Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:43

Депутаттар оюн автоматтарына тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө


Мындай демилгени сунуштаган Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновдун «Азаттыкка» билдиришинче, оюн автоматтарына тыюу сала турган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Алдыңкы жумада бул долбоор тиешелүү комитеттердин кароосуна жөнөтүлмөкчү. Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоор мектеп окуучулары менен жаш өспүрүмдөрдү кумар оюндарынан оолактатуу максатын көздөйт.

2010-жылдын 30-ноябрындагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2063 оюн автоматтарынын борборлору бар. Алардын 1439у Бишкекте жайгашкан. Казакстанда оюн автоматтарына тыю салынышы жана Орусияда чектөө киргизилиши Кыргызстанда мындай жайлардын саны өсүшүнө алып келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG