Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:09

"Крокустагы" теракттын курмандыктарын эскерүү мемориалы ачылды


Теракттын курмандыктарына арналган мемориал, 22-март, 2025-жыл.
Теракттын курмандыктарына арналган мемориал, 22-март, 2025-жыл.

Москва облусунда "Крокус Сити Холлдогу" теракттын бир жылдыгына карата анын курмандыктарын эскерүү мемориалы ачылды.

Концерттик залдын маңдайына кара граниттен жасалган такта орнотулуп, каза болгондордун аты-жөнү түшүрүлгөн. Орус маалымат каражаттары жана Телеграм каналдары жазгандай, гүл коюуга жана курман болгондорду эскерүүгө жүздөгөн адам келди.

Мунун алдында Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холлдогу" окуя боюнча иш тергелип бүткөнүн кабарлаган.

Былтыр 22-мартта "Крокус Сити Холлдун" имаратына төрт куралчан адам кирип, ок чыгарган. Кеминде 145 адам каза болуп, 551 адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында жашы жете элек алты бала болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, көбү өрттөн каза тапкан.

Ошол кезде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыздын - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

Кандуу калабага негизги шектүү катары алгачкы күндөрү Тажикстандын төрт жараны кармалган. Орусиянын коопсуздук күчтөрү аларды теракттан кийин 24 сааттын ичинде кармашкан. Кыйноо көргөнү сот залындагы айнек тосмонун ары жагынан даана көрүнгөн шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алганын орус бийлиги видеого тартып тараткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG