Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Улан-Батор декларациясына Кыргызстан да кол койду


Азия-Тынч океан алкагындагы деңизге жабык өлкөлөр өз ара кызматташууну бекемдейли деп макулдашты. Мындай декларацияга Ооганстан, Азербайжан, Армения, Бутан, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Монголия, Непал, Тажикстан 14-апрелде Улан-Батордо кол койду. Декларацияда береги он мамлекеттин эл аралык сууларга чыгууга укуктары бар экени баса белгиленет. Улан-Батор жыйыны Улуттар Уюму сегиз жыл мурда Алматыда кабыл алган программаны жүзөгө ашыруудагы кезектеги кадам. Айтылган программа Азия-Тынч океан алкагындагы деңизге жабык өлкөлөрдүн эл аралык сууларга чыгуусун жеңилдетүүгө багытталган.

XS
SM
MD
LG