Газа тилкесинин саламаттык сактоо кызматкерлеринин маалыматына ылайык, Израилдин түнкү жана бейшембинин таңындагы аба соккуларынан кеминде 85 адам каза болду.
Бир нече сааттан кийин ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму Израилге үч ракета атты, эч ким жабыр тартпаганы кабарланды.
Бул ракета чабуулу Израил армиясы шейшемби күнү Газаны күтүүсүз бомбалап, ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери биринчи жолу болду.
Израилдин аскерлери Газанын түндүк бөлүгүнө, анын ичинде Газа шаарына блокаданы кайра киргизди. Алар жергиликтүү тургундарга түндүккө кирип-чыгуу үчүн негизги трассаны колдонууга тыюу салып, түштүккө өтүү үчүн жээктеги жолду гана ачты.
Израил армиясы Газанын түндүгүндөгү дээрлик толугу менен кыйрап калган Бейт-Лахия шаарынын жанында жерде кошумча операция жүргүзүлөрүн жарыялады. Бул жакта соңку 24 сааттын ичинде ондогон адам каза болду.
Январь айында ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенден кийин жүз миңдеген палестин түндүктөгү үйлөрүнө кайтышкан.
Газанын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, шейшемби күнү эле 400дөн ашуун палестин, көбүнчө аялдар жана балдар каза тапты.
Израил аскерлери жакын арада чек арадан Жер Ортолук деңизине чейин созулган Нетзарим коридорунун толук көзөмөлүн кайра ала турганын жарыялады.
Израил ошондой эле Газадагы эки миллионго жакын палестиндер үчүн азык-түлүк, күйүүчү май жана гуманитардык жардамдын жеткирилишин токтотту. ЦАХАЛ ХАМАС учурда кармап турган 59 туткунду (алардын 35и өлгөн деп эсептелет) бошотмоюнча жана радикал топ Газаны көзөмөлдөөдөн баш тартмайынча операцияларын күчөтүүнү убада кылды.
Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик операциясынан 48 миңден ашык адам каза болгон.
Израил билдиргендей, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, согушкерлер 250дөй кишини барымтага алган.
Шерине