Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Ливия боюнча «контакт тобу» Каддафиге каршы күрөшкөндөргө каржылык жардам керекгигин айтууда


Дохада өтүп жаткан Ливия боюнча жыйындан кийин кабыл алынган билдирүүдө “Каддафи жана анын режими бардык мыйзамдуулугунан ажырап калды” деп айтылат. 40 чакты өлкө, эл аралык уюмдар кирген «контакт» тобунун Катардын баш калаасындагы жыйынына Катардын жетекчилиги Британия менен бирге төрагалык кылып, Бирикен Улуттардын баш катчысы Бан Ки Мун катышуусу менен өттү. Билдирүүдө ошондой эле козголоңчу күчтөргө жардам көрсөтүүнүн убактылуу финансылык механизмин түзүү макулдашылганы айтылат. Жыйынга чакырылган Каддафинин Ливиядагы 40 жылдан ашкан бийлигине каршы согушуп жаткан козголоңчулар НАТОну Муаммар Каддафинин танктарын жана ракета жайларын бомбалоого чакырышты. Британия менен Франция да НАТОну абадан соккуну күчөтүүгө үндөп келатышат.

XS
SM
MD
LG