Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

"Саясий партиялар жок болот". Парламенттик шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Мында өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, анын ар биринде үчтөн депутат шайланат.

Жыйында депутаттарды шайлоо боюнча долбоор дээрлик үч жарым саат талкууланды. Анда азыркы шайлоо системасын кубаттап, ошону эле сактап калууну же партияга ыктаган мыйзам кабыл алууну сунуштагандар болду. Демилгечилерге бул шайлоо эрежесин эмне үчүн өзгөртүп жатышканын бир нече депутат сурап, авторлордун бири Улан Примов мындай жооп берди:

“Ушул жол менен барсак, депутаттын округу менен байланышы жакшыраак болот деп жаңы модел менен барып жатабыз. Себеби партиялык тизме менен шайланып келгенден кийин шайлоочулар менен байланышы үзүлүп калды деген сөздөр болуп жатпайбы. Эгерде көп мандаттуу округ болсо, кийинки шайлоо үчүн да даярдык көрүлүп, шайлоочулар менен байланыш болот деп жатабыз”.

"Элдик эмес, аймактык депутат болобуз"

Бул мыйзам шайлоодогу партиялык системанын түз катышын толугу менен жокко чыгарып, өлкө боюнча үч мандаттуу 30 округ түзүүнү шарттайт. Бирок саясий партиялар бир шайлоо округунан бир талапкер көрсөтүүгө укуктуу болуп калат. Ага карабай бир катар депутаттар бул өзгөртүү партиялык системаны толугу менен жок кыларын айтышты.

Депутат Улукбек Ормонов азыркы шайлоо системасы эң туура чечим болгон деген пикирде.

“Азыркы системада тизмеде 100-катардагы талапкер дагы көп добуш алса, утуп келе бермек. Партияга жана талапкерге добуш берүү эң сонун чечим болгон. Муну эмнеге четке кагып жатканыбыз боюнча жооп ала алган жокмун. Мамлекет өнүгүшү үчүн бир системага түшүүсү керек. Биз ары-бери секире берсек туура эмес болот. Азыр партиялык системага өтүшүбүз керек эле. Кыргызстан боюнча эл шайлап, элдик депутат болмокпуз. Азыр эми шайланган талапкерлер аймактык депутат болот. Өзү шайланып келген аймактын маселесин көтөрөт”, - деди Ормонов.

Бир катар депутаттар Ормоновдун пикирин кубаттап, азыркы системаны калтыруу зарылдыгын белгилешти.

Жаңы сунушталган долбоорго ылайык, шайлоо округдарында эң көп добуш алган талапкерлер жеңүүчү болуп табылат. Ал эми ар бир округдан бирден мандат аял талапкерлер үчүн бөлүнөт. Демилгечилер ушуну менен парламентте аял депутаттардын саны мыйзамда көрсөтүлгөн 30% жетпей жаткан көйгөйдү чечүүнү ниеттенип жатышат.

Депутат Арсланбек Эгембердиев мындайда көп добуш алган эркек талапкер өтпөй калып, аз добушу менен аял депутаттын келишин адилетсиздик деп мүнөздөп, депутат Нилуфар Алимжанова менен кайым айтыша кетти.

"Мыйзамда 30% квота деп жазылыптыр жана аны колдойбуз. Бирок айрым депутаттар бул жерге аялдар үчүн квота кирбеши керек деп жатышат. Ал туура эмес да. Аялдар социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп жатат. Шайлоого катышкандардын да көбү аялдар", - деди Алимжанова.

"Азыркы долбоор боюнча шайлоо округунда биринчи орунду алган эркек 15 миң, экинчиси 13 миң, үчүнчүдөгүсү 11 миң добуш алган болсо, аялдардан бирөө 100 добуш алып, парламентке келбесин деп жатам. Элдин нааразылыгы ушунан башталат. Элдин ага добуш бербегенинин жообу ошол", - деди Эгембердиев.

"Күрөөлөрдүн айынан партиялар жок болот"

Долбоордо шайлоо күрөөлөрүн көбөйтүү боюнча да сунуш бар. Мисалы, өзүн-өзү көрсөткөн талапкер азыркы мыйзамда 100 миң сом күрөө төлөшү керек, жаңы сунушта бул сумма 300 миңге көбөйүп жатат. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон, 9 миллионго көтөрүлөт. Бул күрөөдөгү каражаттар саясий партияларга да, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге да кайтарылып берилбейт.

Депутат Балбак Түлөбаев көбөйтүлгөн күрөөнүн айынан саясий партиялар жок болушу мүмкүн экенин айтты.

“Саясий партиялар 9 миллион сомду эмес, 1 миллион сомду араң табабыз. Бул саясий партияларды өлтүрүү деген сөз. Чоң, бай саясий партиялар келет дагы, майда партиялар шайлоого катыша албай калат дегендик. 300 миң сом дагы аймакта жашаган жарандар үчүн кыйын, анын да баасын түшүрүү керек”.

Демилечилер мындай өзгөрүүнү талапкер болуп катталып, кийин баш тартып кеткендерди азайтуу жана башка талапкерлер менен соодалашууга мүмкүндүк бербөө үчүн киргизгенин айтышууда. Буга кошумча талапкер болом деген жаранды документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырардан мурун мекеменин эсебине күрөөнү которушу керек.

Демилгечилер саясий партиялардын күрөөсү өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге каралган сумма менен пропорцияланып, тагыраагы, 300 миң сомду 30 округга көбөйтүп, 9 миллион деп бекитилгенин түшүндүрүштү. Партия канча округдан катышса, ошого жараша күрөө төлөйт.

"Үгүтчүлөрдү көбөйтүү - "мыйзамдуу добуш сатып алуу"

Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрүн 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүү сунушталып жатат. Депутат Камила Талиева бул “мыйзамдуу добуш сатып алуу” болорун айтты.

“Мисалы, акчалуу киши чыгып, миң үгүтчүгө айлык берип коёт. Элге кызмат кылган киши калып эле ал миң үгүтчү менен жеңип келе берет. Мунун экинчи тарабы бар. Мен ушул шайлоодо бир дагы үгүтчү алган жокмун. Эгер сен элге иштесең, ар бир үй сага үгүтчү болуп берет. Ушул үгүтчүлөрдү такыр эле алып салбайлыбы?”.

Примов үгүтчүлөр жаңы чыгып жаткан саясатчыларды элге таанытууда маанилүү экенин айтты.

Бир округда 140 миңдей шайлоочу болот

Азырынча 30 шайлоо округу аймак боюнча кандай бөлүштүрүлөрү так эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, учурда өлкө боюнча 4 миллион 188 миңден ашуун шайлоочу бар. Аны 30га бөлгөндө 140 миңге жакын болот. Ошентип бир шайлоо округу 140 миңге чейинки шайлоочунун эсеби менен аныкталат.

“Алсак, Баткен облусу боюнча 347 мин 849 шайлоочу бар. Облус боюнча бөлүнгөн 140 минге чейинки шайлоочулардан ашканы Ош облусундагы округдарга кошулуп калат”, - деп түшүндүрдү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдана Жупуева.

Жыйында округдарда кайра шайлоо өткөрүүнү калтыруу, бюллетенде бир эмес үч талапкерге добуш берүү, депутатка Жогорку Кеңешке эки гана чакырылышта иштей тургандай чек киргизүү сыяктуу сунуштар айтылды.

Өзгөрө берген шайлоо системасы

Азыркы учурда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы иштеп жатат. Буга чейин парламенттеги депутаттардын саны, алардын шайлоо системасы да бир нече жолу өзгөргөн.

Мисалы, Жогорку Кеңештин алгачкы чакырылышы болгон эки палаталуу парламент – Мыйзам чыгаруу жыйыны (35 мандат) жана Эл өкүлдөр палатасы (70 мандат) болуп турган. Андагы 105 депутат бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча шайланган.

2000-2005-жылы иштеген Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышында деле 105 депутат болгон. Бирок палаталардын сандык курамы өзгөргөн. Анда Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр палатасы 45 депутаттан турган.

2005-жылдагы жараян бир мандаттуу шайлоо системасы менен эле өткөн. Талапкерлерди саясий партиялар чыгарган. Бирок андагы шайлоонун жыйынтыгы Аскар Акаевдин бийлигинин кулашына себеп болгон, парламент курамы өзү 2007-жылы мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

2007-жылы 16-декабрда болгон шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстанда биринчи жолу партиялык тизме боюнча шайланган IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган. Мандаттардын көбү Курманбек Бакиевге таандык делген "Ак Жолдун" шыбагасына тийген эле. Аталган чакырылыш 2010-жылдагы Апрель окуясынын натыйжасында өз ишин токтоткон.

2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга ыктап, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Андагы шайлоого 29 саясий партия катышып, алардын бешөө жеңген.

2015-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоо да ушундай эле система менен өткөн. Анда 120 мандат алты саясий партияга бөлүнгөн.

2020-жылы бийлик алмашканда, Конституция өзгөрүп, парламенттик башкаруу жарабаган система катары жокко чыгарылып, Кыргызстан президенттик башкарууга бет алган. Ошондо депутаттардын саны 120дан 90го кыскарып, аралаш система менен шайлоо өткөн.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мыйзам боюнча айтылып жаткан пикирлерге байланыштуу комментарий берип, долбоор президент менен макулдашылганын айтып, кезексиз шайлоо өтпөй турганын белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG