Орусиянын Коргоо министрлиги 23-мартка караган түнү Украинанын 59 дрону Орусиянын алты аймагынын, ошондой эле аннексияланган Крымдын үстүнөн жок кылынганын билдирди. Маалыматка караганда, алардын басымдуу бөлүгү Ростов облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Министрлик билдиргендей, Ростовдо 29, Астрахань облусунда 20 дрон жок кылынды, Волгоград, Воронеж, Курск, Саратов облустарында жана аннексияланган Крымда да зыянсыздандырылды.
Ростов облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Юрий Слюсардын айтымында, Морозовск-Цимлянск трассасында дрон чабуулунан улам унаа өрттөнүп, бир адам каза болду.
Астрахань облусунун губернатору Игорь Бабушкин дрон калдыктарынан автоунаа жана турак жай кыйраганын билдирди. Губернатордун айтымында, дрон чабуулуна облустун түндүк бөлүгү туш болду. Ахтубинск районунун администрациясы Телеграм-каналында дронду абадан коргонуу системалары жок кылганын кабарлады.
Волгоград жана Саратов аэропортторунда каттамдарды кабыл алуу жана учуруу бир нече убакытка токтотулгандыгы маалым болду.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков жекшемби күнү өзүнүн Телеграм-каналында машинеде кызы менен бараткан аял дрон сыныктары унаага тийип, анын кесепетинен каза болгонун жазды.
Жекшембиде "Интерфакс" агенттиги Краснодар аймагынын жергиликтүү бийлигине шилтеме кылып, өндүрүш имаратында өрт тутанганын жазды. Жабыркагандар жок. Бийлик имарат шаршемби күнү да чабуулга туш болгонун кабарлады.
Украин тарап Орусиянын бул билдирүүлөрүнө комментарий берген эмес. (AiA)
Шерине