Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Францияда паранжага тыюу салган мыйзам күчүнө кирүүдө


Муну менен Франция Европанын коомдук жайларда жогорудагыдай эреже киргизген алгачкы өлкөсү болуп калды. Ал эреже эң биринчи кезекте коомдук жайларда мусулман аялдарга мүнөздүү никаб же паранжа кийип жүргөндөргө таасир берет. Эрежени сактабагандарга 150 евро айып салынат, алар ошондой эле Франциянын атуулдугунан да кол жуушу мүмкүн. Тыюу салууну колдогондор бул коопсуздук жана аялдар менен эркектердин теңдиги, Франциянын секулярдык системасын сактоо үчүн керектигин айтышат. Ал эми сындагандар мындай эреже ой-пикир билдирүү жана дин тутуу эркиндигин чектерин, мусулмандарга карата адилетсиз мамиле экендигин белгилешет. Франция - Батыш Европанын мусулмандар эң көп жашаган өлкөсү. Ал жерде түбү Түндүк Африкадагы араб элдеринен чыккан алты миллиондой киши бар. Кыз-келиндердин коомдук жайларда бети-башын жаап жүрүүсүнө салынган тыюуну коомчулуктун басымдуу бөлүгү колдогон.

XS
SM
MD
LG