өзбекстан үчүн ортого койулчу кеп абдан көп.
“Азаттыктын” суроосуна өзбекстандык укук коргоочу Бахром Хамраев да жооп айтты:
- Албетте Пан Ги Мундун Орто Азия өлкөлөрүнө сапары өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө Өзбекстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө саясый кысым күчөдү. Менимче, Пан Ги Мундун үнү өзбекстандык адам укугун коргоочулардын үнү менен үндөш болот. Орто Азия жергесиндеги Өзбекстан болсун, Кыргызстан болсун бүгүнкү диктаторлордун кылып аткан аракеттери анын түбү келип мамлекет ишине айланып кетиши үчүн чек коюуга таасири болот.