Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Анкара менен Еревандын жакындашуу жараянын Сирия колдойт


Сирия президенти Башир ал-Асад жана Армения президенти Серж Саркисян, Ереван, 2009-жылдын 17-июну.
Сирия президенти Башир ал-Асад жана Армения президенти Серж Саркисян, Ереван, 2009-жылдын 17-июну.

Ушул аптада Ереванда саякатта болгон Сириянын президенти Башир ал-Асад Түркия менен Армениянын өз ара байланыштарын нормалдаштыруу максатындагы соңку жараянга өзүнүн колдоосун билдирип, расмий Дамаск Анкара менен Эревандын мындан аркы боло турган сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди.

Шаршемби күнү ырасмий сапар менен Армениянын борбор калаасы Ереванда сапарда болгон Сириянын президенти Башир ал-Асад Армениянын президенти Серж Саркисян менен жолугуп, Ереван менен Анкаранын ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу максатында жүрүп жаткан жакындашуу жараянын сириялыктар канааттануу менен кабыл алышканын баса көрсөттү.

Президент ал-Асад ошондой эле өлкөсү Армения жана Түркия менен бирдей, татынакай мамиледе болгон себептүү жакындашуу жараянын алгалатуу ишине өз үлүшүн кошо алаарын белгиледи.

Армян президенти Саркисян маалымат жыйынында Асаддын ал сунушуна кайрылбады. Анын ордуна ал өзүнүн өлкөсү менен Сириянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты андан ары бекемдөөнүн зарылдыгына басым жасады.

Маалым болгондой, Армения менен Түркия быйыл апрел айында өз ара мамилелерди нормалдаштыруу жана чек араларды ачууну көздөгөн бир "жол картасынын" (долбоордун) үстүнөн келишимге жетишишти. Расмий Бакунун катуу реакция көрсөтүүсүнөн кийин Анкара Тоолуу Карабактагы Армян оккупациясы аяктамайынча Армения менен чек араларды ачуу мүмкүн эмес экенин баяндоого аргасыз калды.

Бакуга жасаган сапары учурунда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган ошо кезде: “Армения менен чек аралар Тоолуу Карабак оккупациясынан кийин жабылып коюлган. Бул жерде дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Биз Тоолуу Карабактагы оккупация аяктамайын чек араларды ача албайбыз,” - деген сөздөрү менен Бакуну тынчыткан эле.

Азербайжан президенти Илхам Алиев Эрдогандын берген кепилдигине ыраазылыгын билдирген:

“Мындан дагы ачык-айкын жооп боло албайт. Кийинки айлардын ичинде Азери коомчулугунда белгилүү бир даражада нааразылык сезимдери бар эле. Бирок бүгүн мен Азери калкына мындан ары шек санаш үчүн эч кандай себеп калбаганын даана билдиргим келер эле".

Бир учурда ПККнын согушчандарына баш паанек болгон себептүү Түркия менен мамилеси абдан начарлап, атүгүл кез-кезде согуштун кырына чейин барган Сирия учурда Түркиянын жакын досуна айланып калды. Өткөн жылда расмий Дамаск Түркиянын ортомчулугунда Израил менен кыйыр сүйлөшүүлөр жүргүздү, бирок ал жараян декабрда Израилдин Газа тилкесине койгон чабуулу себептүү майнап бербей токтоп калды.

Шаршембиде (17-июнда) Сирия-Армения ишкерлер жамаатынын жыйынына катышуу максатында Ереванда болгон кезинде президент ал-Асад Түркиянын түйшүгүнө кайрылып, ортомчулук кылуу сунушун ортого салды.

Сирия менен Армениянын ортосунда Түркияны кесип өткөн тикелей жол каттамы болбогону да бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн чоң тоскоол болуп жатканын Сирия президенти Башир ал-Асад баса белгилеп айтты.

XS
SM
MD
LG