Беларус президенти бүгүн билдирүү жасады:
- Бүгүн эртең менен саат беште кылмыштын бети ачылды. Милиция менен коопсуздук кызматтары бул операцияны бир күнгө жеткирбей бүтүрүштү. Алар кылмышкерлерди кечээ кечки саат тогузда эч ызы-чуусуз, бир да ок атпастан кармашты. Кармалгандар кылмыштарын мойнуна алышты.
Баш прокурордун орун басары Андрей Швед камакка алынган эки киши тең Беларустун жараны экендигин бышыктаган. Дүйшөмбүдөгү чабуулда 12 кишинин өмүрү кыйылган эле. 150дөн ашыгы жараат алып, ооруканага жеткирилген. Бүгүн жардыруунун курмандыктары эскерилди. Президент Лукашенко жардырууну өлкөнү бейстабилдештирүү аракети деп баалап, ага чет элдиктердин катышы болушу мүмкүн деген.